Коркунучтуу жел: КОНДИЦИОНЕР КАНДАЙ ООРУЛАРДЫ ЧАКЫРАТ?

”Ысып кеттим, үшүп кеттим, кондиционерди жандыралычы... Болду, өчүрөлүчү, үшүп кеттим, эртең ооруп калсам...”
Минтип пульт талашуу көп кайталанган көрүнүш экени талашсыз. Мындан улам кондиционердин адамдын ден соолугуна тийгизген таасири тууралуу кеп кылабыз.

КОНДИЦИОНЕРДИН ОҢ ЖАКТАРЫ

  • Бөлмөнү жылытуунун жана салкындатуунун үнөмдүү жана эң арзан жолу.
  • Жайдын аптаптуу ысык күнүндө салкындык, кыштын ызгаардуу суугунда жылуулук берип, адамга ыңгайлуулук тартуулайт.
  • Мыкты сапаттагы фильтр орнотулган кондиционерлер абаны чаңдан, ар кандай грибоктордон, бактериялардан, жагымсыз жыттардан тазалайт.
  • Эгер кондиционерде абаны алмаштыруу функциясы жабдылган болсо, анда бөлмөнү кычкылтек менен жакшы камсыздай алат. Мындай функция баасы кымбат, акыркы үлгүдөгү кондиционерлерде болот жана аны монтаждоо кадимки кондиционердикинен айырмаланат.

ТЕРС ЖАКТАРЫ

  • Абаны кургатат. Абанын тынымсыз айланып турушунан адамдын териси кургап, бырыш эрте түшөт. Мурундун, тамактын былжырлуу чел кабыгын, эринди кургатат. Бул учурда сезгенүү процесси, ринит, синусит оорулары күчөйт. Андыктан кондиционерди узак убакыт колдонууда мурунду, оозду деңиз суусу же кадимки суу менен чайкап туруу керек. Бул былжырларды бир калыпта кармоо үчүн зарыл. Кондиционерден чыккан жел бет маңдайдан урган кезде көз улам ирмелип отуруп чел кабыгы жабыркайт, кургайт. Көзгө тамчылатма дары тамызып кайра эле кондиционердин маңдайында отуруу баары бир жакшы жыйынтык бербейт. Андан көрө жел түз тийбеген жайдан орун табыңыз. Эриниңиз кургаса гигиеналык бальзамдарды колдонуңуз.
  • Башты оорутат. Баарыбыз билгендей, кондиционер иштеп жатканда эшик, терезелер жабылат. Мындай учурда бөлмөдөгү аба көмүр кычкыл газы, ар кандай микробдор менен айланып жүрө берет. Кычкылтектин жетишсиздигинен улам кан тамырлар ичкерип, баш ооруп чыгат.
  • Кондиционерден чыккан үн айрым адамдардын нерв системине терс таасир этет.
  • Суук тиет. Кондиционерден чыккан муздак желдин адамга түз тийиши суукка урунууга, чыйрыгууга алып келет. Алсак, пневмония, ангина, сасык тумоо, неврит жана башкалар. Өзгөчө мончодон же душтан чыгып кондиционердин маңдайына отуруу өтө кооптуу.
  • Аллергия чакырат. Кондиционер абадагы чаңды, чылымдын түтүнүн, ар кандай жыттарды соруп алат да, кайра аны аба менен бөлмөгө айдайт. Мындан улам чаңга аллергиясы барлар жабыркашат. Алсак, конъюнктивит оорусу. Көз кызарып, кычышып, жаш агат.
  • Ууланып калуу коркунучу бар. Эгерде желдеткичтин муздак аба үйлөй турган системи, тактап айтканда, фреон (газ же суюктук түрүндөгү химиялык зат) толтурулган жабдыгы бузулуп кала турган болсо, организмиңиздин ууланышына себепкер болот.
  • Иммунитет начарлайт. Абанын бирде муздак, бирде ысык болушунан улам организм стресске кабылып, мындан улам иммунитет төмөндөйт. Баарыбызга маалым болгондой, иммунитеттин төмөндөшү көп ооруларга эшик ачат.
  • Жел турат. Эгер сиз эшиктен тердеп келип муздак абага турсаңыз, муундарыңызга жел турушу мүмкүн.

КОНДИЦИОНЕРДИ КОЛДОНУУДА ЭСКЕ АЛА ТУРГАН ЖАГДАЙЛАР

  • Эч качан муздак абанын агымын адамга түз багыттабаңыз. Суук тийип, ооруп калышы мүмкүн.
  • Кондиционерди оптималдуу температурага коюш керек. Анын температурасы 23-25 градустан ылдый түшпөгөнү жакшы. Үйдүн температурасы сырттагы абанын температурасынан 8 гана градуска айырма болушу шарт. Ал эми 10-12 градуска чейин айырма болсо, иммунитеттин түшүшүнө жана сасык тумоо оорусуна алып келет.
  • Кондиционерди керектүү температурага акырындык менен алып келүү талапка ылайык. Бөлмөнү дароо катуу муздатып жибербеш керек. Жогоруда айтылгандай, абанын бат муздашы же ысышы көп ооруларды чакырат.
  • Жөнөкөй кондиционерлерде абаны алмаштыруу функциясы болбогондуктан убак-убагы менен бөлмөдөгү терезени ачып желдетип туруу керек. Желдетүү учурунда кондиционерди өчүрүүнү унутпаңыз.
  • Бөлмөдөгү аба кургабасын десеңиз, нымдандыруучу жабдык (увлажнитель) коюңуз. Мындан да жакшысы, бөлмө гүлдөрүн өстүрсөңүз, алсак, антуриум, гербера, азалия сыяктуу гүлдөр абаны фильтрлөөгө жана нымдаштырууга жардамчы боло алышат.
  • Кондиционердин фильтрин өз убагында тазалап, алмаштырып туруңуз. Белгилүү бир мөөнөттө алмаштырып турбаса, абаны кирдете баштайт. Анткени ал абадагы чаңды, чылымдын түтүнүн, ар кандай жыттарды соруп алат да, кайра аны аба менен бөлмөгө айдайт. Колдон келсе, бөлмөгө тамеки тартууну адат кылбаңыз.

Кайсы учурда алмаштыруу керек?
– Кондиционерди иштеткенде жагымсыз жыт чыкса
– Электр энергиясын көп сарптап жатканы байкалса
– Иштеп жаткан учурда кулакка жагымсыз үн чыгарганда


ТУУРА ЖЕРГЕ ОРНОТУҢУЗ

  • Кондиционерди каалаган жерге орнотууга болбойт. Эгерде дубалдын бооруна орното турган кондиционер тандасаңыз, анда ал шыптан 15 сантиметр ылдый орнотулушу керек. Мындай жол менен сиз бөлмөңүзгө абанын бирдей тарашын камсыздаган болосуз.
  • Аталган жабдуу эс алуучу бөлмөдө диван жана отургучтардан 2-3 метр алыстыкта орнотулушу шарт. Ошондо муздак же ысык аба адамга түз тийбейт.
  • Эгер уктоочу бөлмөгө орнотууну кааласаңыз, керебетиңиздин баш жагына орнотуңуз. Бул учурда кондиционерден чыккан аба маңдай жактагы дубалга же кандайдыр бир нерсеге тийип, андан соң бөлмөгө тегиз таркайт.
  • Меш, электр плиталарына жакын орнотууга болбойт.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
pero5184
2019-05-06 10:10:47
Эмненин зыяны жок өзү
+6
Komrad
2019-05-06 10:25:06
Абдан керектуу маалымат экен. Эгерде сырттагы 42° болсо, уйдо 34° ка коелубу??
+1
Sprite
2019-05-06 22:47:07
Куян тууралуу качан чыгарасынар,сураныч.
+2
Asylbek88.89
2019-05-07 15:23:07
Ушул кондиционердин айынан ооруп укол алып атам
+1
№ 861, 2-8-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан