ЮАР-2010: КИМ КАНЧА ПАЙДА ТАПТЫ?

Эл аралык кабарлардан

Дүйнө чемпиондугу – топ узатуулар, соккулар, голдор гана эмес, ошондой эле чоң акча. Мундиалдан ким канча каражат иштеп тапты? Акчаларды эсептеп көрсөк.

ПЛАН БОЮНЧА. “ЮАР-2010дун” байге фонду 420 миллион долларды түздү. Бул 2006-жылкы мундиалдан 60 пайызга көп. Испаниянын Футбол федерациясы командасы жеңгендиги үчүн ФИФАдан 30 миллион доллар сыйлык алды. Голландиялыктар 24 миллион, немистер 3-орун үчүн 20 миллион доллар алышты. Ал эми уругвайлыктар 18 миллион долларга байышты.
Эске салсак, Испаниянын Футбол федерациясы эгер өлкөсү чемпион болсо, мелдештеги эң чоң сыйлык – ар бир футболчусуна 550 миң евродон төлөп берүү милдетин алган. Кошумчалай кетсек, ФИФА футболчусу дүйнө биринчилигинде ойногон клубдарга да акча бөлдү. Алсак, футболчунун ЮАРда жүргөн ар бир күнү үчүн анын клубуна 1600 доллардан төлөп берди. ФИФА мындай акчаларды кайдан алды дейсизби? ФИФАга расмий демөөрчүлөрдөн миллиард доллар акча түшкөн. Бул үчүн ФИФАга анын 6 расмий өнөктөшү 100 миллион доллардан жана 8 өнөктөшү 50 миллион доллардан бөлгөн.

БУКМЕКЕРЛЕР. “ЮАР-2010” букмекерлик кеңселер үчүн зор киреше булагы болду. Аларга Италия менен Франциянын тайпасынан чыкпай калышы, Англия менен Аргентинанын ири эсепте жеңилиши миллиондогон акча алып берди. Дүйнөдө баарынан франциялык букмекерлер эң көп акча табышты. Алар мундиалдан миллиард доллар пайда көрүштү. Букмекерлик кеңсеге түшкөн киреше боюнча кийинки орунда Германия менен Италия турат. Ал эми эң абройлуу англиялык “William Hill” букмекерлик кеңсеси осьминог Паулдун айынан миллион доллар жоготкон. Паулдун карьерасын аяктагандыгын кошумчалай кетели. Эми аны мындай иш-чараларга пайдаланууну токтотушту.

ВУВУЗЕЛА. Эгер вувузеланын өздүк баасы жарым доллар болсо, мелдеш учурунда ЮАРда алар 5-7 доллардан сатылган. Ошентип, аталган кернейлерди чыгаруучу түштүк африкалык компания 12 миллион кирешеге ээ болгон.

200 ӨЛКӨ. “ЮАР-2010дун” акча менен гана эмес, башка жетишкендиктер менен да атагы чыкты. Алсак, финалдык “Голландия-Испания” оюну дүйнөнүн 200дөн ашуун өлкөсүндө түз алынып көрсөтүлдү. Ага түз эфирден миллиардга жакын адам күбө болгон. Ал эми Испания менен Голландияда финалды калктын 90 пайызы күзөтүп турган.

3,1 МИЛЛИОН КӨРҮҮЧҮ. Бул мундиаль футбол биринчиликтеринин тарыхында көрүүчүлөрүнүн саны жагынан 3-орунду ээледи. ЮАРдын стадиондорунан оюндарды 3 миллион 178 миң 856 адам көргөн. Ал эми рекорд “АКШ-1994кө” таандык (3,5 миллион көрүүчү).


ЮАР-2010: САНДАР СҮЙЛӨЙТ

Бир айдын ичинде мундиалда канча гол жаралды, канча суу ичилди жана калыстар канча жолу ышкырышты? Ушул жана башкаларды төмөнкү инфографикадан билип алууга болот.


Жайкы трансфер-2010:
ИСПАНДАР КЫМБАТТАДЫ

“ЮАР-2010” бир катар футболчулар үчүн атактуу командалардын көзүнө түшүүгө мүмкүнчүлүк болгону анык. Трансфер рыногунда англиялык “Манчестер Сити” активдүүлүгүн көргөзүүдө. “Ситинин” курамына “Барселонадан” Яя Туре менен “Валенсиядан” Давид Сильва келип кошулду. Болгондо да Сильва үчүн 36 миллион евро төлөндү. Бул азырынча Вильянын трансферинен кийинки кымбат сатып алуу болуп турат. “Челсинин” экс болуп калган оюнчулары Баллак менен Коул эркин агент катары жаңы командаларга кошулушканын айта кетмекчибиз.


КОЛО ЖАНА КҮМҮШТӨН КИЙИН КЕЗЕК АЛТЫН ТОЙДОБУ?

“ЮАР-2010дон” кийин анын каармандары үйлөнүү той лихорадкасына кабылышты. Биринчи болуп германиялыктардын капитаны Филипп Лам үйлөндү. Анын жубайынын аты – Клаудиа Шаттенберг. Филипп бул күндү ушунчалык чыдамсыздык менен күттүбү, айтор, ЮАРдан мекенине келген күндүн эртеси эле той өткөрдү. 10 жыл бою сүйлөшүп жүргөн жаштар акыры минтип мамилелерин мыйзамдаштырышты. Ламдын артынан мундиалдын күмүш медалчысы голландиялык Уэсли Снейдер үйлөндү. Анын тандоосу модель жана телеалпаруучу Йоланта Кабо ван Касберген болду.
Жылдын көптөн күтүлгөн үйлөнүү тою испаниялык Икер Касильяс менен телерепортёр айым Сара Карбонеронун тою болууда. Испанияда “Сара Касильясты футболдон алаксытууда” деген пикирлер жаралып, ЮАРдын жүрүшүндө экөөнүн мамилеси кескин сынга алынган. Бирок баары кандайча хэппи энд менен аяктаганын экөөнүн финалдык оюндан кийинки өбүшүүсүнөн бүт дүйнө көрдү. Эми бир гана нерсе, мамилени мыйзамдаштыруу калганын эки жаш тең айтышууда.


Жергиликтүү кабарлардан

КОЧКОРОВ ЭМИ КЫРГЫЗСТАНДА
КАЛЫСТЫК КЫЛБАЙБЫ?
Учурда мундиалда Кыргызстанды бүт дүйнөгө жарнамалап келген калыс Бахадыр Кочкоровго кызыгуу күчөгөндүгү турган сөз. Анын 24-июлда Кочкор-Атада боло турган “Нефтичи-Абдыш-Ата” оюнуна чакырылгандыгын уккан элек. Бул боюнча КРнын ФФсына кайрылганыбызда аталган уюмдун калыстар коллегиясынан төмөнкүлөрдү билдиришти: “Бахадыр Кочкоровго аз убакытка эс алуу берилди. Кочкоров үй-бүлөсү менен Ошто жашагандыктан, буга Ош окуялары таасир бербей койгон жок. Ошондуктан ал ушундай күндөрдө үй-бүлөсү менен болушу керек. Кочкоров жеке иштерин жайгарып, эс алгандан кийин Бишкекке келип, кайрадан улуттук чемпиондугубузда калыстык милдетин аткара баштайт”. Бахадыр Кочкоров мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөнүн кошумчалашты.

19-ИЮЛЬ – КЫРГЫЗ ОЛИМПИАДА
ЧОКУСУН БАГЫНТКАН КҮН
19-июль – Кыргызстан үчүн, өзгөчө кыргыз спорт коомчулугу үчүн өзгөчө күн. Мындан туптуура 30 жыл мурда, тактап айтсак, 1980-жылы даңазалуу оор атлетикачы Каныбек Осмоналиев Москва Олимпиадасында алтын медаль тагынып, Кыргызстан деген чакан өлкөбүздүн атын ааламга тааныткан. Арадан ушунча убакыт өтсө да, анын ийгилигин кайталаган кыргыздын азаматы чыга элек. Москвада ошол эле күнү мекендешибиз Александр Милентьев да ок атуу боюнча алтын медаль тагынган.
Андыктан бул күнү мекендештерибизди коомчулук кызуу куттуктады. Өз кезегинде биз да аларга чың ден соолук, узун өмүр жана үй-бүлөлүк тынчтык кааламакчыбыз.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 403, 23-29-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан