Арстанбек Абдыманов: «ЭЖЕКЕМЕ МЕН СЕНИ СҮЙӨМ, СЕНИ АЛАМ ДЕП КАТ ЖАЗГАМ»

Алтын балалык

1998-жылдан тарта ди-джей катары жагымдуу үнү менен күйөрман топтоду. Ал – Арстанбек Абдыманов. Ал үстүбүздөгү жылы “Сезим” радиосун ачып, азыр көпчүлүк сүйүп уккан үналгылардын катарына кошо алды. Мына ушул жигит артта калган күндөрүнө кайрылып, таттуу балалыгын эске салат.

“ЧОҢ ЭНЕМДИН БАЛАСЫМЫН”
– Чоң эне деген сөз мага алысыраактай сезилет. Анткени чоң энемди апа дечүмүн. Төрөлгөндөн баштап эле апамдын колунда өстүм. Апамдын айтуусунда, аябай алы жок, кичинекей болуптурмун. Айылдагы Сайнаш эжем атайын Таш-Көмүр шаарына барып мүшөктөп анар алып келчү экен. Анан аны сыгып, ширесин кашыктап берип жүрүп адам кылышыптыр. Доктурларга көрсөтүшсө, “адам болбойт” деп коюшкан экен.

“МЕНИН СҮЙҮҮМ. КЫЗГАНЧААКТЫГЫМ. ТЕНТЕКТИГИМ”
– 2-класста окуган кезим. Азыр ойлосом, сүйүү эмне экенин эрте түшүнгөн окшойм. Биринчи сүйүү катым орус тили сабагынан берген Луиза эжеге арналган. Төрт бүктөлгөн кагаздагы сөздөр кечээ жазгандай дапдаана көз алдымда. “Мен сени сүйөм, сени алам” деген элем. Сабактан чыгып алып күнүгө эжекенин артынан аңдыйм. Ал жигити менен жолугушат. Эртеси кызганганымды сураба. Кызганычтан сабак өткөрбөй тентектик кылып, эжекеге кекене берчүмүн.
3-классмын. Аябай тентек элем. Бир классташымды укмуш жаман көр­чүмүн. Эмнеге аны жаман көрөрүмдү деле түшүнбөптүрмүн, көрсө, балалык экен да. Жек көргөн баланы күнүгө сабайм. Анын апасы класска кирип келип эле мугалимдин көзүнчө күнүгө келип төпөштөп кетет.
Мектепте бейбаштык кылуу менен бирге окуганды да билчүмүн. Төрт алсам, эмнеге беш эмес деп көз жаш төккөн да күндөр болгон. Бир нече жолу жакшы окуучу катары грамота да беришкен.

“АГАМ ЭКӨӨБҮЗДҮН МУШТАШЫБЫЗ ЧОҢОЙГОНДО ТОКТОДУ”
– Биз эки бир тууганбыз. Менден эки жаш улуу агам Марс менен укмуш мушташчумун. Ал мени кичинекей деп аяйт. Артынан кубалайм, жетпей калсам таш менен урам. Сологоймун да, сологойлордун колу түз болот эмеспи, ыргыткан ташым таамай тийип, агамдын денесин көп эле жолу көгөрттүм. Экөөбүз ал аскерге кеткенде гана мушташканды токтоттук.

“АПАМДАН БИР ЗАМАТТА АЙРЫЛГАМ”
– 1992-жылы 19-августта Токтогулда катуу жер титиреди. Мен анда борбордо 8-класста окучумун. Каникулга чыгып, апам жана атамдын карындашынын кызы үчөөбүз жайлоодо элек. Мен кымыз алып келгени эшекти токуп алып коңшу жылкычыга кеткем. Ошондо жер титиреп, апам менен карындашымды тоо басып калган.
Биздин боз үй эки коктунун ортосундагы сайдын жээгинде болчу. А мен барган малчынын үйү тоонун башында экен. Ошон үчүнбү, алар көп деле жабыр тартышкан жок. Жылкычы жер титиреп жатканда эле дүрбүсүн колуна алып “сайдын ичи боз ала чаң болуп калды, апаңа жөнө” деди. Бутума турсам эле ыргытат, чалынып жыгылып, кайра турам. Жер улам-улам силкине берди. Мен эки колум менен башымды кучактап алып бир таман жол менен үйгө тызылдап чуркадым. Өйдө жактан таштар кулап жатты. Бирок мага бир дагы таш тийген жок. Келип эле үйдү таппай калдым. Сай тептегиз болуп калыптыр. Боз үйдүн ууктары, уйдун буттары чыгып турганын көрүп, 5-6 метр топурак басып калганбы деп ойлогом. Көрсө, 5-6 эмес, 30-40 метр басып калыптыр. Эмне кыларымды билбей буркурап ыйлай бердим. Бир убакта эсиме келдим да, жалгыз аяк жол менен жаканы көздөй жөнөдүм. Өзүмдү-өзүм башкара албай дендароо болуп калдым. Туугандарга барып айтсам, алар жайлоого жөнөштү. Ошентип, апамды 41 күндө, карындашымды 47 күндө жер алдынан тапканбыз. Апамдан, карындашымдан айрылгандан кийин Токтогулда агамдын колунда калып, мектепти ошол жерден бүттүм эле. Апам жер титирөө болорго эки күн калганда түшүн айтып берген.
Түшүндө чоң атам боз үйгө эшекчен бастырып келип “кемпир, болду, жүрү эми” деп артына учкаштырып алып кеткен экен. Бир ачуу кыйкырык угулат. Апам артын караса, мен ыйлап экөөнү кубалап келатыптырмын, бирок жетпептирмин. Апа, коюңузчу, каяктагы нерсени айтып коркутпай. Сиз бизди таштап каякка кетмек элеңиз деп койгом. Бирок апамдын түшү дал келип, эки күндөн кийин о дүйнө салды. Азыр жыл сайын 19-августта туугандар менен ошол жайлоого барып куран окутуп турабыз.
Апам сөзмөр, чечен, бир нерсени алдын ала сезген адам эле. Төлгөнү укмуш тартчу. Жер титирөө болорун алдын ала сезчү. Азыр ошол туюм менде да бар. Жер титирей турган болсо, бутумдан башталган калтырак өйдө жылып отуруп башыма чыгып кетет. Балким, ошол каргашалуу күндүн таасиридир...

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bakyl
2011-12-30 20:17:18
ОООйййй Арс байке алга!!!!
0
№ 403, 23-29-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан