УРАН ЧУУСУ. ЫСЫК-КӨЛ КОРКУНУЧТА! УТУРУМДУК АКЧА ҮЧҮН УЛУТТУН ДЕН СООЛУГУНА, ЭКОЛОГИЯНЫН АБАЛЫНА КӨЗ ЖУМУЛАБЫ?

Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Көк-Мойнок айыл аймагына караштуу Кызыл-Омпол тоосунан уран казуу иштери жүргүзүлүп баштаганы тууралуу маалымат коомчулукту тынчсыздандырып жаткан чагы. Көл жээгинен 20дай чакырым жакындыкта жайгашкан жерден оор жана коркунучтуу деп саналган химиялык затты казуу экологияга түздөн-түз терс таасирин тийгизери бышык. Мындан улам өлкөнүн ар кайсы аймактарында уранды казууга каршы акциялар башталды.

КЕНДИН ТАРЖЫМАЛЫ

Кызыл-Омпол уран кени Кызыл-Омпол тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 1640-3000 метр бийиктикте жайгашкан. Союз учурунда 1950-1957-жылдары геологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, уран, торий, цирконий сыяктуу химиялык заттар бар экендиги аныкталган. 1980-жылдары ал кездеги Кыргыз ССРинин 1-секретары Турдакун Усубалиев кенди казууга уруксат берген эмес. Эгерде кен казуу иштери жүргүзүлсө Ысык-Көлдүн жаратылышына доо кетери белгилүү эле.

Кен казуу иштерине уруксат берилсе ал жер Көл жээгинен 20 чакырымдай жакын жерде эле жайгашып калат. Түштүк жагынан Кочкор өрөөнүнөн соккон шамал, чыгыш тараптан Сан-Таш шамалын эске алганда, кен чыккан жердин калдыктары баары бир шамал аркылуу көлгө, кенге эң жакын Көк-Мойнок, Орто-Токой айылдарын мындай кой, 40 чакырымдай алыстыктагы Балыкчы шаарына чейин жетет.

Расмий маалыматтарга таянсак, Кызыл-Омполдо 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33800 тонна цирконий жана 4100 тонна титан магнитинин запасы бар экени аныкталган.

КАЙСЫ КОМПАНИЯ ИШТЕТКЕНИ ЖАТАТ?

Аталган кенге 2012-жылдан бери чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан ишкана – «Юразия в Кыргызстане» аттуу ЖЧК. Ачык маалыматтарга таянсак, бул компания 2018-жылы кайра каттоодон өткөн, 2010-жылы аталган кенди иштетүү боюнча лицензия алган. Анын мөөнөтү 2020-жылга чейин. ЖЧКнын негиздөөчүсү катары “Azarga Resources Limited” жана “Urasia Mining Company” компаниялары, Эркин Казакбаев, Элвира Аширалиева, Дүйшөн Касенов жана Светлана Менг аттуу жарандар жазылган.

Компания жетекчиси Светлана Менг уранды казып алууда экологияга терс таасирин тийгизбейт деп чыкты. “Уран бул жерде аралашма түрдө жайгашкан. Ал атайын жабдууда суу менен тазаланып алынат. Мында химиялык заттарсыз тазалоо иштери жүрөт” деп айтат. Тазаланган кен Кара-Балта шаарындагы тоо-кен комбинатына ташылып барып иштетилерин кошумчалады.

Компания жүздөгөн жергиликтүү тургундар иш менен камсыз болуп, жергиликтүү айыл өкмөтүнө дагы жардамы тиет деген негизди карманууда. Анысы ырас. Бирок эң коркунучтуу жана уулуу химиялык затты казууда же ташууда бир дагы кокустук болуп кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ал жердеги экологиянын бузулушу эч бир каражат менен өлчөнбөйт.

ӨКМӨТТҮН КОМИССИЯСЫ ЭМИ ТҮЗҮЛДҮ

Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу парламентте сөз сүйлөдү. "Кенди казууда "жаңы технологиянын жардамы менен казылып жатыптыр, анын айлана-чөйрөгө зыяны жок" деп айтып жатат компания. Бирок уран казылып жатса кантип анын зыяны болбойт? Радиация жогорулабай койбойт да. Балыкчы шаары уран кенине жакын аралыкта турат. Ал жердеги катуу шамал радиацияны дароо жеткирет. Кайсы бир ишкананын утурумдук кызыкчылыгы үчүн экологиялык алааматка кабылбасак болду",- деди Жунус уулу.

Өкмөттүн алдындагы Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети түшүндүрмө берди. “2015-жылы Кызыл-Омполдун тоо-кен участогу мамлекеттик баланска коюлган. Радиоактивдик кумдардын негизги массасы 25 метр тереңдикте жатат. Иштетүүдө техникалык суудан башка эч кандай реагенттер колдонулбайт. Фабрика салынбайт, иштеп чыгуу процесстери Кара-Балта комбинатында жүргүзүлөт. Жергиликтүү эл үчүн 200-220 жумуш орун ачылат, Кара-Балта комбинатында 500дөн ашуун жумушчу эмгектенет. Учурда компания техникалык-экономикалык негиздеме жана курчап турган чөйрөгө таасирди баалоо техникалык долбоорлордун үстүнөн иштөөдө. Ал коомдук угууга жана жергиликтүү эл менен макулдашууга чыгарылат”.

Жарандык коомдун кескин каршылыгы жана коомчулуктагы сындардан кийин бул ишке байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлдү.

“ЫСЫК-КӨЛДӨ ТОО-КЕН ИШТЕРИНЕ ТЫЮУ САЛЫНГАН”

Эколог Эмил Шүкүров уран кенин өндүрүүчүлөр элди алдап жатышат деген пикирде. "Мыйзам боюнча, Ысык-Көл – бул биосфералык аймак, ошондуктан бул жерде кошумча тоо-кен иштерине тыюу салынган. Буга чейин казылган кендерде иштерди уланта берсе болот, ал эми жаңыларды иштетсе болбойт. Эгер жаңы кен казыла баштаса, "биосфералык аймак" статусун бузуу болуп саналат. Бул түздөн-түз мыйзам бузуу. "Уран башка жакка жеткирилет, мындан улам булгануу болбойт" деп айтып жатышат. Мунун баары жалган, анткени уранды ташууда кырсыктар болушу мүмкүн. Эгер кырсык болсо, айлана-чөйрө радиоактивдик заттар менен булганат. Кен казылып жатканда, алар урандын өлчөмү жогору породаларды гана алып кетишет. Ал эми калган радиоактивдик породалар калдык сактагычка ташталат. Бул радиоактивдик калдыктар кантип гана корголбосун, баары бир сууга жана абага жетет. Эртели-кеч уран кенин иштетүү токтойт. Андан кийин Ысык-Көл радиоактивдүү булгануусу жогору аймакка айланат. Бул жерде өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларына суроо-талап кескин азаят. Эс алуучулар да Ысык-Көлгө барбай калышат",- дейт эколог.

“УРАН – БУЛ АЖЫДААР”

Уранды казууга жергиликтүү эл гана эмес, көпчүлүк жарандар каршы болууда. 20-апрель күнү жергиликтүү тургундар кен казылган жерге чогулуп нааразычылыктарын билдиришти. Эртеси Бишкекте жарандык активисттер уранды иштетүүгө каршы акциясына чыгышты. Ушундай эле акциялар 22-апрелде Боом капчыгайында жана Ысык-Көлдүн Бөкөмбаев айылында өтөрү айтылган. Боомдогу митингге катышуучулардын саны 300дөн ашып, алар кен иштете турган аймакка келип, "уран казууну токтоткула!" деген талапты коюшту. Митингге чыккандардын бири Марат Акатов: “Уран – бул ажыдаар. Бул баарыбызды жеп жутат. Тукум курут кылат. Урандын зыяндуулугун айтып бүтсө түгөнбөйт!”- дейт. Ушундай маалда элдин талабын уга турган эл өкүлдөрү болушу керек эле. Тоң районунан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбек Дүйшалиевдин карааны эмес, ушул күнгө чейин уран боюнча айта турган сөзү да угулган жок.

Ал аймакта уран иштетиле турган болсо жергиликтүү багбан, өндүрүшчүлөргө да терс таасирин тийгизет. “СССР кезинен тарта Ысык-Көлдө кен казууга тыюу салынган. Кайсы чет өлкөлүк ишкана кен казбасын, мейли орусиялык же канадалык, кытайдыкы болобу, мен каршымын. Алар өз пайдасын алат да кетишет, ал эми жергиликтүү эл көйгөйлөр менен калабыз. Миллиондогон каражаттарды кен казуудан башка жактан тапса болот. Туризм, IT-технология, транзитти өнүктүрүү... Израиль чөлдө оазис жаратса, биз оазис болгон жерибизди талкалап жатабыз”,- деп каршылыгын билдирет улуттук өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев.

Ошондой эле интернет айдыңында «Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултулуп жатат. Ага кол койгондордун саны учурда 10 миңден ашты.

КАЖЫ-САЙ, МИҢ-КУШ, МАЙЛЫ-СУУ... КЕЗЕКТЕ КЫЗЫЛ-ОМПОЛБУ?

Кызыл-Омполдун тагдырын Союз учурунда Кыргыз өлкөсүндө уран иштетилген жерлер менен салыштырсак болот. Ал жайлар азыркы мезгилге чейин запкы чегип келет. Ысык-Көлдүн Кажы-Сай айылында 1952-жылдан 1966-жылга чейин уран казылган. Анын калдыктары ошол аймакка көмүлүп, азыркыга чейин радиактивдүүлүгү жогору. Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарында да 1960-жылдары уран иштетилип, калдыктар көмүлгөн. Учурда бул шаар өлкөдөгү эң радиактивдүү аймак деп эсептелинип, башка аймактарга караганда бул шаарда майыптык, ич келте, богок, бруцеллёз сыяктуу оорулар менен ооругандар 2-3 эсеге көп.

Нарын облусундагы Миң-Куш айылында 1955-1960-жылдары уран казылып, калдыктары айылдын төрт жерине көмүлгөн. Бул жерде уран казылбай турган болсо, төрт тарабы тоо менен курчалган туристтик аймакка айланмак. Бирок уран калдыктарынан улам учурда эң коркунучтуу аймакка айланып отурат. Бул жердеги Туюк-Суу деген калдыктар көмүлгөн жайдын тосулган жерлери бузулуп баштаган. Андагы 450 миң тонна урандын калдыктары Миң-Куш дарыясына кошулуп кетсе, экологиялык ири кыйроого алып келет. Мындан тышкары Кыргыз өлкөсүндө Шекафтар, Ак-Түз айылдарында Союз мезгилинде иштетилген урандын калдыктары көмүлгөн. Бул жерлерде жаан-чачын катуу жаап, сел жүрүп кетсе эле экологиялык абал кооптуу болуп кетет.

Учурда урандын калдыктары көмүлгөн жайларды тиешелүү түрдө зыянсыздандыра албай жатканда Ысык-Көлдүн жанында уран иштетүү коркунучтуу. 22-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырды. Толук токтотуу эмес, азырынча гана деди.

1998-жылдагы Барскоондогу цианиддин төгүлүшү бизге дагы деле сабак болбой жаткандыгы көрүнүүдө. 26-апрелде Бишкекте уранды иштетүүсүн толугу менен токтолушун талап кылган митинг өтмөй болду.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Уран кенин казууга каршы митингдин соңунда жаңжал чыкты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kanat_myrza
2019-04-29 16:35:23
ушул УРАНды такыр каздырбашыбыз керек, зыянын эле эл корот, элди кырып жок кылат! Мен каршымын урандын казылышына!
+2
Mavlyuda
2019-04-30 18:28:30
Каршыбыз. Алтынга алмаштыргыс жерибизди түгөтүп бүтмөй болушту. Ошондон тапкан пайданы башка тармактан жөн эле таап алса болот
0
№ 860, 25-апрель - 1-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан