Австралиянын Сейил бактар жана жаратылыш кызматы үч көздүү жыландын сүрөтүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Жылан Дарвин шаарынан 40 чакырым алыс жайгашкан шосседен табылган. Мекеменин кызматкерлери ага Монти Пайтон деген ысым ыйгарышкан. Адистердин айтымында, жыландын узундугу 40 сантиметр. Жыландын үч көзүнүн тең көрүүсү жакшы. “Бирок буга чейин үч көздүү жылан көргөн эмесмин. Бизде эки баштуу питон бар. Үчүнчү көз мутациядан улам пайда болушу мүмкүн”,- дейт серпентолог (жыландардын жашоосун изилдөөчү адис) Брайан Фрай.
Дамира Арстанова
koom@super.kg