Лондондогу Саффолк университетинин окумуштуулары Англиянын чыгышындагы тузсуз суулардагы креветкалардын организминен кокаин жана башка баңгизат түрлөрүн табышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматтарда айтылгандай, окумуштуулар Саффолк аймагынын ар башка тарабында жайгашкан 5 бассейнден креветкаларды кармап изилдөө жүргүзүшкөн. Профессор Ник Беринин айтымында, бассейндерге колдонулгандан кийинки баңгизаттар ташталышы мүмкүн. “Изилдөөнү улантышыбыз керек, бул бүткүл Улуу Британияда болуп жатабы же Саффолк аймагында элеби?”- дейт ал.
Дамира Арстанова
koom@super.kg