ТӨКМӨ АКЫН ЖЕҢИШБЕК ЖУМАКАДЫР ТУН КЫЗЫН ТУРМУШКА УЗАТТЫ

20-мартта борбор калаабыздагы ресторандардын биринде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр тун кызы Кереметти турмушка узатып, күйөө балалуу болду. Жеңишбек мырза кызы менен күйөө баласына бата алуу үчүн 500дөн ашуун конок чакырган экен. Тойго акындар, ишкерлер, ырчылар жана башка белгилүү инсандар, ошондой эле акындын жакындары, кудалары келишти. Төкмө акындын алгачкы жакшылыгына биз дагы барып, тойдогу кызыктуу учурларды «илип» келдик.


Блиц-маек

Жеңишбек Жумакадыр:
«КУДАЛАРГА КЫЗЫМДЫ ЖЕТЕЛЕП КЕЛГЕН МААЛДА КӨЗҮМӨ ЖАШ ТЕГЕРЕНИП, ТОЛКУНДАНЫП, ИЧИМ АЧЫШТЫ»


Бир чети кызын узатып ичи ачышып, бир чети «келген коноктор жакшы отурушабы?» деп түпөйүл тартып турган той ээси Жеңишбек Жумакадырды антракт учурунда кепке тарттык:

– Жеңишбек мырза, тоюңуздар кут болсун! Аймончоктой кызыңызды турмуш жолуна узатып, толкунданып жатасызбы?

– Рахмат! Толкундануу абдан күчтүү болуп жатат. 3 күндөн бери кызыбызды бактылуу болсун деп турмуш жолуна узатып жатабыз. Ырдап, сүйлөп жүргөн киши болсом деле айтарга сөз таппай жатам. Өзүңүздөр көргөндөй, киши көп келди. Ошолордун батасы тийип, эң негизгиси, эки жаш бактылуу болсун деп турабыз.

– Кызыңыз Керемет тууралуу айта кетсеңиз.
– 5 баламдын улуусу Керемет. Андан кийин 17-18 жашка чыгайын деген 2 кызыбыз, 11 жана 4 жаштагы 2 уулубуз бар. Керемет Ататүрк-Ала-Тоо университетинин англис тилинен синхрондуу которуу бөлүмү боюнча билим алып жатат. Буюрса, быйыл аяктайт. Керемет окуу менен бирге ишти айкалыштырып, жергиликтүү радиолордун биринде иштеп жүрдү. 4 тилде эркин сүйлөйт.

– Кызыңыз кечээ эле төрөлүп жаткандай болуп жатабы?
– Керемет Москва шаарында, биз студент кезде төрөлгөн. Өзүм багып, сүт, памперс ташып метродо жүргөн кездерди эстеп күлүп жатабыз. Баары кечээ эле болгондой. Бүгүн болсо минтип турмушка чыгып, сүйүнтүп жатат.

– Залда отурган курсташтарыңыздын көбү кыргыз элине таанымал актёрлор экен. Алар «Кереметти биз бакканбыз» деп бир ооздон сыймыктанып айтып жатышат...
– Мен актёрлукту бүткөм да. Атактуу актёрлордун баары студент кезде Москвада Кереметти көтөрүп, бул жакка келгенде да багып жүрүштү. Алар да менден өтүп сүйүнүп, толкунданып жатышат.

– Кыз бала атасына жакын болот дешет...
– Кызым мага жакын чоңойду. Досторумдун баары кызын турмушка бергенде ыйлашкан. Анан азыр баары мени карап жатышат. «Сен качан ыйлайсың дешип. «Мен ыйлабайм» деп өзүмдү карманып жатам.
Кечээ кудаларга кызымды жетелеп келген маалда көзүмө жаш тегеренип, толкунданып, ичим ачышты. Башка бирөөлөрдүкү көзүңө оңой көрүнөт да. Ал эми өзүңдүн башыңа келгенде башкача сезимдер болот экен.

– Күйөө балаңызды мурда таанычу белеңиз?
– Күйөө балам Арген Таластын Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл- Октябрь айылынан болот. Ал дагы үйдүн улуусу экен. Мурда сыртынан таанычумун. Кийин кудалар архивди казышып, күйөө баламдын кичинекей кезинде мени менен түшкөн сүрөтүн таап чыгышты. «Тагдыр мурда эле бизди байлап койгон окшойт» деп айтып жатам. Арген Түркия, Египеттен билим алган, чет тилдерде эркин сүйлөйт. Кызым менен күйөө балам өткөн жылдын ноябрь айында таанышыптыр. Аларды сабак берген мугалимдери тааныштырган экен. Кийин кызым биз менен тааныштырды.

– Азыр көпчүлүк эле ата-энелер калың алып, сеп бербей, анын ордуна жаштарга белек берип калышпадыбы. Сиздерде кандай болду?
– Аралаш болду десек болот. Ырым кылып кыргыздын салты менен калың алып, сеп бердик. Бирок соодалашкан жокпуз.

– Кызыңыз бактылуу болсун!

Асхат Субанбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр тун кызын турмушка узатты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
tavanova.sarah
2019-04-29 14:53:19
Озу "ысырапкорчулук" деген посторду катарма катар жазатда, анан кайра дунгуротуп той бериптирго))
А так тушунобуз. Бул агабызда барып жургонда. Эми ошолор кайра келип отуруп
500го жетиптирда)
Бактылуу болушсун!
+5
ulua
2019-04-29 22:31:30
tavanova.sarah,тойду бул киши берген жок да, болгону кызын узатты.
-2
SIMA_kg
2019-04-30 01:17:55
tavanova.sarah,Сенин ишин эмне?
-7
Nursaryshka
2019-04-30 01:11:34
бактылуу болунуздар
+4
cholpon.kushakova
2019-05-01 01:38:55
Бактылуу болушсун
0
№ 860, 25-апрель - 1-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан