Мындан 20 жыл мурун эле тукумсуздук диагнозу аялдардын эне болуу бактысын чектеп койчу. Бүгүнкү күндө аны чечүүчү ыкмалар көп. Алардын бири –овуляцияны жасалма жол менен жетилтүү, тактап айтканда, энелик клетканы жасалма ыкмалар менен бөлүп чыгаруу (стимуляция овуляции). Бул ыкма боюнча «Анкалайф» клиникасынын гинеколог-репродуктологу Айнура Касымалиева айтып берет.
ОВУЛЯЦИЯ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Гипофиз (секреция бези) бөлүп чыгарган гормондордун таасири менен аялдын урук безинде фолликула өсүп жетилип жарылат да, андан энелик клетка бөлүнүп чыгат. Бул процесс овуляция деп аталат. Овуляция учурунда фолликуланын диаметри 2 сантиметрге чейин чоңоёт. Андан бир, айрым учурларда эки же андан ашык энелик клетка бөлүнөт. Дени сак айымдарда бул процесс ай сайын этек кир келген соң (28 күн цикл) 14 күндөн кийин жүрөт. Бөлүнүп чыккан энелик клетка 48 саат ичинде жатынга түшөт да, ал жерден эркектин урук клеткасы менен биригип түйүлдүк пайда болот. Бирок жашы өткөн же ден соолугунан жабыркаган айымдарда овуляция процесси бузулуп, балалуу болуу мүмкүнчүлүгүн чектеп койгон учурлар көп кездешет.
ЭНЕЛИК КЛЕТКАНЫ ЖЕТИЛТҮҮ КАЙСЫ УЧУРЛАРДА КОЛДОНУЛАТ?
ПРОЦЕДУРАГА ДАЯРДАНУУ
Алгач гинеколог жана терапевттин текшерүүсүнөн өтүп, тиешелүү анализдерди тапшырат.
ДАРЫЛОО
Медицинада энелик клетканын бөлүнүп чыгышы үчүн ар кандай ыкмалар колдонулат:
1. Дары-дармектер менен дарылоо. Бул кеңири колдонулган ыкма. Мында гормондорду иштеп чыгуучу, этек кирдин келүү циклин калыпка келтирүүчү, энелик клетканын жетилиши үчүн тиешелүү дары-дармектер сунушталат. Аларды дарыгердин көзөмөлүндө, этек кирдин келүү циклинин белгиленген бир күнүндө ичүү шарт. Дары-дармектер аялдын жашына, салмагына, табигый жол менен бойго бүтүрөбү же ЭКО ыкмасын пайдаланабы, ошого карата дарылоо жүргүзүлөт. Бул ыкма 65-67 пайыз жакшы жыйынтык көрсөтөт.
2. Мүнөздөп тамактануу. Тамак-аш – организмге керектүү азыктарга, макро жана микроэлементтерге бай. Жеген тамагыбыз этек кирдин келүү циклине жана бойго бүтүрүүгө өз таасирин тийгизет. Алсак, майлуу тамактарды, эттерди жана углеводдорду жеген айымдар ашыкча салмак кошуп, холестериндин деңгээли көтөрүлүп, кант диабетин арттырышат. Аталган оорулар репродуктивдик системдин иштөөсүнө терс таасирин тийгизет. Ошондой эле салмактын нормада болбошу (аз салмак) да балалуу болуу мүмкүнчүлүгүн чектеп коёт. Анткени эстроген, прогестерон, пролактин гормондору аз иштелип чыгат. Мындай учурларда аялга зат алмашуу процессин жакшыртуучу же организмди күчтөндүрүүчү тамак-аштар сунушталат.
Кайсы азыктар пайдалуу?
Овуляция процессинин толук кандуу жүрүшү үчүн дарыгерлер төмөнкү азыктарды сунушташат.
Эскертүү! Дарылануу убагында спирт ичимдиктеринен, тамеки чегүүдөн баш тартуу керек. Ошондой эле сунушталган азыктардын кайсы бирине аллергия бар болсо, дарыгерге сөзсүз айтуу керек.
3. Витамин терапиясы. Овуляция процессинин үзгүлтүккө учурашы организмге витаминдердин, макро жана микроэлементтердин жетишсиздигинен улам да болот. Анализдердин жыйынтыгынан соң дарыгер керектүү витаминдерди сунуштайт. Алсак, фолий кычкылы (В9). Бул витаминдин жетишсиздиги бойго бүтүүнү кечеңдетет жана түйүлдүктү көтөрүүнү оорлотот. Витаминдерди өз-өзүнчө колдонууга болот. Бирок оорулардын алдын алуу, комплекстүү дарылоо максатында алардын бир нече түрү сунушталышы мүмкүн.
ЭЛДИК МЕДИЦИНАДА
Элдик медицинада да энелик клетканын өсүп жетилиши үчүн ар кандай дары чөптөрдүн кайнатмасын, тундурмасын пайдаланып келишет. Алсак, шалфей, бака жалбырактын уругу жана башкалар. Дарылануудан мурда сөзсүз дарыгериңизден кеңеш алууну унутпаңыз.
ЭНЕЛИК КЛЕТКАНЫ ЖЕТИЛТҮҮ КАЙСЫ УЧУРДА КОЛДОНУЛБАЙТ?
ЫКМАНЫН ТЕРС ЖАКТАРЫ
Аял жашоосунда 3-5 жолу дары-дармектер менен энелик клеткасын жетилтсе болот. Көп жолу бул ыкманы колдонуу ден соолукка терс таасирин тийгизбей койбойт.
Дамира Арстанова
densooluk@super.kg