Конголук волонтёр Матье Шамаву Вирунго улуттук паркындагы иш учурундагы сүрөтүн социалдык тармактагы “Браконьерлер менен күрөшүү” группасына жүктөп, астына “жөнөкөй иш күндөрдүн биринде” деп жазган. Аталган сүрөт аз убакыт ичинде 25 миң “жакты” белгисине ээ болуп, 20 миң колдонуучу тарабынан башка социалдык тармактарга бөлүшүлгөн. Ал тургай колдонуучулар аталган сүрөткө “Жылдын селфиси” деген наам ыйгарышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Сүрөттөн Матье менен атайын адамга окшоп туруп түшкөн эки горилланы көрүүгө болот.
Вирунго улуттук сейил багынын расмий сайтынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө аталган жайда жоголуп бараткан жаныбарларды коргоо боюнча 600дөй волонтёр иш алып барат.
Дамира Арстанова
koom@super.kg