«КУРУУЧУ» ААРЫЛАР

Сырттан байкаган кишиге аарылар бал челекке тынымсыз учуп кирип, учуп кеткендей элес калтырат. Чынында, аарылардын бал челектеги жашоосу өзүнчө эле бир чоң «ишкана». Дал ушул «ишканага» 50 жылдан бери аарычылык кесибин өркүндөтүп келе жаткан 80 жаштагы Жолдошов Таштанбек аксакал менен бирге саякат жасадык.

«ҮЙ-БҮЛӨ» КУРАМЫ
Бал челектеги 80 миңге жакын аарынын ар биринин өзүнө тиешелүү кызматы болот.
Эне аары – аарылардын санын көбөйтүп туруучу аары. Анын мындан башка кызматы болбойт. Эне аары канчалык күчтүү болсо, бал ошончолук көп алынат.
Трутен – эркеги («жатып ичер»), башкача айтканда, уруктандыруучу аары. Эркек аарылар шире чогулта алышпайт жана ийнеси жок болгондуктан, уюкту коргоого катышпайт. Трутен өз милдетин аткаргандан кийин эне аары аны өлтүрүп салат.
Үчүнчү топ «чоң армия» же «жумушчу аарылар» деп аталат. Булар ич ара топторго бөлүнүшөт:
«Санитарлар» – бал челектин ичиндеги тазалыкты көзө­мөлдөшөт.
«Күзөтчүлөр» – тартипти көзөмөлдөп, башка бал челектин аарыларын жолотпой, шире ташыбаган жалкоо аарыларды жазалап турушат.
«Малай» аарылардын милдети – эне аарыга кам көрүп, канаттарын тазалап, үшүсө үймөлөктөшүп жылуулап, ысыса канаттарын каккылап желдетип, аны бирдей температурада кармап туруу.
«Желдеткичтер» – бал челектеги аба нымдуулугун бир калыпта кармап, балдын сапатына жооп беришет.
Шире чогултуучулар – булар талаадан гүлдүн ширесин чогултуп, бал челекке ташып келишет.
Ширени кабыл алуучулар – алып келинген ширелерди кабыл алып, уяга куюп турушат.
«Чалгынчылар» – талаага учуп чыгып, ширелүү өсүмдүктөрдү таап, шире чогултуучу аарыларга багыт берип туруучулар.
«Таңгактагычтар» – бал бузулуп кетпеши үчүн ар бир уянын үстүн «сырдап», жыйнап турушат.

«СОЙКУ» ААРЫЛАР
Эне аары тукумдашуу үчүн бал челектен учуп чыгарда атайын жыт чачат. Ал жытты алгач эркеги искейт да, жерден 30-2000 метр бийиктикке чейин көтөрүлөт. Алардын артынан ургаачысы учуп барат да, ошол жерден уруктанышат. Эне аары бал челекке учуп келгенден кийин сыртка чыкпай, бир жай ичинде үч же төрт жолу жумурткалайт.
Негизинен, аарылардын саны мезгилге жараша өзгөрүп турат. Мисалы, жайдын толуп турган учурунда 1 бал челектеги аарылардын саны 80 миңге жетет. Ал эми кеч күздө 22 миңге чейин кыскарат. Бул сумманын 10 миңге жакыны гана жазга жетет. Алардын эсебин бал челекти таразага тартуу менен билип алууга болот.
Ургаачы аарылардын арасынан албууттарын да кездештирүүгө болот. Мындай аарылар трутендер менен бир нече жолу кошулуп, моокуму канбай калса, процедураны дагы бир нече ирет кайталайт. Булар менен кошулган трутендер ошол жерден өлүп, уяга кайтышпайт.

ААРЫЛАР ДА ООРУШАТ
Аарылар ветеринарияда кездешкен оорулардын бардыгы менен оорушат. Көбүнчө суук тийип, нымдуулук көбөйүп кеткен учурда инфекциялык ооруларга чалдыгышат. Жазында аарылардын инстинктин ойготуу максатында бир бал челекке 1 килограмм шире куюшат. Ошол ширеден көп ичип-жеп алышып, чычкакташат. Мындан сырткары аарылардын биттеп, ичине 1-1,5 сантиметр курттар пайда болуп кеткендерин да кездештирүүгө болот. Мындай учурларда атайын ветеринарларга кайрылып, дары-дармектерди, түтөтмө каражаттарды колдонууга болот.

ААРЫ – АГРОНОМ, ААРЫ – ДАРЫГЕР
Бакма аары – пайдалуу курт-кумурска. Ал кишиге аш болумдуу жана дарылык касиети бар бал, прополис, аары уусун жана фармацевтика, электр-техника, авиациялык өнөр жайында керектелүүчү мом (катуу чайыр) иштеп чыгат. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн чаңдаштырып, түшүмдүүлүктү жогорулатат. Ошондуктан аарыны «канаттуу агроном» деп да коюшат.
Аарыдан алынган эң негизги продукция бал болуп саналат. Кыргыз балынын үч чоң түрү бар. Булардын ичинен деңиз деңгээлинен 2500-3000 метр бийиктикте өскөн тоо гүлдөрүнөн алынган тоо балы калориясы, дарылык касиети жагынан күчтүү болуп саналат. Ал эми гүлдүү талаадан чогултулган бал менен кээ бир бак-дарактардан алынуучу бал диетага колдонулат.
Балдын курамында 300гө жакын пайдалуу заттар жана адамдын организмине зарыл болгон дээрлик бардык химиялык элементтер бар. Бал организмге тез жана 100 пайыз сиңет. Ошондуктан ал тамак сиңирүүнү, тамакка болгон табитти жакшыртат. Пайдалуулугу жагынан балга бир дагы жашылча тең келе албайт. Ал эми калориялуулугу жагынан ал нан, эт, боор, балыктардын катарында жүрөт. Балды пайдалануудан кандын түзүлүшү жакшырат, иммунитет көтөрүлөт. Ал күчтүү энергиянын булагы болуп эсептелинет, ошондой эле бал организмди мезгилинен эрте картаюудан сактайт.
Балды ар кандай түрдө колдонууга болот, бирок ошолордун ичинен эң натыйжалуу деп муздак сууга аралашкан бал эсептелинет. Мындай суусундук аз кандуулукка жардам берет, баш ооруну, баш айланууну, чарчоону жоготот. Мындан сырткары жүрөк, ашказан, остеохондроз ооруларына таасири күч.
Эскерте кетчү нерсе, балды чайга же сүткө салып ичип жүрүшөт. Андайда балдын дарылык касиети жоголуп кетет. Балды 40 градустан жогорулатпай колдонуу зарыл. Эч болбоду дегенде бал салынган идишти жылымык сууга салып эритип алуу кажет.
Мындан сырткары адистер атайын аарыга чактыруу жолу менен (апитерапия) кан басым, кургак учук, артрит, полиартрит жана башка ушул сыяктуу ооруларды дарылап келишет. Апитерапия аарынын уусунан аллергиясы барларга колдонулбайт.

ТАЗА БАЛ САТЫП АЛГЫҢЫЗ КЕЛСЕ...

  • Таза бал ооздун ичин, көмөкөйдү ачыштырып жиберет.
  • Таза балдын өңү күрөң тартып, кашыкка илип чойгондо 20 сантиметрге чейин үзүлбөшү керек.
  • Чыныгы таза балда суу болбойт. Кесим нанга балды сүртүп, 8-10 мүнөт күтө туруу керек. Эгер нан жумшарып кетсе, жасалма бал. Ага кошулган кант сиробу нанды жумшартып жиберет. Эгер нан жумшарбаса, анда таза бал.
  • Балды кагаздын бетине сүйкөп, анын үстүнө калем менен жазуу керек. Эгер жазуу көк түскө айланып кетсе, анда балда суу бар. Бул жасалма бал.
  • Жарым стакан сууга 2 чоң кашык балды аралаштыруу керек. Эгер аралашма киргилт тартып, бир аздан соң бал стакандын түбүнө тунуп калса, демек, бал таза эмес.
  • Балды чоң кашыкка салып, баттан айландыруу керек. Таза бал кашыкта айлана берет, жасалма бал болсо, агып түшүп калат.

БАЛ ААРЫЛАР ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ДАЛИЛДЕР...

  • Аарылар эч качан укташпайт.
  • Аарынын 5 көзү бар. Үч көзү башынын үстүңкү, ал эми экөө астыңкы бөлүгүндө жайгашкан.
  • Бал аары мүнөтүнө 11 миң 400 жолу канат кагат.
  • Жарым килограмм бал чогултуш үчүн 10 миллиондон ашык гүлдүн ширесин чогултушу керек.
  • Бир күндө 7 миңден ашуун гүлдүн ширесин чогултат.
  • Гүлдүн жытын 1 чакырым алыстыктан сезе алат.
  • Бир бал челектен орточо эсеп менен 10-20 килограммга чейин бал алынат.
  • Аарылар тубаса «математик» жана «куруучу» болушат. Бир уюкту курууга миңдеген аарылар катышса да, чиймеси жок болгону менен, баарынын формасы жана көлөмү бирдей болот.
  • Күчтүү “үй-бүлө” бир күндө 5-10 килограммга чейин бал чогулта алат.
  • Уянын ячейкаларынын алты бурч болушу, биринчиден, бош жер калтырбоо, экинчиден, “курулуш материалын” үнөмдөө болуп саналат.
  • Уюгун куруп баштаган аарылар бир жерден эмес, ар тараптан башташат да, бир жерден бүтүрүшөт. Ошого карабастан, эсеби таптак чыгат.
  • Аарынын уюктун жанына келип айланып “бийлегени” – анын ширелүү гүл тапканынын белгиси.
  • Жүндөн токулган жана кара түстөгү кийимдер аарыны дүүлүктүрөт. Ошондуктан аары менен иштегендер ачык түстөгү кийимдерди кийишет.
  • Аары түтүндү аябай жактырат. Түтүн аарыларды тынчытат. Чакпай калат.
  • Бал аары чаккандан кийин өлүп калат. Анкени анын ийнеси орокко окшош келип, бүт денеси менен туташкан.

ЭГЕР ААРЫ ЧАКСА...

  • Аары чакканда ийнесин дароо алып салуу керек. Болбосо, уусу толук бойдон денеге өтүп кетет.
  • Чаккан жерге музду же муздак суу куюлган бөтөлкөнү басуу керек.
  • Марганцовка кошулган муздак сууга (өңү мала кызыл болуусу шарт) бинтти малып, чаккан жерге басуу кажет.
  • Кыргыздын элдик медицинасында сүзмө, айран сыйпоо да колдонулат.
  • Аары чаккандан кийин кээ бирөөлөрдүн үнү чыкпай, дем алуусу кыйындайт, кээде муунган сыяктуу абал келип чыгат. Мындайга кабылгандар балды жебеш керек.
  • Аары жакындаганда ызы-чууга түшүп колду шилтегилебестен, тынч туруп калуу керек.


Жылмайып коюңуз

Эки кишинин маегинен:
– Уктум, бал аары бага баштапсың. Кандай анан, аарыларыңа ыраазы болуп жатасыңбы?
Бал челекчи:
– Аарыларыма аябай ыраазымын. Бал чогулта элекмин дечи. Бирок кошуналарымды айттырбай эле чагып жатышат, - дептир.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 403, 23-29-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан