Кыргыз шоу дүйнөсү
"Тагдыр" же "Жок, жок" деген ырларды угуп, клибин көрдүңүз беле? Көрсөңүз кыргыздын “ВИА Гра” тобу го деген ой келсе керек. Жок, жок, бул “ВИА Гра” эмес, кыргыздын “Импульс” тобу. Топтун аты айтып тургандай эле кыздар ырлары жана келбети менен көрүүчүнүн, күйөрмандардын жүрөгүн дүкүлдөтсүн деп ушул атты коюшкан.
“ИМПУЛЬС” ТОБУ ТУУРАЛУУ...
Топтун продюсери
Тынчтыкбек Кожобеков:
– “Кыргыз шоу-бизнесине эмне жетишпейт?” деген суроого “SONUN MUSIK" компаниясынын мүчөлөрү Назира Асанкожоева, Мирлан Абдулаев, мен болуп ойлонуп, кыздардан түзүлгөн топ жетишпесине ынандык. Анан эгер ажарлуу, таланттуу кыздардан турган топ түзсөк жемиштүү болсо керек деп ойлоп, кастинг өткөрдүк. Ага 200дөн ашык кыргыздын менменсинген чырайлуу кыздары келди. Биздин талап – бир гана сулуулугу эмес, үнү, мүнөзү бири-бирине шайкеш келген, ойлору бирин-бири толуктап турган, сырттан караганда бир бүтүндүктү жараткан кыздар керек эле. Кудай буюрса, ошондой кыздардан түзүлгөн топ куруп алдык. Учурда ортобузда атайы келишим түзүлгөн. Мисалы, кыздардын туулган жерлери айтылбайт. Биздин негизги максат – Борбор Азиядагы топторго атаандаш боло тургандай ырчы кыздардан түзүлгөн топ болуу.
МУЗЫКА МЕН ҮЧҮН...
Мунара:
– Ата-энемден кийинки эң ыйык нерсе. Үч жашымдан баштап “Ак куу белең, ай, перим” деген ырды ырдап, баарына “мен чоңойгондо ырчы болом” дегеним эсимде бек сакталган. Аны орундатууга бүт аракетимди жумшайм.
Элнура:
– Музыка көңүлдүн дарыгери дейт. Мен үчүн дары. Жакшы ырды укканда ыйлайм же бийлейм. Кичинемден сиңдимдин ой-боюна койбой, алдына туруп алып ырдап берчүмүн. Анан “көрөсүң, мен сөзсүз ырчы болом” дечү элем.
АЛГАЧКЫ САХНА СЕЗИМИ...
Алиман:
– Сахнага чыгуу үчүн жарым жылдан ашык даярдандык. Вокал, бийден баштап сүйлөө, кийинүү, интеллектуалдык деңгээлди өстүрүүгө чейин терең көңүл бөлүндү. Кыргыз фольклорунан тартып, дүйнөлүк классикалык музыкалар тууралуу маалымат алдык. 2009-жылы 28-декабрда "Ала-Тоо" аянтында уюшулган концертке чакыруу алдык. Бул калың элдин алдында алгачкы чыгышыбыз эле. Биздин кезек келгиче ушунчалык толкунданып, ошол эле учурда уят болбосок экен деп кыжалат да болдук. Эл кол чабуу менен тосуп алды. Ырдап бүткөн соң сахна артына барып, кубанганыбыздан үчөөбүз тең Назира эжени кучактап ыйлап жибергенбиз.
КОСМЕТИКА БУЛ...
Мунара:
– Ар бир кыздын хоббиси десе болот. Кыздардын баары жарашыктуу боёнууну жактырат. Сахна адамы болгондуктан, косметика менин жашоомдо чоң роль ойнойт. Бирок косметикасыз жашай албайм десем да жаңылам. Анткени биз сахнага чыгарда жана клипке тартыларда гана аябай боёнбосок, жашоодо жеңил макияжды колдонобуз. Өзгөчө кайсы бир кечеден кийин үйгө барып бетиңди жууп сергигенде, оор жүктү сыйрып түшкөндөй болот.
Мунара:
– Чакыруу боюнча түнкү клубдарга барганыбыз менен эс алып, секирип бийлөө үчүн такыр баралбай жүрөбүз. Мөмө-жемиштен жасалган коктейлди абдан жактырабыз. Буюрса, жакында убакыт таап эс алып, коктейлден моокум кангыча ичсек дейбиз.
ЧОГУУ ЭС АЛУУ БИЗ ҮЧҮН...
Элнура:
– Эс алуу бири-бирибизди терең билүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет. Негизи, шоу дүйнө бизди бир гана кесиптеш эмес, жакын курбу да кыла алды. Сыр бөлүшөбүз, бири-бирибизге кеңеш берүүгө аракеттенебиз. "Досуңду көрсөт, мен сенин ким экениңди айтып берем" дегендей, ушундай жакын курбу кыздарга айланганыбызга аябай окшош сапаттарыбыз түрткү болсо керек. Мисалы, үчөөбүз тең сууда сүзүүнү сүйөбүз. Андыктан жумасына эки жолу бассейнге барып турабыз. Мындан тышкары сейил бакка барып баарлашууну жактырабыз. Баланын оюн-күлкүсүн, жетелешкен жаштарды кучагына камтыган сейил бактан түркүн кызыктарды көрүүгө болот.
Элнура:
– Кантсе да кыз эмеспизби. Бош убакыт табылары менен түрдүү мода, дүйнөлүк шоу-бизнес жылдыздары чагылдырылган журналдарды алып, чогуу барактаганды жактырабыз. Жактырган кийимди көрүп “ушундай көйнөк тиктиребиз” деп калабыз. Жарашыксыз кийинип алгандарды көрүп каткырып шылдыңдап, жыргайбыз. Көбүнчө “ушул журналды Париждеги Эйфель мунарасында барактап отурсак, ээ” деп кыялданып калабыз.
СУРОО-ЖООП
– Силерди “кыргыздын “ВИА Грасы” дешет. Буга кандай карайсыңар?
Алиман: –Топ ачылганда эл арасында “Импульс” тобу Орусиянын “ВИА Грасынын” аналогу" деген кеп пайда болду. Биз "ВИА Гранын" көчүрмөсү болгубуз келбейт. Кыргыз жыттанган, бирок ошол эле учурда заманбап, жаш ырчылардын бардык талабын камтыган топ болуп түптөлгүбүз келет.
– Кайсы дүйнөлүк жылдыз менен дуэт ырдоону кыялданасыңар?
Мунара: – Жей Шон менен жан дүйнө эргиткен бир чыгарма аткарсам...
Элнура: – Мен Майкл Жексон менен ырдоону кыялданчумун.
Алиман: – Кристина Агилера менен.
– Өзүңөргө жакпаган сапатыңар?
Алиман: – Бат ачууланып, болгонун болгондой бетке айтам да, кайра өкүнүп калам.
Элнура: – Таарынчаакмын. Болбогон нерсеге бултуюп калам.
Мунара: – Ашыкча ак көңүл жана ишенчээкмин. Кээде залалы тийип калат.
– Мунара, жактырган тамагың?
– Беш бармакты беш манжам менен жегенди сүйөм. Анан өзүм даярдаганда да дайым мактоо угам.
– Элнура, жакшы көргөн актёруң?
– Чарли Чаплин.
– Алиман, жактырган жаныбарың?
– Оо, менин жактырбаган жаныбарым жок. Бардык жаныбарды сүйөм, эркелетем, жакшы көрөм. Үйдө Симбо жана Лэн деген эки мышыгым бар. Аларды боёнтом, алар менен сүйлөшөм, урушам, эркелетем.
– Элнура, кайсы учурда бетиң кызарып уялгансың?
– Мектепте окуп жүргөндө болгон. 8-Мартта мен жактырган бала келип, көпчүлүктүн көзүнчө бетимден өөп, белегин берген. Ошондо бетим кызарып уялгам.
– Эмне кыжырыңды келтирет?
Элнура: – Кыздардан да өзүн аша каранган, сыланган, гелденген балдарды көргөндө кыжырым келет.
Мунара: – Жасалма жана калп сүйлөгөндөрдү көрүп жаным чыгат.
Алиман: – Мурдун көтөрүп, керсейгендерди көрсөм, кыжырым келет. "Мурдуна бир койсо" деп.
– Калтыра албай келген жаман адатыңар?
Мунара: – Кишини жактырбагандай кабагымды бүркөп, кашымды өйдө-төмөн кыла берем.
Элнура: – Өзүмө сезилбейт, бирок чачымды кайра-кайра өйдө көтөрө берип, башкаларды жүдөтөт экем.
Алиман: – Кайсы жакка болбосун, канча аракет кылсам да кечигип барам. Ошол адаттан такыр арыла албай келем.
– Чырайлуу бийкечтердин сүйлөшкөн жигиттери бар бекен?
Баары: – Биз келишим боюнча турмушка чыкмак тургай, жигит менен сүйлөшпөшүбүз керек. Андыктан күткөн адамыбызга жолуккан күндө да, келишимди буза албайбыз!
Бактыгүл Сокушова
star@super.kg