Айсулуу Тыныбекова, балбан: «ОЛИМПИАДАДА ИЙГИЛИК БАГЫНТУУ – ӨЛКӨ АЛДЫНДАГЫ ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИГИМ»

28-апрелде Кытайда күрөш боюнча Азия чемпиондугу жыйынтыкталып, Кыргыз өлкөсүнүн балбандары ийгиликтүү кайтышты. Балбандарыбыз бул чемпиондукта жалпы 8 медаль тагынышты. Алардын арасынан грек-рим күрөшүндө Үзүр Жусупбеков биринчиликти багындырса, кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова өз карьерасында үчүнчү ирет Азия чемпиону аталды. Көптөн бери маек бере элек спортчу кыз бул жолу суроолорубузга жооп бергенге убакыт тапты.

– Айсулуу, жеңишиң менен куттуктайм. Сен үчүн Азия чемпиондугу кандай өттү?

– Рахмат. Азия чемпиондугу мен үчүн катардагы эл аралык мелдеш сыяктуу болду. Себеби андагы деңгээл мен үчүн жаңылык болгон жок. Финалдагы беттеш оңой болбоду. Утулуп жатсам да өзүмө болгон ишеним бар болчу. Өзүмдү жоготпой, сүрдөнүүгө да алдырган жокмун. Машыгууда кылып жүргөн ыкмаларды колдонууга мүмкүн болду. Ал жакта күйөрмандар да абдан колдоп жатышты. Кытайда жашаган мекендештерибиз утулуп жатканда тынчсызданып жаткандарын айтышты. Акыры жеңиш меники болду.

– Финалда 1:6 эсебинде утулуп жаттың. Тыныгууда эмне ой келди?

– Тыныгууга чейин 6 упайга утулуп жаттым. Беттештин 2-бөлүгүндө дагы 3 мүнөт бар. Аны туура колдонуп, упай алса болот деп ойлоп жаттым. Машыктыруучум беттеш тактикасын алмаштыруу керектигин айтып, белден өйдө кармашуу керек болду. Өзүм акыр-аягына чейин утам деп ишенип жаткам. Акыркы 5 секунд же 1 секунд калабы, аягына чейин күрөшүп жеңсе болот. Бир карасам беттеш бүтөрүнө 16 секунд калыптыр. Ошондо жеңиш алып келген чабуулду жасап кеттим. Бул чемпиондукта болгон 100 пайыз күчүмдү колдондум деп айтпайм. 60-70 пайызын гана колдондум десем болот. Мен үчүн Кыргыз өлкөсү алдындагы башкы жоопкерчилигим – бул Олимпиада оюндары. “Токио-2020” оюндарында ийгилик багынтуу – башкы максат. Ал эми калган мелдештер бул оюндарга даярдык.

– Эзелки атаандашың япон Каори Ичо 57 килограмм салмакта, сен 62 килограмм салмакта күрөшүп жатасыңар. Бул кадамга атайын бардың беле?

– Олимпиадалык салмакта 57 жана 62 килограмм салмакка чейинки категориялар бар. Мен мурун 59 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашып келгем. 62 килограмм салмакка өткөнүмө 2 жыл болуп калды. Бул Каори Ичого байланыштуу эмес. Мен үчүн 62 килограмм салмак ыңгайлуу. Бул машыктыруучулар менен кеңешип чечилген чечим болгон.

– Ушундай мелдештерде келечектеги Олимпиададагы атаандаштарыңды байкап турсаң керек?

– Ар бир каршылашка даярданабыз. Быйылкы жылы Нур-Султан шаарында Дүйнө биринчилиги сентябрь айында өтөт. Анда Олимпиадага жолдомолор 1-орундан 5-орунга чейин алган балбандарга берилет. Негизи Олимпиадага жалпы 16 спортчудай катышса, анын ону ким болорун алдын ала болжолдуу билебиз. Алардын ар бирине өзүнчө тактикалык даярдыктар өтөт.

– Көбүнесе спортчулар каражат жетишпегендиктен тиешелүү жыйынтыкты көргөзбөй келишет. Акыркы жылдары балбандардын көрсөткүчтөрү алга өстү...

– Бул мамлекет көрсөткөн колдоонун үзүрү деп айтат элем. Көп жылдык мээнеттин аракеттери кайтууда десем жаңылышпайм. Мамлекет тарабынан, федерация тарабынан колдоо болуп жаткандыктан көрсөткүчтөр өсүп жатат. Андыктан биздин жеңиштер бардык кыргызстандыктардыкы. Буга чейин эч кимге айта элек болчумун. Күрөш федерациясынын вице-президенти Жаңы жылга белек кылып, Toyota CH-R үлгүсүндөгү унааны мага тапшырган эле. Ал унаага отурган сайын ыраазы болом. Муну эмгектеримдин кайтканы деп билем. Ушундай колдоо болуп жатканына ыраазы болом.

– Эми эс аласыңбы? Кантип эс алганды жакшы көрөсүң?

– Чындыгында, мен дагы эл катары эс алгым келет. Бирок алдыда олуттуу мелдештер күтүп тургандыктан дароо эле машыгууларды баштадык. Эң негизгиси, Олимпиада оюндарына жолдомо ала турган мелдештер болот. Негизи активдүү эс алуу жагат. Тоого чыгуу же футбол, баскетбол ойноо. Шаарда болгон учурда велосипед тээп эс алганды жакшы көрөм. Буюрса, “Токио-2020дан” кийин көп убакытка эс алууга чыгам.

– Негизи эле акыркы убакыттарда ЖМКларга маек бергениңди көрбөй калдык. Буга эмне себеп болду?

– “Рио-2016” оюндарынан кийин ушундай чечимге келгенбиз. Себеби ар кандай интервью, телеге тартылуу дегендер убакытты алып коёт экен. Мен үчүн ар бир саат маанилүү. Андыктан машыктыруучуларым менен кеңешип, убакытты туура пайдалануу керек деген чечимге келдик. Эми Олимпиадага чейин маек бере албайм.

– 2020-жылга чейин өзүмдү спортко арнайм дедиң эле...

– Бул сөздөрдү Риодогу Олимпиададан кийин айтсам керек. Жүрөгүмдөн чыккан сөз болчу. Чындыгында, 2016-жылы жеке жашоом тууралуу ойлонгом. Бирок Олимпиада дегенден кийин жеке жашоону азырынча токтото турайын деп чечкем. Азырынча 2020-жылга чейин өзүмдү спортко арнап койгом.

– Ийгилик!

"Жаратылыш коюнунда эс алганды жакшы көрөм".
"Азия чемпиондугунун эртеси эле машыгууга кириштик".

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
salimbek87.kg
2019-05-06 09:27:59
Азаматсын Айсулуу дайыма ийгилик коштоп журсун Кудай озу колдосун амиин
+5
PrinsessaNuri
2019-05-06 10:46:04
Чыныгы патриот кыз. Жеке жашоосун ойлобой дагы эле кыргыз элин дуйного таанытсам деп журот.
+2
karona12
2019-05-06 21:17:37
Айсулуу азамат бактылуу бол соссуз чемпион болосун олимпиадада.
+3
№ 861, 2-8-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан