ОРГАНИЗМДИН БИОЛОГИЯЛЫК СААТТАРЫ

Кытай дарыгерлери байыртадан сутканы 12 убакытка (ар бири 2 сааттан) бөлүп, организмдин биологиялык сааттары деп аташкан. Алардын айтымында, адамдын ички органдары белгиленген сааттарда кезектешип активдүү иштешет. Эгер адам организмдин биологиялык саатын туура пайдаланса, дени сак жана көп ийгиликтерди жарата алат.

«ЦЗЫ-ШИ» СААТЫ (23:00–1:00)

Кытай элдик медицинасынын теориясына ылайык, «цзы-ши» саатындагы уйку ден соолук үчүн эң пайдалуу. Эгер адам белгилеген саатта уктаса, анда ал ян энергиясын (сырткы энергия) көбүрөөк топтой алат. Андыктан 22:30да төшөккө жатууга аракет кылыңыз. Бул саат аралыгында ички органдардан өт баштыкчасы активдүү иштейт. Уктоо учурунда өт суюктугу өз нормасында бөлүнүп чыгат. Эгер сиз түн бир оокумуна чейин иштеп, кеч жатсаңыз, анда өт суюктугу коюуланып, ден соолукка терс таасирин тийгизет.

«ИНЬ-ШИ» СААТЫ (3:00–5:00)

Боордон соң активдешүү сааты өпкөгө өтөт. Бул сааттар аралыгында кан козголуп, бүт денеге тарай баштайт. Кан денеге тегиз тарашы үчүн организм тынч абалда болушу
шарт. Организм тынч болгондо гана өпкө канды тегиз бөлөт. Эгер кайсы бир орган ошол учурда активдүү иштеп жаткан болсо, өпкө канды ошол тарапка көбүрөөк айдайт.

«ЧЭНЬ-ШИ» СААТЫ (7:00–9:00)

Ашказан меридианы иштеп баштаган, тамактануу үчүн идеалдуу учур. Бул учурда тамакты сиңирүүдө активдүү роль ойногон көк боор жана ашказан активдешет. Адам түнү бою тамак ичпегендиктен, организм ач болот да, өзүн чыңдоо максатында кезектеги тамакты талап кыла баштайт. Сиз бул аралыкта тамактансаңыз, анын баары күнүмдүк энергияга сарпталат. Толуп кетүү коркунучу жок. Эгер бул маалда тамактанбасаңыз, ашказан “жумушсуз” калат да, ашказан кычкылын көп бөлүп чыгарат. Жыйынтыгында ашказан оорулары жаралат, организмдеги кычкыл-щелочь балансы бузулат.

«У-ШИ» СААТЫ (11:00–13:00)

Бул саатта жүрөк меридианы активдешет. Ян энергиясы өзүнүн эң бийик чокусуна жетет да, жүрөккө күч келтириши мүмкүн. Андыктан 30 мүнөттөй эс алып, ян энергиясын толуктоо сунушталат. Өзгөчө ян энергиясы аздар куш уйку салып алышса пайдалуу. Толукталган энергия күндүн экинчи жарымында активдүү иштөөгө шарт түзөт. Түшкү эс алуу жүрөк кан тамыр ооруларынын алдын алат. Эгер бул саатта энергияны калыпка келтирсек, жүрөк чыңдалып, жүрөк кан тамыр системи функциясын мыкты аткарат.

«ШЭНЬ-ШИ» СААТЫ (15:00–17:00)

Кытай дарыгерлеринин айтымында, эртең мененки жана күүгүмдөгү сааттар ишке жана жумушка, ошондой эле спорт менен машыгууга ылайыктуу. Бул учурда зат алмашуу процесси туу чокусуна чыгып, мээ азыктандыруучу заттардын баарын кабыл алып, дени сак адам энергияга жана күчкө толуп турган болот. Мындан улам бул учур "окуу жана иштөө үчүн экинчи алтын убакыт" деп аталат. Ошондой эле бул сааттарда табарсыктын иштөөсү активдеше баштайт. Ал шлактардан жана токсиндерден тазалоочу эң негизги канал болуп саналат.

«СЮЙ-ШИ» СААТЫ (19:00–21:00)

Бул суткадагы үчүнчү алтын убакыт болуп саналат. Анткени бул учурда жүрөктүн перикард бөлүгү активдүү иштеп, организм жымжыртыкка учурайт. Жеңил тамактанган соң жөө басып эс алуу керек. Саат 21:00гө чейин 1 стакан суу же суюк демделген чай ичүү пайдалуу. Алар кандын айланышын жакшыртат. Бул саат аралыгында ин энергиясы (ички энергия) күч алып, ян энергиясы басаңдай баштайт. Демек, бул саатты ден соолукту чыңдоого пайдалануу туура. Ошондой эле бул убакытта бөйрөктүн иштөөсү жайлайт. Андыктан көп суюктук ичүүгө жана ашыкча тамактанууга тыюу салынат.

«ЧОУ-ШИ» СААТЫ (01:00–3:00)

“Чоу-ши” саатында боор активдешип, мелатонин гормону иштелип чыгат. Боор зат алмашуу процессине активдүү киришип, өзүндөгү токсиндерди жана шлактарды айдап чыгарып, канды жаңылоого киришет. Ага көмөк көрсөтүү жана чыңдоо үчүн аны сапаттуу тынч уйку менен камсыздоо керек. Эгер адам бул учурда иштеп жаткан болсо, анда боор акыл-эсти жана физикалык күчтү колдоо максатында энергия бөлүп чыгарып, өз функцияларын аткарууга жетишпей калат.

«МАО-ШИ» СААТЫ (5:00–7:00)

Бул саатта организмдеги таштандыларды, токсиндерди жана шлактарды чыгарууда активдүү роль ойногон жоон ичегинин иштөөсү күч алат. Андыктан төшөктөн турарыңыз менен бөлмө температурасындагы 1 стакан сууну ичүүнү адатка айлантыңыз. Жылуу суу ичеги-карынды нымдаштырып, зыяндуу заттардын чыгуусуна өбөлгө болот. Бул ыкма өзгөчө бат-бат ичи каткан адамдар үчүн өтө пайдалуу. Суу ичкен соң дене-бойду жазууга киришсеңиз болот.

«СЫ-ШИ» СААТЫ (9:00–11:00)

“Сы-ши” сааты – иштөө, окуу үчүн эң алтын убакыт. Белгиленген сааттарда тамакты сиңирүүгө, керектүү азыктарды, суюктуктарды денеге таратууга активдүү катышкан көк боор жана мээнин иштөөсү активдешет. Көк боор ашказанга түшкөн тамакты сиңирет да, денеге таратат. Мындан улам булчуңдар чыңалып, иштөөгө жол ачылат. Булчуң, булчуң эттеринин энергиясы иштетиле баштаганда көк боордун иштөөсү баштапкыдан да активдешет. Андыктан эртең мененки тамактанууну өткөрүп жибербеңиз.

«ВЭЙ-ШИ» СААТЫ (13:00–15:00)

Ичке ичегилер активдүү иштеген маалы. Бул саатта витаминдүү жана калориялуу азыктар менен түштөнүүнү унутпаңыз. Аны өткөрүп жиберүү ден соолук үчүн кооптуу. Анткени жумуш күнүнүн биринчи жарымынан кийин организм табигый күч топтоого муктаж. Жеген тамагыбыз ичке ичегиге түшөт да, анда иштелип, бөлүктөргө бөлүнүп, кан тамырлар жана капиллярлар аркылуу органдарга тарайт. Бул убакытта канды суюлтуу жана кан тамырларды коргоо максатында көп суюктук ичүү, тамактангандан кийин бир аз жатып же тынч отуруп эс алуу сунушталат. Мындай ыкма менен биз ичке ичегини жана жүрөктү коргоого алабыз.

«Ю-ШИ» (17:00–19:00)

Бөйрөктүн активдешкен маалы. Жогоруда айтып өткөндөй, саат 15:00-17:00 аралыгында табарсык иштеп, ю-ши саатында токсиндерди жана ууларды бөлүп чыгаруу жайлай баштайт, бирок токтобойт. Бул саатта бөйрөктү жана табарсыкты тазалоо үчүн 1 стакан суу ичүү керек. Бул бөйрөктү чыңдоонун эң жакшы ыкмасы. Анткени шэнь-ши саатында ичкен суубуз бөйрөктө чыпкаланып, андан соң табарсыкка түшүп, заарага айланып чыгып кетет. Чыпкалоо учурунда бөйрөктө калган токсиндер жана шлактар көп ооруларды жаратышы мүмкүн. Алсак, заара чыгаруучу каналдардын оорусу, зааранын иштелип чыгышынын кечеңдеши, бөйрөк оорулары, бөйрөктө жана заара чыгаруучу каналдардагы таштардын пайда болушу ушуга байланыштуу.

«ХАЙ-ШИ» СААТЫ (21:00–23:00)

«Хай-ши» суткадагы эң жагымдуу убакыт. Жаратылыш тынчтанып, жымжырттыкка өтөт. Эл жумуштарынын баарын бүтүрүп уйкуга камына баштайт. Бул аралыкта адам тынчтанып, өзүнө жакшы эс алуу тартуулашы керек.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Snejana
2019-04-29 11:19:48
Эн сонун маалымат,Суперсинер!
0
balzak
2019-04-30 13:43:47
ар бир кыргыз жаранынын уйуно календарь кылып илип, колдонолу урматтуулар!
0
deva
2019-04-30 19:33:43
Кытайлардын билбегени жок а! Сонун, пайдалуу маалыматтар экен. кана эми ушуну озундой болбосо да жакындаштырып аткарсак э? мен 12ден отуп уктайм,эртен менен козду ушалап жумушка барам, былчы
+2
Linkin.
2019-05-03 21:28:00
Буттун балтыры (икра ног) талып оруксунганы варикоздун ийиздери жок, жакшына абалда бирок кээде оорлошуп дискомфорт жаратат эмнеден мындай болушун, сураныч,super.kg билип бериниздерчи.
+1
Dastanwanted
2019-05-04 15:52:27
кыскасы 24 саат уктап жата бериш еерек экенда организмди эс алдырып
-1
№ 860, 25-апрель - 1-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан