Калыкбек Султанов, «Авангард-стиль» курулуш компаниясынын башкы директору: «АК ҮЙДҮ КОЁН ЖАТАГЫНА ЧЕЙИН БИЛЕМ»

Ийгилик сыры

"Дүнүйө бир тыйындан курулат" демекчи, арабызда алга умтулган кадамдары менен ийгиликке жеткен адамдарыбыз бар. Алардын арасында бир кезде Ак үйдүн дубалын тургузган, азыр белгилүү курулушчуга айланган каарманыбыз дагы бар. Биздин кезектеги маек Кыргызстандагы алдыңкы курулуш компаниялардын бирин негиздеген Калыкбек Султанов жөнүндө бол­мокчу.

– Калыкбек мырза, "Авангард-стиль" учурда Кыргызстандагы ири курулуш компания болуп саналат. Бүгүнкү ийгиликке кантип жетти­ңиз?
– Алгач окууга тапшырганымдан баштайын. Политехтен 1981-жылы инженер-экономист адистигин алып чыккам. Окууну аяктаарым менен курулуш тармагын тандап алып, 29 жылдан бери бирде жолдо, бирде жаңы курулуп жаткан имараттарда күн өтүп келет. Эң башында мастер, кийин прораб, инженер, начальник болуп отуруп, соңунда “Чүйпромстрой” трестинин (ишканалардын биримдиги) башкаруучусу болуп калдым. Анда Кыргызстан боюнча 5-6 гана трест бар эле. Анын арасында эң жаш башкаруучу иретинде дайындалууга жетишкем.
– Эмгек тажрыйбаңызды кайсы имаратты куруу менен баштагансыз?
– Менин курулуш тармагындагы алгачкы иштеген жайым – Ак үй. Жаңы курулуп жаткан Ак үйдө 1982-1984-жылдары иштеп жүрдүм. Бир жылдай мастер болуп, анан 120дай кишини башкарган прораб кызматына көтөрүлдүм. Ак үйдүн жер төлөсүнөн баштап 7-кабатына, анын ичинде президенттин кабинетине чейин колум тийди. Курулуш аяктагандан кийин паспортубузга 5 жылга чейин башка өлкөгө чыгууга тыюу салган белги басышкан. Бизге Ак үйдүн долбоорун да карматышчу эмес, анын сыртында “өтө жашыруун” деген жазуу бар болчу. Мен бул имаратты коён жатагына чейин билем.
– Мамлекеттик иштер менен жүрүп­түрсүз. Жеке ишкердикти баштоого ким түрткү берди?
– Ак үйдөн соң Казармандагы алтын комбинатын, Сары-Жаздагы калай комбинатын курууга катыштым. Бирок 1997-жылы Акаевдин учурунда артыман түшүп, кызматтан кетүүмдү талап кылып алышты. Бир жылдан кийин ишти таштадым, кийин трест да жоюлуп кетип, көп адамдар жумушсуз калышты. Бул учурда менин бир гана машинам бар эле. Өзүмчө фирма ачып, башында начальник, прораб, мастер да болууга туура келди. Арадан 12 жыл өтүп, эмгектин үзүрү менен азыркы абалга жеттик.
– Кыргызстандагы кайсы белгилүү имараттар сиздин колуңуздан чыккан?
– "Хаятт" мейманканасы жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин реконструкциясына катыштык. Бишкек-Ош жолу курулуп жатканда түштүк кореялык "Samsung" корпорациясы менен онго жакын көпүрө курдук. Анын ичинде Төө-Ашуудагы тоннелди, буга жакын жайгашкан лаборатория, ашкана, постторду тургуздук. Жолдун четиндеги 14 миң бетон тосмо биздин монтаж менен жасалган. Бишкек шаарында көптөгөн турак үйлөрдү куруп, аларды сатуу менен алектенебиз. Ошондой эле борбор калаадагы "Red centre" соода борборун жана “Бета-Гурмет” ресторанынын курулушу дагы бизге таандык.
– Сиз жетектеген курулуш компаниясы кайсы тармак боюнча адистешип, алга озду?
– Союз учурунда Кыргызстандагы көпүрө­лөрдү куруу үчүн Казакстан жана Өзбекстандан адистер чакырыла турган. Бирок азыркы учурда биз өлкөбүздөгү көпүрө куруу боюнча адистешкен жакшы компаниялардын бирине айлана алдык. Алсак, Ат-Башыда Кыргызстандагы эң узун, 196 метрдик көпүрөнү салдык. Азыр япониялык “JIKA” уюму менен Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын үстүнө көпүрө куруп жатабыз.
– Сизди “Ата Мекен” партиясына кирди дешүүдө. Эмне үчүн бул партияны тандап алдыңыз?
– Чынын айтсам, мен ушул убакка чейин эки партияга мүчө болгом. Биринчиси – Коммунисттик партия, ал эми экинчиси – “Ата Мекенге” бир жарым ай мурун кошулдум. Бизде партиялардын саны көп, сапаты начар. Мен ошондой партияларды убара болуп ачкан саясатчыларды түшүнбөйм. Жүздөн ашуун партиянын ичинен омоктуусу үчөө-төртөө гана. Ал эми ошол 3-4 партиянын ичинен мен “Ата Мекенди” тандап алдым.
– Бийликке келип калсаңыз, кандай максаттарды ишке ашыргыңыз келет?
– Мен кызмат деп күйүп-быша бергендерден эмесмин. Бирок акыркы 3-4-чакырылыштагы депутаттарды көрдүк. Арасында элдин акчасына чет өлкөгө "турист" болуп баргандары да жүрдү. Эмнеге барып келгенин сурасаң, дурустап айтып бере албайт.
Мен депутат болуп калсам, белди оорутуп, көздүн майын агыза иштеш керектигин билип турам. Ал жакта түн ортосуна чейин иштегидей болуп барам. Кумурска уюгуна жем ташып келген сыяктуу ар бирибиз өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошушубуз зарыл. Кесиптик жана турмуштук тажрыйбаны эл үчүн жумшоого убакыт келди.
– Өмүр бою иштеп келген жумушуңузду калтырып кетүү оор эмеспи?
– Жок. Анткени чоң уулум дагы атасынын жолун жолдогон куруучу. Менин оюмча, уулумдун дагы колу-бутун жоорутуп иштөөгө убактысы келди. Ага компанияны таштап кетүүгө даярмын. Ал эми мен ишкерлер үчүн көптөн бери чечилбей жаткан маселелерди карап чыгууга салым кошкум келет. Биз канча жолу ыйлап кат жаздык, аныбыз каралбайт же ортодо жоголуп да кетет. Ишкерлер үчүн керектүү мыйзамдык өзгөртүүлөр өтө көп.
– Кыргызстанда акча табуунун жөнөкөй жолун айта аласызбы?
– Бардык эле мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда деле көп тармактар аркылуу акча тапса болот. Ага, биринчиден, адамдын талыкпас эмгеги, Кудайдан берилген талант жана жаратылыштан берилген жөндөм керек. Кандайдыр бир тармакты айтуудан алысмын, бирок жогорудагы аталган сапаттар болсо, адам бардык жерде акча таба алат.
– Насыя алып көрдүңүз беле?
– Үч жыл мурда акча тартыш болуп калып, банктан 400 миң доллар алгам. Бир жылга деп алганым менен, жарым жылдан кийин 20 миң доллар үстөгү менен төлөп бердим. Бизде коюлган пайыздардын көлөмү кымбат. Насыяны кандайдыр бир максатка пайдаланса гана өз үзүрүн берет. Бизде болсо, кредитти алышат, бирок таптакыр башкага коротуп салышат. Насыя – карыз, аны башка нерсеге жумшадым дегиче, жолдон адашасың.
– "Түн – бакырдыкы" деген топко кошуласызбы же таңкы ырыскыга ашыккан адамсызбы?є
– Жаш кезде эки топко тең кирчүмүн. Анткени куруучулардын жумушу жайдыр-кыштыр таңкы саат 6-7де башталат. Союз учурунда кечинде чоң курулуштарда чогулуш болот эле. Азыр тынчына карап, кечинде көп иштейм. Ал эми жумушка саат 9-10дордо келем.
– Эгерде “Ийгиликтин сыры” деген китеп жазсаңыз, баш сөзүн эмне деп баштаар элеңиз?
– Бала кезде ырларым бар эле. Студент кезде “Политехник” деген басылмага 3-4 макала жазып чыгарганмын. Ошондой китеп жазып калсам, башын “талыкпас эмгек адамга бакыт алып келет” деп баштайм. Демек, ал кесибим жөнүндө болот.

– Депутаттыкка талапкер болуу менен эмнени көздөдүңүз?

  • Бизнеске жол ачууну;
  • Байлыкка жетип, эми бийликтин даамын татууну;
  • Башка маанилүү себеби бар.

– Депутаттык менен жеке бизнести өстүрөм деген оюм жок. Кудайга шүгүр, өзүмдүн таман акым менен тапканым жетишет. Бир гана ой бар. Иштеш керек. Мамлекет көтөрүлсө, баарыбызга жакшы.

– Азыр сиз үчүн эмне маанилүү?

  • Өлкөнүн, үй-бүлөнүн тынчтыгы;
  • “Ата Мекен” партиясынын шайлоодон жеңип чыгышы;
  • Башталган курулуштун убагында бүтүшү.

– Мен үчүн мамлекетте тынчтык жана ынтымак болсо, ырыс да болот. “Ата Мекен” өзүнүн ордун таба алат. Ал эми компаниянын иштери калыпка түшкөн, ага кам санабайм.

– Ишкердикке байланыштуу кайсы кесип ээлерине көп пара бергенсиз?

  • МАИ кызматкерлерине;
  • Салыкчыларга;
  • Бажыканачыларга;
  • Мамлекеттик каттоо кызматына.

– Жол эрежесин бузуп коюп, МАИчилерге пара берген учурлар болгон. Салыкчы менен бажыканачыларга түзмө-түз кезикпедим, анткени алар менен бухгалтер жана юристтерибиз иштешет.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Bolo
2010-07-26 10:30:20
Шаарда ушул "Авангард стиль" фирмасынын салган уйлорун билем. Жал кичи районунда курулган (бутпой калган эски уй болчу) 5 кабаттту уйдун курулушун кундо жумушка бара жатып корчумун. Тартип бар экени, сапат жагына чон конул бурулары сыртан эле корунуп турчу. Кыргыз, ушундай иш билги агаларыбыз бар экени кубандырат.
0
Мираж
2010-07-29 15:13:31
Баласы Темирлан красавец го ;) Молодцы, ушундай сабаттуу, таза, жогорку коомдун талабына жооп бере алган мыкты кыргыздар коп болсо. Аялы да достойная экен. Браво!!!
0
malikadina
2010-08-01 22:06:42
Мен бул кишиге ишенбеймин.
+1
№ 403, 23-29-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан