Кыргыз Республикасынын Эл артисти актёр Мукамбет Токтобаев мындан 4 жыл мурун 68 жашында автоунаа сүзүп каза тапкан. Аны 46 жыл чогуу жашаган жубайы, актриса Жандат Жаманбаева эскерип, эл билбеген сырларын айтып берди. “Карыганда жалгыз калган жаман экен” деген Жандат апа агайдын буга чейин айтылбай жүргөн түйшүктүү балалыгы, үй-бүлөлүү болуп туруп ага үйлөнгөнүн ачыктады.
“ҮЙ-БҮЛӨСҮ БАР ЭЛЕ”
– Мен 1967-жылы 10-классты Чүй районунун Алчалуу орто мектебинен бүтүргөм. Таенемдин колдоосу менен Орусиядагы театралдык искусство институтуна (ГИТИС) тапшырып, ошол жактан билим алдым. Жолдошум Мукамбет Токтобаев да мени менен бирге институтта окуп, ошол жактан мамилебиз башталган.
Биринчи жолу Мукамбетти окууга баратканда поездден көрдүм. Тоголок, эки бети кызыл болгон бала вагондо мандаш токунуп отуруп, комузду колунан түшүрбөй какылдап ырдап барган. Жанымдагылардан анын үй-бүлөлүү, баласы бар экенин угуп, көңүл бөлгөн эмесмин.
“АТА-ЭНЕСИ БАР ТУРУП ЖЕТИМ КАЛГАН”
– Мукем көп сүйлөбөгөн, батымы жок адам эле. Көрсө, анын бала кездеги тагдыры оор болуп, ата-энеси бар туруп жетимчилик турмушту көрүптүр. Өгөй атасына батпай же өгөй энеге жакпай таякелеринин колунда чоңойгонун айтчу. Балалык күндөрүн эскерип отуруп кээде ыйлап калчу, ал ыйласа ага кошулуп мен да ыйлайт элем.
Мукем эки окуяны көп айтчу. Бирөөсү, таятасы тигип берген бут кийими жөнүндө. Таятасы өгүздүн терисинен бут кийим ултарып, тигип берген экен. Ал жаанга тийгенде мурду кайкалап, экинчи жылы тар болуп калат. Кайра тигип бер деп айта албай, тар бут кийим менен жүрө берчү тура. Ошондон улам бутунун бармактары бүгүлүп турчу.
Дагы бир окуясы, мектепке балдар нан көтөрүп барып жешчү экен. Элдин балдарындай нан алам десе таенеси тандырга жапканда куюлуп түшкөн же күйгөн нандарды берип койчу экен. "Анда күйүк же күл болгон нан жеп жатам деп деле ойлочу эмесмин" дечү. Бир жолу балдар кырка болуп мектептин маңдайында тизилип нан жеп жатышыптыр. Таятасы ат менен келатып аларды көрүп, “танаписке чыктыңарбы?” деп гана кетип калат. Мукамбет сабактан үйүнө келсе таенеси төшөктө жатыптыр. Көрсө, таятасы “баладан бир сындырым наныңды аяйсың” деп укуругу менен кемпирин сабаган тура. Андан кийин мектепке жакшы нанды берип, күйгөн нандарды үйдө жеп калгам деп эскерчү. Мына ошол нерселердин таасириненби, жолдошум төгүлүп-чачылып сүйлөбөгөн адам болуп өсүп калса керек.
“АЛГАЧ КЕЛИНЧЕГИ, АНАН МЕН ТӨРӨДҮМ”
– Мукем алгач мага сөз айтып калганда мен бой кишимин, сенин үй-бүлөң бар, балаңдын убалына калгым келбейт деп жүрдүм. “Мен жалгыз уулдун жалгыз баласымын. 19 жашымда атам аял ал деп, тааныш кызга үйлөнткөн. Анда сүйүү эмне экенин түшүнбөй үйлөнүп алыптырмын. Ал үчүн мени күнөөлөбө. Сени менен жашаймынбы, башка мененби, баары бир аны менен ажырашам” деп туруп алды. Ал кезде ортосунда бир уулу бар болчу. Ошентип сүйүүгө баш ийип, 1969-жылы баш коштук.
Келинчеги ошол учурда жаман абалда болчу, аны сезип эле турдум. Ким эле уруш-чатагы жок басып кеткиси келсин, ортодо баласы турса анын деле ажырашкысы келген жок. Бирок каникулдарда Мукем ага барып турчу, мен эч нерсе дей алган эмесмин. Анткени ал мыйзамдуу жубайы болчу.
Көп өтпөй келинчеги экинчи ирет уул төрөдү. Андан 11 айдан кийин мен уулдуу болдум. Жолдошум жалгыз болгонуна кейип, бир туугандарым болсо деп аттиң кылар эле. Кийинчерээк балдарыбыз төрөлүп, очор-бачар болгондо "биз экөөлөп сени көбөйтүп жатабыз" деп тамашалап калчумун.
Расмий түрдө биринчи жубайы менен ажырашканда эки уулун биз колубузга алдык. Улуусу кайната-кайненемдин колунда чоңойду, экинчиси Даниэль атасынын жолун жолдоду. Аны мен 3 жарым жашынан баккам. Өз уулумду эки айында таенесине берип, окууга кеткен элем. Даниэль келгенде эмчегимди кармалап эме берчү, ошондо кадимкидей сүт чыгып, эмизип жүрдүм.
Ошентип Даниэлди өзүбүз үйлөнтүп-жайланттык. Ал Ленинграддагы театралдык окуу жайды бүтүрүп, Арсен Өмүралиев атындагы Жаштар театрында иштеп жүргөндө, 25 жашында каза болуп калды. Уулу каза болгондо Мукем аябай сынган.
“МЕН ДЕЛЕ АЯЛДЫК КЫЛЫП АНЫ ТЕСКЕСЕМ АЖЫРАШЫП КЕТМЕКПИЗ”
– Мукамбет эркекчилик, тентектик кылбай койгон жок. Ичти, жүрдү, турду. Ал ар бир эркек кыла турган иш. Ошондой болсо да биз бири-бирибизди түшүнүп, кечиришип жашадык. Биздин үй-бүлө ошон үчүн сакталды деп ойлойм. Мен деле жеңилдик кылып, аялдык кылып тигини карап койдуң, муну менен жүрүп кеттиң деп тескесем ажырашып кетмекпиз. Аны өтө жакшы көргөнүм үчүн баарына чыдадым. Анан да намыстанчумун, “ошентип үйлөнүп, анан ажырашып кетти” деген сөздөн коркчумун. Экөөбүз баш кошуп, мен кош бойлуу кезимде апама биринчи жолу келгенбиз. Ошондо апам “балам, өзүң билип иш кылдың, кийин өкүнүп мага даттанып келбегин, көз жашыңды көрбөйүн” деди. Мукеме болсо “бактылуу болушуңарды гана каалайм. Акылдуу болгула” деп ашыкча сөз да айткан жок. Апамдын ошол сөзү өмүр бою жүрөгүмдө калды.
Жолдошум менен 46 жыл бактылуу жашадык. Анын элде жок эмгекчилдигин, чынчылдыгын, айткан сөзүн так аткарган сапаттарын баалачумун. Анан да ал жасалмалуулукту жаман көрчү. Театрда жасалма ойногондорду көрсө кадимкидей кызаңдап "буларды эл атайын тыйын төлөп көрүп жаткандан кийин көрүүчүлөрдү сыйлап коюшпайбы" деп капаланып кетчү.
Мукем сыйдын үстүндө кетти. “Төгүлгөн аяк толбойт, толсо да ордундай болбойт” демекчи, театр талантсыз болбойт, жаштар өсүп келе жатат. Бирок булардын орду толбой калды. Мукем, Дүйшөн Байдөбөтов, жаш болсо да Марат Козукеев кайтыш болду, Замир Сооронбаев көзү тирүү болсо да сахнага чыга албай калды. Бара-бара театрдын оор жүгүн көтөргөн аксакалдардын саны суюлуп баратат.
“КАРЫГАНДА ЖАЛГЫЗ КАЛГАН ЖАМАН ЭКЕН”
– Мукамбетти унаасы менен сүзгөн бала деле атайын кылган жок. Бул Кудайдын иши. Түгөйүмдөн ажырап, жерге берип жоктоп отуруп калганда баланын ата-энеси үйдү айланчыктап кетпей коюшту. Сүйлөшөлү деп ортого адам салышты. "Сүйлөшкөндө эмне, мен баарына макулмун, Мукемди тирилтип бергиле. Силердин балаңар тирүү, “жер караганча жол караган жакшы” дейт кыргызда. Жол карап турсаңар, уулуңар 5-10 жылда келип калат" деп айттым. Ата-эне бала үчүн баарына барат экен да, ботодой боздоп үйдөн кетпей туруп алышты. Миң кааласаң да өлгөн адамды кайтарып ала албайт экенсиң. Ошондуктан тосмо арыз жазып, баланы бошотуп бердик.
Тагдырым ушундай болуп калса да, Мукеме жолукканыма ыраазымын. Экөөлөп көбөйтүп жатып жолдошум экөөбүз 4 эркек,
1 кыз, 13 небере, 5 чөбөрө, 3 жээн неберелүү болдук. Бирок канчалык бала көп болбосун, ар биринин өз үйү, тиричилиги бар экен. Карыганда жалгыз калган жаман экенин башыма келгенде түшүнүп жатам. Кыргыздар “отуз уулуң болгончо осурак чалың болгон жакшы” деп бекеринен айтпайт тура. Азыр мен Мукем менен чайлашып, сүйлөшүп отурганга зармын.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg