САХНАДА ЭМОЦИЯСЫН ЖАШЫРА АЛБАГАН ЖЕННИ

1 сутка ичинде «Kill This Love» ырына тартылган клипти 50 миллионго жакын адам көрүп, көрүүлөр боюнча рекорд койду. Ушул эле ыр 30дан ашуун мамлекеттин музыкалык чарттарында лидерликти бербей келет. Апрель айы музыка дүйнөсүндө ушундай будуң-чаң салган түштүк кореялык «BlackРink» тобу болду. Ал эми топтогу Женни К-рор топторундагы кыздардын арасынан апрель айындагы эң популярдуу бренд аталды. Женни + рэп. Эмне үчүн рэп? Алдыда Женнинин дүйнөсүнө саякат.


ЖЕННИ КИМ
Туулган жылы
– 1996-жыл, 16-январь
Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары
Үй-бүлөдө – жалгыз кыз
Лейбл – YG Entertainment
Топто – рэпер, ырчы
Ойногон музыкалык аспаптары – флейта, фортепиано


«BLACKРINK’ке» ЧЕЙИН...
Аэропорт. Учак. Сеул-Веллингтон (Жаңы Зеландия). Учактын ичинде 10 жаштагы секелек кыз тааныш эмес мамлекетти багынтканы баратат. Мындан 1 жыл мурун ата-энеси менен саякаттап Австралия, Жаңы Зеландияны кыдырып жүргөндө апасы «сага кайсы мамлекет жакты?» деп сураган эле. Кооз жерлерге суктанган кыз «Жаңы Зеландия» деп жооп берген. Кийинки жылы эле «сен мыкты адвокат же мугалим болосуң. Чет өлкөдөн билим ал» деген ата-эне кызын учакка салышты. Бул секелек кыз болочоктогу көпчүлүккө айдол болгон Женни эле. Андан кийинки жашоосу тууралуу ырчы: «Мен Жаңы Зеландияда 4 жыл окудум. Ата-энем Кореяда эле. 14кө чыкканымда апам АКШнын Флорида штатына көчүп барышым керектигин айтты. Көп өтпөй биз ал штатка барып, мен окуй турган мектепти, жашай турган үйүмдөн бери көрдүк. Ошол учурда ал жакта жашагым келбей турганын сездим. Мен эмнени каалап жатам деп ойлодум. Анан күтүүсүздөн эле «Музыка менен алектенгим келет. Апа, мен каалабаган мектепте окугуча, мекениме барып, өзүм сүйгөн нерсеге аракет кылып көрөйүнчү» деп салдым. Таң калычтуусу, апам мени колдоду. Мына ошентип менин музыка менен жуурулушкан жашоом башталды»,- дейт.


ЭМНЕ ҮЧҮН РЭП?
2010-жылы YG Entertainment компаниясынын эшигин каккан Женни Ким ал учурду мындайча эскерет: «Жаңы келгенимде стажёрлордун арасынан англис тилин жакшы билген мен эле болчумун. Бизге К-рор ырларынан кавер аткаруу боюнча тапшырма берилген. «Сен англисче бат сүйлөй аласың» деп мени рэп айта турган бөлүккө кошушту. Жок дей албайсың да. Макул дедим. Рэп окуп баштадым. Дароо жакты... Ошентип, рэпер Женни жаралды».


МУЗЫКА ДҮЙНӨСҮНДӨ ТОСУП АЛГАН ХЕЙТЕРЛЕР
Экранда так секире бийлеп, ырдап, көпчүлүктү суктандырып келген Женниге дароо эле ийгилик жылмайган эмес. 2012-жылы компания Женнинин алгачкы видео-практикасын элге көрсөткөн. Бирок көпчүлүккө анын аткаруусу жакпай, ырчы сын-пикирлердин толкунунда калган. Ошол эле жылы белгилүү корей музыканты
G-Dragon’дун «That XX» клибинде башкы каармандын ролун жаратат. Бирок хейтерлерге бул да жакпай, ага карата негативдүү комментарийлердин саны өскөн.
2013-жылы компания кайрадан ырчынын видео-практикасын көпчүлүктүн назарына салган. Ошондо гана ырчынын аткаруу чеберчилиги өскөнүн, аракет кылып иштеп жатканын айтып колдогон күйөрмандар пайда болгон. «Канча жыл күнүүнү тынбай эмгектенесиң. Кыйналасың. Анан жыйынтыгында хейтерлер сени бир мүнөткө жетпей «талкалап» салышат. Канчалаган стажёрлор ыйлаган боюнча кеткенин көрдүм. Аларды көрүп, «жок, мен багынбайм» дедим»,- дейт ырчы.


«BLACKРINK» ЖАНА ИЙГИЛИК
2016-жылы «BlackРink» тобу түзүлүп, топтогу эң биринчи ырчы катары Женнинин аты аталган. Көп жылдык аракеттен кийин эл алдына чыккан 4 ырчы кызды сөзсүз ийгилик коштошу керек эле. Мына, көптөн күткөн дүйнөлүк атактуулук чөнтөктө. Учурда топ АКШ, Европа мамлекеттеринде турне менен жүрүшөт жана кайда барбасын стадион толо эл. «Бул биз кыялдана албай турган нерсе болчу» дешет кубанычын жашыра албаган кыздар.
2018-жылы топтогу кыздардын арасынан эң алгач Женниге жеке ырчы катары ырдап чыгууга мүмкүнчүлүк берилип, ырчынын «Solo» ыры 40 мамлекетте iTunes’та биринчиликке жеткен. Ал эми бул ырга тартылган клипти 1 сутка ичинде 14 миллиондон ашуун адам көрүп, Түштүк Кореядагы жеке ырчы кыздардын арасында рекорд койду. «Сахнага чыкканда эмоциямды башкара албай калам. Ырдап бүткөндөн кийин түрдүү эмоциядагы өзүмдүн сүрөттөрүмдү көрүп каткырам. Жасалма боло албайм, ошон үчүн да күйөрмандар менен байланышыбыз күчтүү болсо керек» дейт Женни.


ЭКРАН АРТЫНДАГЫ ЖЕННИ
«Асманды, булуттарды тартканды жактырам» деген Женнини көпчүлүк убакта фотоаппарат менен көрүүгө болот. Андан сырткары мода дегенде ичкен ашын жерге коёт. «Мурда модага эмнеге кызыкпаганымды билбейм. Учурда ар кайсы мамлекет тууралуу маалыматтарды көп окуйм. Ар бир улуттун өзүнүн кийинүү стили бар, бардыгы кызык. Көрүп жаткан кинолордогу каармандардын кийимине да кызыгам. Өзгөчө «5-элемент» тасмасындагы актёрлорду кийинткен дизайнер Жан Поль Готьенин талантына баа берем. Мурда апам эски модадагы кийимдерди сатып берсе жиним келчү. Азыр апамдын гардеробун аңтарып, каалаган кийимимди кийип кетем» дейт ырчы. Женнинин кийинүү стилин туураган күйөрмандардын саны миңдеп саналат, балким, миллион...
Канчалаган мода бренддеринин жүзү болгон бул сулуунун жүрөгү бошпу? 2018-жылдын октябрь айында Кореядагы атактуу «EXO» тобундагы Кай менен кыз-жигит экендигин эки ырчынын агенттиктери тастыкташкан. Бирок бул мамиле көпкө узабай, 2019-жылдын башында түгөйлөр эки башка жолго түшкөн.


Урматтуу К-рор күйөрмандары, мындан ары «Супер-Инфонун» ар бир санынан корей жылдыздары тууралуу кызыктуу маалыматтарды окуй аласыз. Кайсы жылдыз жөнүндө окугуңуз келсе, гезиттин Инстаграмдагы super_info_official расмий баракчасына сунушуңузду жазсаңыз болот.


Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
vikidiki
2019-04-29 09:54:49
Мага жагат. Сырткы он-келбети, уну элден башкача, озгочо.
+4
№ 860, 25-апрель - 1-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан