БЕТИНЕ БЫЧАК ТИЙГИЗБЕГЕН КОРЕЙ ЖЫЛДЫЗДАРЫ

Сезимдерди козгогон кызыктуу дорамалар, сулуу жүздөр, айтор, дүйнө элинде Түштүк Кореяга болгон кызыгуу күч. Чындыгында баары эле сулуу, анткен менен пластикалык хирургиянын кызматын пайдаланбаган жылдыздар аз. Бул теманын айланасында күйөрмандар менен хейтерлердин ортосунда кызуу талкуу жүрүп келет. Ар бир күйөрман сүйүктүү жылдызын коргоп, анын пластикалык операция жасатпаганын тастыктоо менен алек. Келбетине өзгөртүү киргизбеген артисттердин гонорары абдан жогору. Анда төмөндө табигый сулуулукту баалаган корей жылдыздары тууралуу кеп кылабыз.

«Картөшкө мурун» ПАК ШИН ХЕ
29 жаштагы актриса, ырчы, модель Пак Шин Хе Түштүк Кореядагы сулуу айымдардын катарын толуктап келет. Анын мурдунун түзүлүшүн сындагандар абдан көп. Ага карабастан ал жүзүнө пластикалык операция жасатууну туура көргөн эмес. Өзү бул тууралуу: «Мага мурдумду кырдач кылып жасатышым керектигин көп айтышат. «Мурдуңдун учу картөшкөгө окшош», «мурдуң жарашыксыз» дегенге чейин барышат. Бирок мен дарегиме айтылган жаман пикирлерге көңүл бурбайм»,- деп сынчыларга так кесе жооп кайтарган.
Сынчылардын пикири эч кимдин көз карашын өзгөртө алган эмес. Себеби актрисанын сулуулугун баалагандар миллиондоп саналат. «Сулуулугуңдун сыры эмнеде?» деген суроого ал «убактымдын көбүн машыгуу залында өткөрөм, арыкмын, балким, ушундан улам жакшынакаймын» деп жооп берген.
«Асманга карай тепкич», «Сен кереметсиң», «Мураскорлор», «Альгамбра жөнүндө эскерүү» жана башка көптөгөн дорамаларды көркүнө чыгарган Пак Шин Хе Кореядагы эң жогорку акы төлөнгөн актрисалардын рейтингинен орун алып келет.

Айымдар идеал туткан КИМ ТЭ ХИ
Ким Тэ Хи дегенде дароо көз алдыма «Айрис» сериалы тартылат. Дал ошол сериалдагы сулуу бийкечти Түштүк Кореядагы көпчүлүк айымдар идеал тутушат. Келбетине канааттанбаган кыздар пластикалык хирургга анын жүзүн көрсөтүп, актрисаныкындай бет түзүлүш каалаарын айтышат. Андыктан анын өң-келбетине карата бир дагы терс пикир айтылып, талкууга түшкөн эмес. Эл анын табигый сулуулугуна суктанып бүтпөйт.
Ким Тэ Хи учурда 39 жашта. Ал сулуу жүз үчүн беттин терисин аярлоо керектигин айтат. «Мен дайыма камера алдындамын, андыктан жүзүм жакшы сакталышы керек. Бетимди кол менен ушалап жуубастан, суу менен аяр гана чайкап коём. Бул бырыштардын алдын алууга жардам берет. Эгер бетимден кызарган кичинекей эле чекит көрсөм, дароо дерматологго жөнөйм. Дайыма уктаар алдында атайын маскаларды колдоном»,- дейт актриса.

Оптимизмден сулууланган ЧОН ЖИ ХЁН
Сулуулук, каржылык, популярдуулук жаатындагы рейтингдердин алдыңкы катарынан орун алган дагы бир актриса – 37 жаштагы Чон Жи Хён. Анын сулуулугуна байланыштуу ар кандай кептер айтылып келет. Айрымдары анын генин изилдөөгө аракет кылышып «ата-энеси Кытайдан келген иммигранттар экен» десе, кээ бирлери «Жи Хён жүзүнө пластикалык операция жасаткан» деп кызуу талкуулап келишет.
Актриса сулуулук үчүн өзгөчө деле күч жумшабайт. Ал үчүн жылдыздуу, сулуу көрүнүүнүн сыры – оптимизм. «Ар бир аялзаты өзүн эркин сезсин жана чыныгы кубаныч алып келе турган иштерди жасасын. Дүкөн кыдырсын, каалаганын жесин, достору, жакындары менен кызыктуу убакыт өткөрсүн. Оптимизм – менин сулуулуктагы эң негизги куралым»,- дейт ал.
«Ромашка», «Жылдыздан келген адам», «Көк деңиз уламышы»... Айтор, ал тартылган дорамабы, жарнамабы, баарын эл жакшы кабыл алат. Табигый сулуулукка жуурулган таланттын арзан турбасы айкын. Чондун бир эпизод үчүн алган гонорары 84 миң долларды чапчыйт.

Жаштыктын эталону СОН ХЕ КЁ
«Күз жомогу», «Ва-банк» сериалдары менен атактуулукка жеткен белгилүү актриса, модель Сон Хе Кё Түштүк Кореядагы эң сулуу айымдардын бири. Ал эле эмес, дүйнөдөгү эң сулуу 100 айымдын катарынан да орун алган. 18 жаштагы селкидей көрүнгөн актрисаны келбетине карап эч ким 37 жашта деп ойлобойт. Ал буга чейин эч кандай пластикалык хирургиянын кызматын пайдаланган эмес. Бала чагынан берки сүрөттөрүнөн олуттуу өзгөрүүнү көрбөгөн күйөрмандар, хейтерлер да анын өң-келбетине байланыштуу сын айта алышкан эмес. Актриса сулуулук сырын жашырбайт. Ал келбетине элдик жана заманбап ыкмалар менен кам көрөрүн, машыгуу залына үзгүлтүксүз барарын, залдан кийин сөзсүз түрдө жылымык сууга жуунарын жана уктаар алдында дайыма бетине убакыт бөлөрүн айтат.

Урматтуу К-рор жана корей тасмаларынын күйөрмандары, мындан ары «Супер-Инфонун» ар бир санынан корей жылдыздары тууралуу кызыктуу маалыматтарды окуй аласыздар. Кайсы жылдыз жөнүндө окугуңуз келсе, гезиттин Инстаграмдагы super_info_official расмий баракчасына сунушуңузду жазсаңыз болот.

Динара Акимова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
ainura220888
2019-05-13 09:47:00
Сон Ге Хе менен Пак Шин Хе олло жагат.
-1
Merelisha
2019-05-13 13:26:11
Биз бетибизди мачалкалап жышып жууйбуз го. Айрыкча кечинде скраб мн эззип жууп уктайт экем.
+1
lazygirl
2019-05-13 18:58:31
Чон Жи Хён жагат өлө
-1
Snejana
2019-05-14 04:07:03
Барган сайын окуганга жакшыраак макала таппай калдык го. Же сериалдары жок
+8
Shokoladka94
2019-05-14 13:57:11
Мага каштары жакты баарынын. Азыр бизде кочого чыксан копчулуктун кашы татуаж, эч жарашыгы жок, кырлары корунуп Турган, кебетесин бузган ушул процедураны акча коротуп жасаткандарга тушунбойм
+5
Nestana95
2019-05-15 18:49:31
Бир убакта менда сурма чыгарам деп чыктым эле чиркин
0
Negra
2019-05-17 19:38:28
Park Soo Ae жөнүндө чыгарсаңар жакшы болмок
-1
Nazgul02
2019-05-19 23:52:06
Чон Чжи Хен
0
1211
2022-01-29 13:22:11
пак шин хе
0
№ 862, 9-15май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан