АКШнын Висконсин штатынын тургуну, терапевт Стив Руппель рекорддук көрсөткүч жаратуу үчүн «Капитан Марвел» тасмасын көрүүгө 233 саат убактысын арнаган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, аталган тасманын премьерасы 7-мартта болгон. Аны көрүү үчүн Стив кинотеатрга 116 жолу барган. “Мен жумуштан суранып, же болбосо түштөнүүгө кеттим деп тасманы көрүп келип жаттым. Тасманы бир күндө 7 жолу көргөн күндөрүм да болду. Тасманы көрүүдөн тажаган жокмун. Сатып алган билеттеримди сактап койгом. Ар бир барганымды тастыктап берчү күбөлөр да бар. Мен рекорд жаратканды жактырам. Буга чейин бир учурда бир нече футболка кийүү боюнча марафонго катышып, жарым финалга жеткем”,- дейт.
Белгилей кетсек, «Капитан Марвел» тасмасы прокатка чыккан алгачкы дем алыш күндөрү эле 455 миллион доллар тапкан.
Дамира Арстанова
koom@super.kg