Канат Келдибеков, мушкер: «UFC`де БИЗДЕН АЛСЫЗ МУШКЕРЛЕР БАР»

Жүрөгүндө жалыны бар, кыргыз деп күйгөн эр-азаматтар аз эмес. Алардын бири – Тайсон деген каймана ысымы менен таанымал Канат Келдибеков. Бүгүнкү биздин каарманыбыздын ийгилигинин артында канча деген эмгек, кандай татаал тагдыр бар экенин көптөр билбесе керек.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Толук аты-жөнү – Келдибеков Канат Келдибекович

Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 27-март,

Туулган жери – Нарын шаары

Каймана аты – Тайсон

Бою – 170 сантиметр

Салмагы – 72 килограмм

Профессионалдык беттештеринин саны – 16 (12 жеңиш, 4 жеңилүү)

Жетишкендиктери – Эрежесиз эр уруш боюнча Кыргызстандын 2 жолку, Евразиянын 2 жолку чемпиону, Дүйнөлүк кулатуу федерациясынын (WEF) Гран-при мелдешинин жеңүүчүсү

Үй-бүлөдө – 10 бир туугандын төртүнчүсү

Учурда – Үй-бүлөлүү, 3 кыз, 1 уулдун атасы

– Салам алейкум, Канат мырза. Ден соолуктарыңыз жакшыбы?

– Алейкум салам. Кудайга шүгүр, баары жакшы. Учурда бутумда кичинекей жаракатым бар. Ага карабастан машыгуу өз нугунда өтүп жатат. Буюрса, кийинки беттешке чейин айыгып калат.

– Жакында эле Дүйнөлүк кулатуу федерациясы (WEF) уюштурган Гран-при мелдеши өтүп, чемпиондук кур сизге буюрду. Бир эле күндө 4 беттеш өткөрүү оор болдубу?

– Албетте, бир нече сааттын ичинде 4 беттеш өткөрүү кыйынчылык жаратты. Себеби 4 беттеште тең кыргыздын мен-мен деген мушкерлерине каршы турдум. Кудай буюруп, чемпиондук курду багындырдым.

– Жарым финалда мушкер Алимардан Абдыкааров менен кез келип, беттештин алгачкы секунддарында эле нокдаунга түшүп калганыңызга карабай атаандашты жеңип алдыңыз...

– Алимардан менин иним, чогуу бир залда машыгып келебиз. Октагонго бардыгы жеңем деп чыгат. Бирок биринчи раундда эле агрессивдүү болуп, дароо эле катуу сокку урат деп күткөн эмесмин. Беттеш башталгандан кийин эле анын соккусу таамай тийип, мен нокдаунга түшүп калдым. Ал болсо дагы бир нече катуу соккуларын узатууга жетишти. Мен тайманбастыгымды көрсөтүп, эптеп сактанууга аракет кылып баштадым. Ошол учурда анын башын кармап калдым, анан ошол менен муунтуу ыкмасы менен жеңишке жеттим.

– Алгач бокс менен машыкканыңызды билебиз. Кандай себептерден улам эрежесиз эр урушка өтүп кеттиңиз?

– 3 жыл бокс менен машыктым. Боксто көп беттештердин тагдыры упай айырмачылыгы менен чечилет. Мага упай менен чечилгенде каршылашыма тартып койгондой сезиле берчү. Акыркы жолу Кыргызстандын бокс боюнча биринчилигинде рингге чыккам. Ошондо машыктыруучу агайым Кенжебек Акелбаев беттеш алдында “ушул беттешти утпасаң келбе” деп намысыма тийип айткан эле. Мен упай эсебинен жеңилип калып, агайымдын айтканын түз түшүнүп, бокстон кетип калгам. Көрсө, ал менин намысыма тийип жеңишиң керек деп дем-күч берген экен. Ошентип боксту таштагандан кийин үйлөнүп, Нарынга көчүп бардым. Ал жактан эрежесиз эр уруш менен машыга баштадым.

– Эрежесиз эр урушта деле упай менен жеңилип калуу коркунучу бар да...

– Бул жерде беттешти аягына чейин чыгарбай эле каршылашты жеңип коюу мүмкүнчүлүгү жогору. Себеби ар кандай ыкмаларды колдонуу менен атаандашты жеңүүгө болот. Мен дайыма беттештерди аягына чыгарбай, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетүүнү көздөйм.

– Беттеш алдында шоу кылганды жакшы өздөштүргөнсүз. Мындай кадамдарга атайын барасызбы же беттеш алдында эмоцияны кармоо оор болуп калабы?

– Мен беттеш алдында кыйкырып, өзүмдүн эмоцияларымды көргөзүп, өзүмө-өзүм дем-күч берем. Экинчи жагынан мындай аракетим менен каршылашыма психикалык басым жасагым келет. Ошондой эле шоунун болушу же болбой калышы атаандашка байланыштуу болот.

Эгер каршылаш оор басырыктуу, эмоциясын билдирбегендерден болсо, мен дагы ага ошондой мамиле кылам. Ал эми кээ бир агрессивдүү мушкерлерге мен дагы өзүмдүн агрессивдүү экенимди көргөзөм.

– Профессионалдык спорт менен үй-бүлөнү бакса болобу?

– Спорт менен үй-бүлөнү багыш кыйын. Ата-энем “балам, спортуңду таштап, жакшы бир жумушка кирип, үй-бүлөңдү бакпайсыңбы” деп айтышат. Бирок мен спортко сүңгүп кирип кеткендиктен эрежесиз эр урушту таштай албайм. Үй-бүлөнү багыш үчүн башка иштер менен алектенгенге туура келет. 2012-жылы жаңыдан октагонго чыгып баштаганда Нарында “Тазалык” муниципалдык ишканасында жүк көтөргүч болуп иштегем. Андан кийин айдоочулукка өттүм. Бирок таксиден жакшы акча табуу кыйын болгондуктан, курулуш тармагында да иштедим. Үйдө материалдык көйгөйлөр жаралганда спортту таштап башка иш кылсамбы деп ойлоном. Бирок жүрөктө спортко болгон сүйүүм өтө күчтүү, андыктан спорттон кете албайм.

– Үстүбүздөгү жылдын январь айында Грозный шаарында Хусейн Шейхаевге утулуп калдыңыз эле. Жеңилүүнүн негизги себептери эмнеде деп ойлойсуз?

– Ал беттештин алдында Дагестанга барып даярдык көргөнбүз. Тилекке каршы, машыгуу учурунда чыканагымдан жаракат алып калдым. Ошондой эле бул беттешке мен 61,5 килограмм салмак ченинде чыгышым керек эле. Негизи өзүмдүн салмагым 73 килограмм. Анан 11,5 килограммга арыктоо мен үчүн кыйын болду, көп күчүмдүн баары ошого кетип калды. Ошонун натыйжасында физикалык жактан алсырап калдым. Жакындарымдын "беттешке чыкпай эле кой" дегенине карабастан беттешке чыктым, жеңилдим. Менин чоң катам туура эмес жол менен арыктаганым болду. Анын натыйжасында мен өзүмө толук келе албай калдым. Беттештин 1-раундунда эле менде физикалык күч жок экенин, шайым кетип калганын түшүндүм. Себеби сокку узатсам соккумдун күчү жок экени байкалды. Белден кармап көтөрүп чабайын деп аракет кылсам, көтөрүүгө күчүм жетпей койду. Анан ошондо энергияны, физикалык күчтүн бардыгын беттешке чейин эле жок кылып алганымды түшүндүм. Ага карабастан мен сынган жокмун. Беттештин аягына чейин каршылашым менен кармаштым. Бул жеңилүүдөн кийин мен кыргыз элиме карыз болуп калгандай, өзүмдү жаман сезип жүрдүм.

– Ар бир ММА мушкери UFC`нин октагонунда беттеш өткөрсөм деп тилейт эмеспи...

– Албетте, UFC`нин октагонуна чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Биринчи кезекте ал уюм менен келишим түзүш үчүн мыкты менеджериң, тааныштарың болуш керек. Ачыгын айтканда, UFC`де бизден алсыз мушкерлер бар. Тилекке каршы, азыр UFC эмес, андан жөнөкөй уюмдарга барып беттешүүгө шартыбыз жок болуп жатат.

– Эми кийинки беттешиңиз тууралуу айтып берсеңиз?

– Кийинки беттешим RFCH уюмунда 22-июнда болот. Каршылашым орусиялык Василий Разумовский. Ал эми АСА уюмундагы беттешимдин убактысы азырынча билине элек. Буюрса, ал беттеште сөзсүз жеңип, Кыргыз элимди сүйүндүрөм деп ишенем.

– Ар дайым жеңиш сизди коштоп жүрсүн.

"Ар бир беттеште мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетүүнү көздөйм".
"Кызымдын спортчу болушуна каршымын".
"Кулатуу федерациясынын чемпиондук курун жана автоунааны жеңип алдым".

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Aima94
2019-05-14 05:48:12
Азамат! Уулун жакшы болуп кетсин, улуу Рамазан айында тилеймин! Сюжет көрүп балана аябай жүрөгүм ооруп, эртээрек кулагы угуп калса экен Оомийин!
+9
bond02
2019-05-15 11:59:09
Анда эмнеге UFCге чыга албай жатасын деген киши жок да.
+3
wwwbaxa
2019-05-17 11:25:34
bond02, жакшы менеджер керек деп айтпадыбы.Ufc проходной двор беле барганды эле чыгарбайт.
+3
№ 862, 9-15май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан