АТА-ЭНЕ МЕНЕН БАЛАГА БАКЫТ ТАРТУУЛАГАН БОРБОР

Каардуу хандын да, жырткыч жаныбардын да жүрөгүн элжиреткен – балдар. Ата-эне баласынын ден соолугу жана анын жылмаюусу үчүн баарына даяр. Наристеси кичине эле сыркоолоп калса ата-эненин жүрөгү ооруйт. Ал эми жеткинчек сүйлөй албаса, укпаса, кекеч болсо, өз оюн так билдире албаса – бул ата-эне үчүн чоң кайгы. Мына ушундай учурда балдарга жардам көрсөткөн борбор тууралуу алдыда сөз кылабыз.

13 ЖЫЛДАН БЕРИ ЭЛДИН КЫЗМАТЫНДА

Учурда ден соолугу начар болуп төрөлгөн балдардын саны өсүүдө. Натыйжада “угуусу, сүйлөөсү начар, акыл-эси кеч өөрчүгөн балдарыбызга кантип жардам беребиз?” деп суроо салган ата-энелер арбын. Билим берүүнүн отличниги Гүлнара Ногойбаева жетектеген Сүйлөөнү жана угууну өнүктүрүү борбору 13 жылдан бери кыргыз элине кызмат кылып келет. Бул аралыкта ал жүздөгөн балдарга жардам берип, алардын ата-энелеринин жүздөрүнө жылмаюу тартуулай алды. Аталган борбор балдардын угуу жана сүйлөө жөндөмдөрүнө жардам берүү менен бирге Даун жана аутизм синдрому менен жабыркаган балдарды дагы окутуп келишет. Бул жерде окуган балдардын ата-энелери мугалимдерге ыраазычылык билдирип, Гүлнара Ногойбаеваны 15-апрель туулган күнү менен куттукташты.

“2 АЙДА ОЮН ТАК АЙТУУГА ҮЙРӨНДҮ”

– Уулум Эмирдин сүйлөөдө кемчиликтери бар болчу, өзүнүн оюн так жеткире алчу эмес. Көптөгөн логопеддерге алып бардык, бирок эч кандай натыйжа болгон жок. Кийин тааныштардан аталган борбор тууралуу маалымат алып, уулумду алып келдик. 2 айдын ичинде сүйлөгөн сөздөрү жакшырып, өзүнүн оюн так жеткирүүгө да үйрөндү. Бул ийгиликке борбордун окутуучуларынын эмгеги зор. Балдарыбыздын бекем ден соолукта, бактылуу балалыкта жашоого мүмкүнчүлүк түзүп жатканы үчүн борбордун директору Гүлнара Жеңишбековнага рахматымды айтам. Гүлнара айымды өздүк майрамы менен куттуктап, жеке жашоосуна ийгиликтерди каалайм. Ден соолугу бекем болуп, дагы миңдеген балдарга жана анын ата-энелерине жылмаюу тартуулап жүрө берсин. Көптөгөн балдарга жардам көргөзүп жатканы үчүн Гүлнара Жеңишбековнаны мамлекеттин ардактуу атуулу деп атасак да жаңылышпайбыз.

Айгерим

“АТАЛГАН БОРБОР БИЗГЕ ҮМҮТ ТАРТУУЛАДЫ”

– Балам аталган борборго келгенге чейин акыл-эси кеч өөрчүп, аутизм менен жабыркачу. Бул жакта иштеген окутуучулардын жардамы менен уулум коррекциялык мектепке 1-класска барып, окуп баштады. Баламдын оорусун алгачкы жолу укканда, мен үчүн бүт дүйнө кыйрагандай болгон. Аталган борбор жашоонун татаал сыноосунан чыгууга мүмкүн экенине үмүт тартуулады. Албетте, азыр балам идеалдуу деп айта албайм. Бирок бул жакка келгенден кийин бир топ өнүгүү болду, учурда ден соолугу жакшы. Гүлнара Жеңишбековнанын туулган күнү менен куттуктап, карьералык өсүү каалайм. Гүлнара эжебизге окшогон айымдар коомдо көп болсун деп тилейм.

Айсулуу



“КЕСИБИН МЫКТЫ БИЛГЕН АДИСТЕР ИШТЕШЕТ”

– Уулум Ислам кээ бир тыбыштарды так айта албай, сүйлөгөндө кыйналып кетчү. Аталган борборго келгенге чейин көптөгөн логопеддерге алып барып көргөздүм, бирок эч жылыш байкалган эмес. Ал эми бул жерди менин балам алгачкы келген күндөн баштап эле жактырып калды. Себеби бул жакта иштеген адамдар балдар менен тил табыша билген, өз кесибин мыкты өздөштүргөн адистер экен. Мугалимибиз Гүлүм Болотбековна сүйлөөсүн жакшыртып, мурда айта албаган тамгаларды, тыбыштарды айтканга үйрөттү. Бул жамаатты жетектеген Гүлнара Жеңишбековнаны өздүк майрамы менен куттуктап, чын жүрөгүмдөн бекем ден соолук, узун өмүр каалайм. Турмуштагы бардык кыйынчылыктарды жеңип, улам жаңы бийиктиктерди багындыра беришине тилектешмин.

Нургүл


Гүлнара Женишбековна!
Туулган күнүңүз менен! Сиз ат көтөргүс оор жүктү аркалап келесиз, биз сизге таазим этебиз, ар дайым бар болуңуз, аман болуңуз, ушундай эл сүймөнчүлүгүнө ээ болуп жүрө бериңиз!

Ата-энелердин атынан



Тел.: 0556825961, 0557 900 940, 0554 825 962, www.logoped.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
karona12
2019-04-22 19:48:02
Супер инфо силерден сураныч детдомдон кантип бала багып алыш керек,дегеле кандай жолдор менен ушул тууралу материял даярданыздарчы.
0
admin_portal
2019-04-23 15:23:46
karona12, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
№ 859, 18-24-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан