“KG club” тобунун “Бишкек” же “Пошла на ... Москва” аттуу ыры жөнүндө баян кылабыз. Ырдын сөзүн жазган аталган топтун мүчөсү Элдияр Кененсаровдун жумушу чачынан көп окшойт, айтор, маектешүүгө келе албасын билдирди.
БИР СӨЗ МЕНЕН ДҮЙНӨ КЕТЕТ КУРАЛЫП,
БИЗ СӨЗ МЕНЕН ДҮЙНӨ КАЛАТ УРАЛЫП
Кайсы жерге барба ушул ыр жаңырып, кафе-клубдарда бул ырга бийге түшкөн жаштардын саны арбын. Ушундан улам чын эле ырдын хит болгонун танбаспыз. Бул жакшы жагы. Ал эми терс жагы – бизге жеткен маалыматтар боюнча, аталган ырды уккан орус туугандар өз ойлорун айтып кейишкени. Чынында, биздикилер тамашалуу ыр катары кабыл алышат. Ал эми орус калкы аны түшүнөбү, кеп ошондо. Биз деле өзбек ырчысы Юлдуз Усманованын чыгарган ырына канча какшап, ардандык. Анын сыңарындай, “Пошла на ... Москва” дегенди уккан москвалыктар да рахматын айтпасы анык. Ошондуктан борборду мактайбызбы же ырчыны даңктайбызбы, эки калктын ортосуна көлөкө түшүрө турган ыр болбосо экен деп тилек кылабыз.
Анан да бул ырда “орустар, дунгандар, кыргыздар, кыргыздар, анан албетте, оштуктар...” деген сап бар. Эх, кыргыз болуп туруп оштук, көлдүк деп бөлүп-жарсак, башка улуттан биз жакшы мамиле күтөбүзбү? Ошол эле бөтөн улуттун чырагына май таамп жатпайбы, “өздөрү бөлүнүп, өздөрүн шылдың кылып” деп. Же андай эмеспи? Бир акындын “бир сөз менен дүйнө кетет куралып, бир сөз менен дүйнө калат уралып” деген учкул сөзүн эске салууга аргасызбыз, туугандар!
Бул ырда ырчы жигит Мирбек Атабеков даңкталат.
Андыктан Мирбектен комментарий алдык:
– Албетте, бул ырды уккам. Башында балдарга айткам, Москва жөнүндө айтылган сөз өтө эле одоно болуп калыптыр, башка сөзгө алмаштырып койсоңор болмок деп. Бирок алардын өз эрки да. Атымдын аталганы эле болбосо, буга менин тиешем деле жок. Аларга же ырдабагыла деп айтканга укугум болбосо. Андыктан бул ырдын жаңырышына каршылыгым жок. Ал эми орустардын берүүсүндө талкууланганы жалган болсо керек. Андыктан бул ырды тамашалуу ыр деп кабыл алып, москвалыктар көңүлүн чөктүрбөй эле коё турган нерсе.
Канат Култаев, продюсер:
– Бул ыр кантип, эмнеден улам жаралып калганынан кабарым жок. Башкалардай эле уюлдук телефондон уккам. Мирбектин ысымын атаарда сурап коюшса болмок. Бирок эми жакшы, тамашалуу ыр болуп жатпайбы, унчуга алган жокмун. Тамашалуу ыр деп кабыл алдым. Түз мааниде алып караганда, бир аз туура эмес болуп калган.
А Орусиянын телеберүүсүндө чырдуу ыр катары талкууга алынганын уккам, бирок көргөн эмесмин.
Раллия, бул ырдын кайырмасын сен коштоп
ырдаган турбайсыңбы, ээ?
Раллия, ырчы:
– Ооба, мен коштогом. Ал эми ырдын эң аягында “Бишкекке кош келипсиңер...” деген жерин “KG club” юмор тобундагы Элдиярдын келинчеги сүйлөгөн. Бул ыр “Ekаrecords” студиясында жазылган. Мен аталган ырды патриоттук ыр деп эсептебейм, жөн эле жаштардын юмор ыры деп айтам. Бул жөнүндө Андрей Малаховдун “Мейли, айта беришсин” (“Пусть говорят”) көрсөтүүсүндө талкуу болгонун көргөм. Бирок алар чычалагандай бул ырда москвалыктарга тийишкен эч ким жок. Болгону, алар аман эле болушсун, а бизде Мирбек “красавчик” деген сыяктуу тамашалуу сөздөр коштолгон.
“БИШКЕК”
Здесь крутые тачки, понты нагоняют,
Дорогу лишь одному уступают.
Ведь он здесь хозяин и он господин,
С госномером “01”.
Случились понты, ищешь номер ты в спешке,
Звонишь всем подряд, братанам и байкешкам.
Всем по фигу, кто у тебя за спиной,
В Бишкеке каждый пацан не простой.
В Москве есть Билан, а у нас Атабеков,
У них есть "Спартак", а у нас Атабеков.
Там Кремль стоит, а унас Атабеков,
Короче красавчик – Мирбек.
Это наш Бишкек, всей столице салам,
Всем малышкам и всем крутым пацанам.
Это наш Бишкек, не пустые слова,
Ну, а как же Москва?
Пошла на ... Москва!
Кайырма: Я люблю тебя, Бишкек!
тттттттттттттАта Мекеним!
Мы заходим в клуб, нас встречает столица,
Отжигаем реально, видим новые лица.
На танцполе всякие Бемы и Айки,
И прочие клубные чайки.
Девчёнки прутся от "Армани" и "Гуччи",
"Роберто Ковалли" не знают, что лучше.
Здесь у каждой лейбл совсем не простой,
До здравствует рынок “Дордой”.
Здесь казахи, кавказцы, узбеки, славяне,
Уйгуры, татары, корейцы, дунгане.
Кыргызы, кыргызы, кыргызы, кыргызы, кыргызы и конечно ошане,
Пусть каждый знает, пусть знает страна.
Мы золотом пишем свои имена,
Повторяй за нами простые слова, только Бишкек,
Пошла на ... Москва!
Уважаемые дамы и господа,
Наш самолёт совершил посадку в аэропорту “Манас”.
Температура воздуха за бортом охренительная,
Наслаждайтесь нашим вечно зелёным городом,
Добро пожаловать в Бишкек!
Бурул Исмаилова
star@super.kg