Германиядагы клиникалардын биринде комада жаткан бейтап Мунира Абдулла 27 жылдан кийин эсине келди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, ал 1991-жылы жол кырсыгына кабылып, баш мээсинен оор жаракат алган. Унаада Мунира, анын 4 жаштагы баласы жана күйөө баласы болгон. Кырсык учурунда ал баласын денеси менен тосуп сактап калган.
2018-жылдын июнь айында Мунира Абдулла көзүн ачып, үн чыгара баштаган. 3 күндөн кийин ал баласынын атын айткан. "Жакшылыктан үмүт үзбөгүлө. Дарыгерлер мага апамды дарылоонун кереги жок экенин айтышчу. Апамдын эсине келерин сезгем. Мен ал үчүн бардык аракетимди жумшадым",- дейт уулу Омар Вебер.
Учурда Мунира дарылануусун Абу-Дабиде улантууда.
Дамира Арстанова
koom@super.kg