«EXO’го» ТАМАК ЖАСАП БЕРГЕН D.O.

Жөнөкөй. Классташтары, үй-бүлөсү, топтун курамындагы жигиттер, бир сөз менен айтканда, До Кён Сунун айланасындагы адамдардын баары аны жөнөкөй деп сыпатташат. Бул жөнөкөй жигит ким? Окуучу До Кён Су кантип популярдуу Диого айланды? Алдыда суроолорго жооп издейбиз.

ДО КЁН СУ

Сахнадагы лакап аты (Дио)

Туулган жылы – 1993-жыл, 12-январь

Туулган жери – Түштүк Корея, Коян шаары

Бою – 173 сантиметр

Үй-бүлөдө – 2 бир тууган, агасы бар

Лейбл – «EXO» тобунун солисти, актёр

Тартылган белгилүү дорамалары – “Бардыгы жакшы, бул сүйүү”, “Менин кошуналарым - «EXO», “100 күндүк күйөө”

Тартылган тасмалары – “Араба”, “Аруу сүйүү”, “Байке”, “№7 бөлмө”, “Балдардын селкинчеги”

СЫЙЛЫКТАРЫ

2014-жыл “Жаш мыкты актёр”

2016-жыл – “Жарык жанган жылдыз”

2016-жыл – “Эң популярдуу актёр”

2017-жыл – “Эң популярдуу актёр”

2019-жыл – “Эң популярдуу актёр”

“ОКУУМА ТОСКООЛ БОЛОТ...”

Дио – учурда бир гана өз мекенинде эмес, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө атагы чыккан EXO тобунун солисти. Андан сырткары бир катар сериалдардын, тасмалардын көркүн ачкан таланттуу актёр.

До Кён Су бала чагында чыгармачылыкка аралашам деп ойлогон эмес. Бирок ырдаганды жакшы көрөр эле. Мектепте кандай иш-чара болбосун, микрофон алдында Кён Су турчу. Кайсы жерде музыкалык сынак болсо, кээде утуп, кээде утулганына карабай катыша берчү. Музыкага болгон сүйүүсү ушунчалык, ал ата-энеси берген күнүмдүк акчасын чогултуп, атайын вокалдан сабак ала баштайт. 2010-жылы Түштүк Кореядагы белгилүү SM Entertainment агенттигине ырчылар кабыл алынып жатканын угуп, кастингге барган. Тандоо турунан өтүп, стажировкага алынган жигит ийгилигин эч кимге айткан эмес: “Мектепте дагы 2 жыл окушум керек болчу. Менин белгилүү агенттик менен иштеше баштаганымды билишсе, окуума тоскоол болушат деп эч кимге айткан эмесмин”,- дейт жөнөкөй жигит.

ТАСМАГА КАРАЙ ЖОЛ...

2012-жылы EXO” «What Is Love» ырын элге тартуулап, ага кошумча топтун курамындагы 8-ырчы катары До Кён Су менен тааныштырышкан. Топтун эң алгачкы “ХоХо” альбому миллиондон ашык нускада сатылып, 12 жылдан бери корей ырчылары жете элек ийгиликти багындырат. Ийгиликтин артынан дагы ийгилик – “Жылдын альбому” номинациясы топтун сандыгында. Баш айланткан популярдуулук топтун курамындагы ар бир ырчыга, анын ичинде биринчилерден болуп Диого жаңы эшик ачкан. Ал тасмага карай жол болчу...

Эң алгач актёр катары өзүн сынаган Дио “Араба” деген тасмага тартылып, ошол эле тасманын саундтрегин да аткарган. Көп өтпөй “Баары жакшы, бул сүйүү” дорамасында психикалык ооруга кабылган баш каармандын галлюцинациясындагы адамдын ролун жаратат. Актёрдук сабаты жок болсо да, оор персонаждын образын мыкты ачып бергени үчүн 2014-жылдагы мыкты 40 актёрдун арасынан кино сынчылар Диого жакшы баа беришкен. Бул тасмадагы ролу үчүн “Жаңы мыкты актёр” номинациясына талапкер болгон.

“ЭҢ МЫКТЫ АКТЁР”

2015-жылы кайрадан тасмадагы ийгилик. “Салам, монстр” дорамасында психопаттын образын мыкты ачып бергени үчүн көпчүлүктүн мактоосуна, колдоосуна арзыган. Анын оюнуна дээрлик жаман комментарий жазылып же айтылган эмес. Бул ийгиликтин дагы бир ачкычы эле. Учурда Дио кайсы тасмада кандай роль жаратпасын, кино сүйүүчүлөрдүн колдоосуна арзып келет. Буга далил – быйылкы жылы да Baeksang Arts Awards фестивалында кайрадан До Кён Су “Эң популярдуу актёр” наамын утуп алды.

ТАРТИПКЕ, ТАЗАЛЫККА БЕКЕМ ДО КЁН СУ

Эми сахна артындагы Кён Сунун дүйнөсүнө баш багалы. Дионун атасы ишкер, апасы бийчи. Алар эки уулун тең эркин өстүрүшкөн. Кён Су ырчы болгусу келгенин айтканда биринчи колдоочулары ата-энеси болгон. Бир карасаң Дионун ыр жазып, битбокс менен алектенип отурганын көрөсүң. Бирде дзюдо, жиу-житсу менен машыгып жатканын байкоого болот.

Көзү астигматизм оорусунан жабыркагандыктан, дайыма линза тагынып жүрөт. Ызы-чууну жактырбайт: “Мен өзүмдү түнт адам деп эсептейм. Бейтааныш адамдын жанына барып сөз баштоо мен үчүн оор. Өзү биринчи келип сүйлөшсө экен дей берем. Бирок досторум менен тамашалашканды жакшы көрөм”,- дейт Кён Су. Көпчүлүк убактысы “ЕХО’нун” балдары менен өткөндүктөн, алар Диону мындайча сыпатташат: “Кён Су тартипке, тазалыкка бекем. Кийимдерибиз же буюмдарыбыз чачылып калса, аркабыздан тажабай ээрчип, жыйна деп мээбизди жей берет. Айла жок жыйнаганга туура келет. Тамак жасаганды жакшы көрөт, өзгөчө спагеттини сонун жасайт. Бизге дайыма тамак жасап берет”. Баарына камкор До Кён Су ийгиликтерин чыдамсыздык менен күткөн күйөрмандарын келечекте да кайдыгер калтырбайт деген ишеничтебиз.



Урматтуу К-рор күйөрмандары, мындан ары «Супер-Инфонун» ар бир санынан корей жылдыздары тууралуу кызыктуу маалыматтарды окуй аласыздар. Кайсы жылдыз жөнүндө окугуңуз келсе, гезиттин Инстаграмдагы super_info_official расмий баракчасына сунушуңузду жазсаңыз болот.


Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
love_you
2019-05-06 10:00:51
Корейлерди ажырата албайм, инкубатордон чыккан жожолордой болуп,опокшош. Боенуп алышса эле кызыктай боло берем булар колдонгон косметиканы биз элестете да албасак керек)))
+7
vikidiki
2019-05-06 13:15:25
Кебетисинен, ысымдарынан дагы адашасын го чиркин. Накта куйормандары эле ажыратышпаса.
+4
Alia-bekzat
2019-05-07 14:56:12
Кыздардан айырмаланышбайт назик болуп
+3
XATSAN125
2019-05-07 21:41:23
туруп даарат алганы эле болбосо кыздан айырмасы жокко.Менин жанымда эки кун иштесе 17 кун дак суу иче турган кылып иштетмекмин.Экинчи боёнбой турган кылып
0
tihonkg
2019-05-11 13:51:15
Мен иштенен шаарда жашайт, коян илсан, каристердин майрамында ырдап жургон плошатта
0
Kamchybek-007
2019-05-11 16:31:37
tihonkg,жазышты үйрөтүп койчу бизге дагы))))
+1
tihonkg
2019-05-11 13:53:00
Коян илсан деген шаар мен иштеген, кече жакында майрамдары боллуле плошадында ырдап жургон
0
Elaman_Arypov
2019-05-13 01:56:29
Кыздар неге жакшы корушот ушуларды эч тушунбойм
0
№ 861, 2-8-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан