ХАЛАЛ СЕРТИФИКАТЫН КИМ БЕРЕТ? ЭМНЕНИН НЕГИЗИНДЕ БЕРЕТ?

Учурда өлкөдө "халал" деп аталган өндүрүш өнүгүүдө. Өлкөдө сатылып жаткан товарлардын жарнактарында “халал” деген сөздү колдонуу адатка айланды. Жадакалса ар кандай кызмат көрсөткөн ишканалар дагы мына ушундай тастыктамага басым жасашат. Акыркы күндөрү халал косметика, халал кийимдер жана халал оюнчуктар дагы пайда болду. Халал сертификаты, же кыргызча айтканда, адал деген сертификатты ким берет, эмненин негизинде берет, кайсы товарларга берилиши керек, аталган тастыктама маркетингдин куралына айландыбы деген суроолорго жооп издедик.

“ТАМАК-АШ КООПСУЗДУГУ САКТАЛГАНДА ГАНА ХАЛАЛ ТАСТЫКТАМАСЫ БЕРИЛЕТ”

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын шайкештикти баалоо системдерин жөнгө салуу жана халал индустрия бөлүмүнүн башкы адиси Алмаз Кайырбеков өлкөдөгү халал индустриясынын учурдагы абалы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:

– Халал индустриясы жаңы тармак. Эл "халал деген бизге арабдардан келген, арабдардын эрежелерин киргизип жатат" деп туура эмес түшүнбөшү керек. Бул кыргызча адал деген сөз. Халал деген сөздүн мааниси тазалык, акыйкаттык дегенди билдирет. Кыргыз өкмөтү 2015-жылы халал индустриясын өнүктүрүү концепциясын иштеп чыккан.

Кээ бир адамдардын “малды быссымылда” деп сойдук, демек, адал” дегени туура эмес. Тамак-аш коопсуздугу сакталганда гана халал тастыктамасы берилет. Бул иш боюнча биздин министрлик Дин башкармалыгы менен кызматташуу меморандумуна кол койгон. Азыр министрликтин алдында Стандартташтыруу жана метрология борбору бар. Ал орган диний башкармалык менен биргеликте халал сертификаттарын берет. Буга чейин жеке ишканалар гана берип келген. Ал учурда эл арасында "бул тастыктамалар туура берилип жатабы?" деген күмөндөр көп болгон. Элдин талабынан улам мамлекет дагы бул жакты көзөмөлдөп жатат. Учурда 30га жакын ишкана мамлекет тарабынан халал тастыктамасын текшерүүдөн өткөндөн кийин алышкан.

Бүгүнкү күндө такси кызматы үчүн, суу үчүн дагы халал деген тастыктама берилип жатат, бул туура эмес. Кабыл алынган концепцияда тамак-аш коопсуздугу гана каралган.

“ӨЛКӨДӨ ПРОДУКЦИЯЛАРДЫН ХАЛАЛ ТАСТЫКТАМАСЫНА ЖООП БЕРЕРИН ТЕКШЕРГЕН ЛАБОРАТОРИЯ ЖОК”

Халал сертификаты эмненин негизинде берилет деген суроого Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору Бердимамат Аданбаев жооп берди:

– Кыргыз өлкөсү 2015-жылы Ислам өлкөлөрүнүн Стандартташтыруу жана метрология институтунун мүчөсү болгон. Ал жакта жалпы ислам өлкөлөрүнө шайкеш келе турган стандарттар кабыл алынган. Биздин адистер аталган институттан окуп, квалификациясын жогорулатып келип турушат. Бүгүнкү күндө ошол адистер муфтияттын өкүлү менен бирге халал сертификатын алам деген ишканага барып, бизде каралган стандартка жооп берерин текшерет. Азырынча биздин өлкөдө продукциялардын халал тастыктамасына жооп берерин текшерген лаборатория жок.

“КИЙИМГЕ, ОЮНЧУККА ХАЛАЛ СЕРТИФИКАТЫН БЕРҮҮ АКЫЛГА СЫЙБАЙТ”

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва, диний адабияттар жана халал иштери бөлүмүнүн башкы адиси Бахтияр Токтогазы уулу халал оюнчук, халал кийим дегендер акылга сыйбаган нерсе дейт:

– Кыргыз өлкөсүндө халал стандарты боюнча иш-аракеттер 2014-жылы башталган. Учурда Экономика министрлигинин алдындагы стандартташтыруу жана метрология борбору менен биргеликте халал сертификатын беребиз. Бул тастыктаманы бизден башка дагы жеке ишканалар берет. Аталган тастыктама бир жылга берилет. Ишкер бул тастыктаманы алуу менен “халал стандартына ылайык иш жүргүзөм” деген милдеттенме алат. Биринчи кезекте Кудай алдында жооптуу, экинчиден, эгер халал эмес продукция чыгарса кардарлардын алдында аброюн бузуп, элди алдаган болот.

Эл арасында "бул сертификатты берүү бизнеске айланып кетти" деген сөздөр көп. Өкмөткө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги биздин бааларды көзөмөлдөп турат. Сертификат алуу 15 миң сомдун тегерегинде. Ал банк аркылуу ишке ашат. Демек, бул жерде эч кандай кошумча акча табуу жок.

Ал эми халал оюнчук, халал кийим деген нерселер туура эмес. Продукцияга жана кызмат көрсөтүүгө аталган тастыктама берилиши мүмкүн. Кийимге жана башка ушул сыяктуу нерселерди халал деп айтуу акылга сыйбаган нерсе.

“БАРДЫК НЕРСЕДЕ АДАЛ ЖАНА АРАМ БАР”

Халал сертификатын берген жеке ишкананын директору Мыктыбек Арстанбек адалды Кудай өзү бренд кылып берген дейт:

– Алла Таала уруксат берген нерселер адал, уруксат бербегени арам. Парфюмерияда, туризм тармагында жана башка бардык нерседе адал жана арам бар. Бүгүн Кыргызстанда халал деген түшүнүк тамак-аш тармагында гана колдонулуп келет. Коомчулукта адал сертификатына болгон талап азырынча күчтүү эмес. Ошондуктан кээ бир шылуун өндүрүүчүлөр "биздин уюбузду сакалчан соёт" деп алдай беришет. Эл болсо “аа, сакалчан соёбу?” деп ала берет.

Биздин ишкана сертификат берүүчү орган катары жеке компаниялар менен келишим түзүп, анан иш алып барабыз. Келишимдин негизинде алардын ишканасына биздин атайын окутулган адистер барып стандартка туура келерин текшеришет. Ушул кызматтар үчүн биз маяна алабыз жана кызматкерлерибизге айлык төлөйбүз.

Эл адал маселесинде Союз кездегидей ой жүгүртөт. "Адалды дагы бренд кылып алдыбы?" деп айтышат. Ооба, адалды Аллах Таала өзү бренд кылып берип, “Жашооңорду ушул бренд менен жашагыла” деп айтып жатат. Экинчиден, адалды бизнес кылып жатышат деп айтышат. Биз 25 жылдан бери капиталисттик системде жашап жатабыз. Бүгүн бардык нерсе бизнес. Бекер нерсе жок.

Кээ бир ишкерлер товарын жакшы сатыш үчүн бул сертификатты өздөрү жасап алышат. Анын товары бул тастыктамага татыктуубу, шайкешпи, маанилүү эмес. Бул бизнес эмес, кылмыш. Анткени алар керектөөчүлөрдү алдап жатышат. Бүгүн бул маселеде керектөөчүлөрдүн орду чоң. Эгер керектөөчү адал жегенге куштар болсо өндүрүүчүдөн “Адал деген сертификатың барбы, сертификатты ким берди?” деп талап кылыш керек. Анан сертификат берген органга телефон чалып маалыматтын чын-жалганын билип алса болот. Антпесе базарда жалганчы адалдар көп.

Бардык тамак-ашка арам кошулуу ыктымалдуулугу бар. Керек болсо "сууну дагы арам эмес бекен?" деп текшеребиз. Себеби фильтр технологиясында да арам нерселер болушу мүмкүн. ГМОну айтпаганда деле, жасалма эттер, мөмө-жемиштер пайда болду. "Мусулмандын жеген тамагы адал болуш керек" деген өкүм бар.

Кыргыз Республикасында керектөөчүлөр боюнча бир катар мыйзамдар бар. Эгер кимдир бирөө өзүнүн продукциясын халал деген болсо, тастыктоочу орган аркылуу тастыкташ керек. Эгер адалдыгын тастыктабай туруп, халал деген брендди койгон болсо – бул кылмыш, ал соттолот. Ыктыярдуу тастыктоону уурдап алгандар үчүн эмнеге мыйзамдар иштебейт? Себеби коомдун өзүндө талап начар. Биздин белгибизди уурдап коюп алган компаниялардын үстүнөн биз тиешелүү органдарга даттанабыз. Алар кээ бир ишканаларга барып текшерет, эскертүү берет. Бирок аны тоготпогондор көп. Экинчиден, бул бюрократия болуп көп убакытты талап кылат. Ошондуктан халал дегенди эл өзү талап кылып, ал сертификат чындап берилгенин өздөрү текшериши керек.

“КАРДАРЛАР ХАЛАЛ АЗЫКТАРДЫ ТАЛАП КЫЛАТ”

Бүгүнкү күндө халал деген сөз маркетингдин куралына айланып калдыбы деген суроо менен маркетолог Элиза Бошкоевага кайрылдык:

– Учурда адамдар тамак-аштын курамына көңүл буруп, адал деген нерсеге басым жасап жаткандыктан халал сертификатынын популярдуулугу өстү. Халал – бул жөн гана мусулмандар үчүн уруксат берилген тамак-аш эмес. Бул адамдардын ден соолугун, коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана адам жашоосунун сапатын камсыз кылган чоң индустрия. Азык-түлүктөн башка дагы жеңил өнөр жай, банктык тармак, билим берүү, косметика, фармакология жана башка ар түрдүү кызматтарды өзүнө камтыйт.

Халал деген сөз маркетингдин куралына айланып калганы чындык. Кыргыз Республикасынын калкынын көпчүлүк бөлүгү мусулмандар болуп саналат. Ошондой эле ислам дининин эрежелеринде толук жашабагандар дагы халал азыктарды сатып алууга аракет жасашат. Мисалы, бирдей эле сапаттагы эки товардын биринде халал деген сертификат болсо жарандар дал ошол тастыктамасы бар продукцияны сатып алышат. "Халалбы?" деп сураган кардарлардын саны көбөйүп жаткандыктан сатуучуларга продукцияларына бул тастыктаманы алууга туура келет.

ХАЛАЛ ТАСТЫКТАМАСЫ КҮМӨН ЖАРАТАТ

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөнүн калкынын 80 пайызын мусулмандар түзөт, ал эми азык-түлүк рыногунда адал азыктарына суроо-талап жыл сайын өсүүдө. Натыйжада "халал" эн белгисин колдонгон коомдук тамак-аш мекемелеринин саны көбөйүүдө. Негизи адал азык менен тамактануу, биринчиден, ден соолук үчүн маанилүү. Ошондуктан халал деген сертификаттардын берилип жатканы жакшы көрүнүш. Бирок ал тастыктаманы ишкана текшерүүдөн өтүп анан алдыбы, текшерүүдөн өтпөй эле сатып алдыбы, же өзү эле жасап алдыбы деген суроолор ар бир кардардын эсинде болуш керек. Себеби акчаны биринчи орунга койгон ишкерлер бул жерде каражат табууну көздөп чыныгы текшерүүнү унутуп коюшат.

Учурда продукциянын халал деген тастыктамага жооп бере турганын текшере турган атайын лабораториянын жоктугу халал тастыктамасын алган продукциялардын адал экенине да күмөн жаратат.

Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Nurkyz1977
2019-05-13 10:22:58
Халал сертификаты кайсы компанияларга беришти ошол жонундо да айтып коюушса болмок экен. Карапайым калк халал деп жазылып турса эле адал экен деп алып жеп жатабыз. Адал деп туруп бирок ошол стандартка жооп бербесе жон эле элди алдап акча табуу максаты болсо анда озу учун эле эмес эл учун дагы жооп берет АЛЛАнын алдында. Биз адал экен деп жеп жатабыз,адал деген тастыктаманы бергени да катуу жооп берет. Кудайдан коркуу керек калкты алдабагыла .
+3
Nurkyz1977
2019-05-13 10:26:20
Тастыктаманы берип жаткандар ай сайын текшерип ошол жонундо элге толук маалымат берип турса жакшы болмок.
+2
Alinur96kg
2019-05-13 11:15:38
Халал дегени жон эле акча табуу учун колдонуп атышат. Мыктыбек Арстанбек деле айтып атпайбы бизнес деп. Бизнестин оной жолу да.
+2
Farm94
2019-05-13 13:25:32
Базарларда сатылып жаткан калбасаларды ким карайт халал деп жазып алышкан 1 палочкасы 100 сом тан каласын.Бир кг эттин баасы 300 сомдон жогору болсо.Кандай жол менен жасалат ошол ишканадан башка эч ким билбейт текшерген деле эч ким жок
+8
Mirlan27011987
2019-05-13 22:14:54
Биздин молдолорго эч ишенбейм. Создору калп. Тамекини халал деп коюшуп пачкалап чегип журушот. Хотя тамеки наркотик экенин билишет. Халал бул бизнес. Дин бул чон бизнес. Мисалы арабтар меккеден кара ташка сыйындырып канча акча таап жатышат.
-2
Yzatbek8693
2019-05-13 23:49:04
Mirlan27011987, каерде көрдүң тамекиде адал деген жазууну. Дин бизнес деген сенин оюң. Мусулмандар үчүн дин бул бүтүндөй жашоо
+5
erlan2196
2019-05-13 22:21:15
Халал тамакты дуйно жузундо таппайсынар. Эртен чычып туруп, бокту пакетке ороп сыртына халал деп койсо эле жей бересинерби. Сасып кеткен тамактарды пакетке ороп халал деп коюшат. Андан коро озун жасап жеген жакшы.
-7
J1irg
2019-05-14 00:35:19
Халал болбосо куурулуп кетишсин. Аферисттер биздин молдобаштар. Азыр Кытайдан сыртына халал деп жазылган тамак аштар келип жатат. Динчилдерге халал деп коюшуп, молдочалыштар кафелерди ачып жатышат. Ичине кирсен эчак эскирип кеткен эт майларды беришет. Озун тамак боюнча технолог болбогон сон, кайдан билесин халал кафелердеги тамактардын таза экенин.
-3
Nursbaike
2019-05-14 21:52:42
Халал мусулмандар айткандай халал эмес деп,элдерге таза тамак аш деп эмне деп суйлоп атканын тушунуп атабы дуйнонун жарымы мусулмандар, мусулмандар айткан халалды чыгаргыла . Анан сенин ошондой чыгарган сертификатын озуно буйурсун
0
Nursbaike
2019-05-14 21:56:08
Келгиле Мен силерге итти таза союп эт кууруп берем же келемиш маймыл таза жууп силер айткандай халал жейсинерби
-4
Snejana
2019-05-16 03:56:08
Текшербей эле "халал" деген серификатты сатышат болуш керек. Азыр эч кимге ишене турган заман эмес. Мисалы мен эт саткан базарга барганда, этке печать басылып турганын кором. Бирок ошол этти текшердиби?... текшербей эле акчасын алып, печать басып койгондой сезиле берет.
+2
Altyn10076
2019-05-17 17:54:52
Халал дебей эле кыргызча адал деп жазса
Же адал деп айтса болбойбу
Бишкеке барсаң эле халал деген араптын жазуулары толуп кеткен
Биздин айылда адал деп эле сүйлөйт
Ата бабаларыбыз деле адал деп келген.
Кийин эле халал деген сөз чыгып кетти.
0
PROS
2019-05-17 19:24:37
Altyn10076, кыргыз сөздүгү 50 пайыз араб тилинен турганын билбейсиңби?! Кыргызча деп кыйкыра бербегилечи патриот болумуштар!!! Кыргыз адабияты, тарыхы, маданияты, үрп-адаты деген сыяктуу өзөктү түзгөн сөздөр араб тилинен алынган!!! Орус тилинен канча сөздөр кирди кыргыз тилине, анын эмнеси жаман?! Сөз байлык көбөйөт, жакшы эмеспи кайра???
0
№ 862, 9-15май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан