"АК ИЛБИРС" СЫНАГЫНА СЫН АЙТКАНДАР БОЛУУДА

26-апрель күнү Бишкекте “Ак илбирс” киносыйлыгын тапшыруу аземи өтмөкчү. Сыйлыктын "Толук метраждуу тасма" наамына “Дарак ыры”, “Көк бөрү”, “Такебай” аттуу үч тасма ат салышууда. Жылына көп тасма тартылганына карабай, 3 гана талапкер болгону киночуларды капалантууда. Айрымдар буга себеп катары маалыматтын элге толук жетпегенин айтышса, айрымдары арыз калтырып, бирок тизмеге илинбегенинен катышкысы келбей калганын билдиришти.

Алсак, актёр, шоумен Эрмек Таалайбеков: “Биз мурун “Курут” деген тасма менен арыз калтырып, бирок тандоодон өткөн эмеспиз. Кинону укмуш деп деле айтпайм. Бирок оператордун, монтажчынын эмгеги жакшы болчу. Жок дегенде бир наамга кошуп койсо болмок деп ойлогом. Быйыл деле жакшы тасмалар чыкты, бирок сураштырсам, алар катышууга арыз калтырышпаптыр. Анткени жарымында маалыматы жок болсо, жарымы баары бир утпайбыз деп үмүттөрүн үзүп коюшуптур”,- дейт.

Ал эми режиссёр, продюсер Нурлан Мамакеев фестивалда салыштырбай турган нерселерди салыштырып жатышканын айтат. "Жаш режиссёрлор менен профессионалдарды салыштыруу мүмкүн эмес. Алардын деңгээли, багыты, тартылган тасмалардын бюджети эки башка. Менимче, бизде жалгыз киносыйлык болуп жаткандан кийин жаштарды өзүнчө, профессионалдарды өзүнчө карашса жакшы болмок",- дейт ал.


Бул боюнча Борбордук Азиянын “Ак илбирс” киноакадемиясынын жетекчиси Таалай Кулмендеев:

– Сыйлыкка тасмаларды 5 кишиден түзүлгөн комиссия тандайт. Алар тасманын маани-мазмунуна, тартылышына көңүл бөлүшөт. Биздин максат – сыйлыкты даңктуу, барктуу кылуу. Жалпы 18 наамдан 12 наам мыкты адистик боюнча (режиссёр, оператор, актриса жана башка) берилет. Талапкерликке коюлган тасмалар жогоруда айткан бардык шарттарга жооп бериш керек. Учурда бизде жылына 50гө жакын тасма тартылат, “тигинин актрисасы кыйын экен, мунун композитору мыкты экен” деп ар кайсы тасмадан талапкерлерди тандасак туура эмес болуп калат,- дейт.

 

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
asankulov12
2019-04-29 10:01:38
Курут деген кино болбогон кино
+3
Shahrizaada
2019-05-02 03:37:20
Тиги кишинин айтканы туура. Сапатына карап баалаш керек. Азыркы кинолор копчулугу кыжырды келтирет.
+1
zhanuzak
2019-05-02 15:58:54
курут деген анча жакшы эмес , мага жакпады ..
+2
№ 860, 25-апрель - 1-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан