АДАМДЫН КАН ТОБУ ДЕН СООЛУКТУН АБАЛЫН БИЛДИРЕТ

Эмнеге сасык тумоо эпидемиясы каптаганда айрымдар оорушат да, айрымдар оорушпайт? Мындай суроо сизде да жаралды беле? Көрсө, адамдын кайсы бир оору менен оорушу, ал тургай мүнөзү да кан тобунан (оң жана терс резус факторлоруна карабай) көз каранды экендигин окумуштуулар эбак эле изилдеп чыгышкан. Мунун канчалык чындыгы бар, өзүңүз текшерип көрүңүз.

1-ТОПТОГУ КАН ЭЭЛЕРИ
Ден соолук.
Бул топтогу кандын ээлери башкаларга салыштырмалуу ревматоиддик артрит, боор оорулары, астма, поллиноз сыяктуу аллергиялык оорулар менен да көп жабыркашат. Ашказан жана он эки эли ичеги жарасына кабылуу, сасык тумоонун А түрүнүн вирусун жуктуруу, остеоартрит, вирустук менингит, псориаз, гипотиреоз менен жабыркоо коркунучу жогору. 1-топтогу кандын уюшу төмөн болгондуктан, оорулуу хирургиялык операция жасоо учурунда көп кан жоготушу мүмкүн.
Мүнөзү. Максатына умтулган, жаны тынбаган эмгекчил, энергияга бай, эрки күчтүү, лидерликти сүйгөн, амбициялуу болушат. Эл менен бат тил табышып иштеше билишет, көп эмоцияга алдырышпайт.

2-ТОПТОГУ КАН ЭЭЛЕРИ
Ден соолук.
Бул топтогулар арасында ревматоиддик жүрөк кемтиги менен жабыркагандар көп. Кандагы холестериндин деңгээли бат көтөрүлөт, атеросклероз жана миокарддын инфарктына, өпкө ооруларына, пернициоздук анемияга (залалдуу кан аздуулук), кант диабетине чалдыгуу коркунучу жогору. Мындан сырткары бул топтогу кан ээлери ревматоиддик артрит, боор жана калкан безинин ооруларына, операциядан кийинки инфекцияларга көп туруштук бере алышпайт. Ошондой эле ашказан жана жатын рагына (аялдар) кабылгандар да көп кездешет. Спирт ичимдиктерине бат берилгендер.
Мүнөзү. Аракетчил, милдетин так аткарган, ички туюму күчтүү адамдар. Тартипти, тазалыкты жана иреттүүлүктү сүйүшөт. Жаңы нерселерди бат өздөштүрүшөт. Кемчилиги – кежирлиги.

3-ТОПТОГУ КАН ЭЭЛЕРИ
Ден соолук.
Бул топтогу кан ээлери операциядан кийинки сезгенүүлөр жана аллергиялык оорулар менен көп жабыркашпайт. Анткен менен башкаларга салыштырмалуу организми холецистит (өт баштыкчасынын сезгениши), бөйрөк, ар кандай ичеги-карын инфекцияларына, кант диабетине, сасык тумоонун вирустарына, аутоиммундук ооруларга (иммундук системдин бузулушунан улам жаралган оорулар) көп туруштук бере албайт. Баарынан да жүрөктүн ишемиялык оорусу, миокарддын инфаркты коркунуч туудурат. Сөөктүн жана табарсыктын рагына кабылуу коркунучу жогору.
Мүнөзү. 3-кан тобундагылар кичи пейил, бир нерсеге бат таасирленген, токтоо болушат. Өзүнөн жана башкалардан талап кыла билишет. Бардык нерсеге оңой көнөт. Бийликти сүйөт жана чыгармачыл болушат.

4-ТОПТОГУ КАН ЭЭЛЕРИ
Ден соолук.
Буларда аллергиялык оорулар дээрлик жокко эсе. Анткен менен организминде операциядан кийинки инфекциялар коркунуч жаратат. Мындан сырткары жүрөк-кан тамыр, өпкө ооруларына, склероз, өнөкөт циститке, онкологиялык ооруларга (ашказан, табарсык шишиги), анемияга кабылуу коркунучу жогору.
Мүнөзү. Бул кан тобун алып жүргөндөр токтоо, эмоциясын жана сезимдерин башкара билген жана ойчул болушат. Кыйынчылык менен чечим чыгарышат. Токтоо, оор басырыктуу болушканы менен, кээде ачууга бат алдырышат.

КАНДЫН ТОБУНА ЖАРАША ТАМАК-АШ ТАНДОО
Кандын тобунун тамак-ашка кандай тиешеси бар деп таң калбаңыз, бул өтө маанилүү нерсе. Кандын тобу адамдын организминдеги кемчиликтер жана жетишкендиктер тууралуу билдирип турат. Дарыгерлер организмге эмне жетишпей тургандыгын кандын анализи аркылуу аныктап, ошого тиешелүү азык-түлүк, витаминдерди сунушташат. Ошондуктан тамактанууда да кандын тобун эске алган оң. Себеби денебиздеги кан биз жеген тамак-ашка кадимкидей оң же терс химиялык реакция берет. Мисалга лектинди (кандын курамындагы зат) алалы. Эгер каныңыздын тобуна туура келбеген азыктарды жесеңиз лектиндер кайсы бир органдын тегерегине топтолуп, кандын клей сыяктуу жабышчаак болушуна алып келет. Бул нерсе сөзсүз түрдө тамак сиңирүү, зат алмашуу процессин жана гормоналдык балансты бузат. Лектин бардык азык-түлүктөрдө кездешет, бирок ар башка түзүлүштө. Мисалы, буудайдагы лектин клей сыяктуу келип, кандын курамындагы кантка кошулганда ого бетер жабышчаак болуп чыга келет да, бир далай дартты пайда кылат. Ал эми соянын курамындагы лектин жабышчаак эмес.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
taalay25
2019-05-13 11:45:34
Ээ жалганды да ойлонуп жазгылачы!!! Менин каным 2 группа. Спирт ичимдигине берилмек тургай тамеки чекбеймин. Тооба кылдым
+11
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-05-13 14:45:36
taalay25, ошону айтың
+3
Alia-bekzat
2019-05-13 18:06:25
Баардык нерсе Бир Алладан
+8
Altyn2017
2019-05-13 20:51:51
менин группам деле 2 группа арак тамеки воопще жактырбаймын кайдан алдынар бул маалыматты
+4
aizbek
2019-05-14 00:02:48
Калп гезиттин бетин толтурганга аракет кылышыптырда,кудайым озу сактасын оорудан
+5
Mama-Yasmin
2019-05-14 04:57:25
Баары эле туура келбейт экен жалган.......
+7
Shokoladka94
2019-05-14 04:57:46
Койгулачы окшошпой калыптыр
+5
jalgyzym...
2019-05-14 14:43:54
Койгулачы туугандар чындыкка такыр окшошпой жатат Кудайым ден соолук берсин баарыбызга
+4
pochanta
2019-05-15 19:05:34
Вообще туура келбейт го
+2
sanata1996kg
2019-05-16 20:36:39
2-топ таакыр туура эмес экен спирт ичимдике таакыр тартпайт жана тамекинин жытынан эле Журок айланат
+2
barsbegKG
2019-05-17 01:19:15
Кандын 4-тобу эмнелерди чектөө керек дегени жакты банан 1 даанадан ашык жей албайм акыркы жолу жегеним эсимде жок. Бирок төө буурчактын кээ бир түрү аябай жагат. Жакшы, сонун дагы да изденгиле!
+1
Tyty1990
2019-05-17 12:59:11
Ширктин бир түрүнө окшоп кетет экен
-2
LadyB
2019-05-18 01:10:00
туура эмес
+1
№ 862, 9-15май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан