Кыргыз эстрадасынын мачосу атыккан Курал Чокоев былтыр сүйүктүүсү Жанарага баш кошкон. Эки жаштын сүйүү баянына кайрылып, жашоосундагы жакшы жаңылыктары менен бөлүштүк.
– Курал, Жанара, наристе күтүп жатыптырсыңар, куттуктайбыз! Чынын айткылачы, наристени ким көбүрөөк күтүп, толкунданып жатат?
Курал: – Экөөбүз тең кубанып жатабыз. Башында чынында көп деле көңүл бурган эмесмин. Жанаранын курсагы чыгып баштаганда сезимдер ойгонуп, колумдан келишинче убакытты жубайымдын жанында өткөрүп жатам.
Жанара: – Мен кубанычымды сөз менен жеткире албасам керек, менин абалымды энелер жакшы түшүнөт. Мага баары жагып жатат, бактылуумун!
– Баш кошконуңарга жарым жыл болуптур. Бири-бириңерди толук биле алдыңарбы?
К.: – Биздин жашоо кинодогудай. Кыз-жигит болуп жүргөндө толук ачыла албайт элек. Мисалы, мен Жанарага катуу айтчу эмесмин. Ал кезде акым да жок болчу. Анткени Жанара атасынын кызы болчу. Экөөбүз үй-бүлө курган алгачкы айлар жомоктогудай өттү. Бара-бара үй оокаты, тиричилик башталды. Ошондо түшүнүшө албай көп тартыштык, кырылыштык. Көрсө, биз жашоодогу ар кандай майда барат нерселерге көңүл бура берет экенбиз. Азыр, Кудайга шүгүр, бири-бирибиздин мүнөзүбүздү түшүнүп, мурункудай урушпай калдык.
Ж.: – Ооба, алгач түшүнүү кыйын болду. Анткени кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн кезде бири-бирибизге жаман жактарыбызды көрсөтчү эмеспиз. Баш кошкондо алгач кыйкырышып, эмоцияга алдырып койчубуз. Курал өзү жалгыз жашап, өзүмчүл да болуп калыптыр. Бара-бара анын баары жоюлуп баратат.
– Жанара, Куралдын кайсы сапатын жактырып, бааладың?
Ж.: – Курал мени эрке деп көп айтат эмеспи. Чынында мен эркемин. Билем, жаш кыз эмесмин, ошентсе да үйдүн кичүүсү болгондуктан, ата-энем эркелетип өстүргөн. Курал ошол мүнөзүмдү түшүндү, көтөрдү. Ошол сапатын баалап, апама да “Курал мага жакты, мени түшүнөт” деп айта берчүмүн. Менден 4 жаш улуу, ошонусу да жаккан. Көп жерден мен эмоцияга алдырып жиберсем, ал кагып-силкпей мага жай гана сөз менен түшүндүрүп коёт.
– Чынын айтчы, Куралды тандашыңа атактуулугунун таасири болдубу?
– Жок, жолдошумдун ырчылыгы мен үчүн маанилүү болгон эмес. Тескерисинче, атамды көндүрүү маселе болду. Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө “атама мамилебизди кантип айтабыз?” деп апам экөөбүз кайсалактап жүрдүк. Эки жыл сүйлөшкөндө гана атам ырчы жигит менен сүйлөшүп жатканымды билди. Албетте, башында “ырчыга турмушка чыкса жашоосу кандай болуп калат?” деп ойлонду, чочулады. Бирок Куралды жакындан билген соң санаасы тынч болду.
К.: – Жанара дагы деле кээде жолдошу ырчы экенин унутуп калат. Чогуу бир жакка барганда бирөөлөр карап калса, “эмне эле карап жатат?” деп жини келе берет. Мен ага “жолдошуң ырчы болгондон кийин көнө бер мындайга” деп канча айттым.
Ж.: – Чын эле мен Куралдын эл адамы экенин унутуп калам.
– Курал, Жанараны сен издеп жүргөн, күтүп жүргөн кыз экенин качан түшүндүң?
К.: – Мен түшүнгөндө эле Жанаранын колун сурадым. Тагыраагы, былтыр жайында Түркияга эс алууга барганда күтүлбөгөн жерден колун сурагам. Негизи план боюнча, биз быйыл үйлөнмөкпүз. Менин ушундай жайым бар, күтүлбөгөн жерден пландарды өзгөртүп, жаңы бурулуш кылып салам. Ошол себептен былтыр баш кошуп калдык.
Ж.: – Биз Курал айткандай, быйыл үйлөнмөкпүз да. Андыктан анда колумду сурайт деп күткөн эмесмин. Ал кезде сүйгөн адамым менен эс алып жүргөнүмө сүйүнүп жүргөм. 6-августта Курал бир жакшы ресторанга барып келбейлиби деп калды. Келгенде кайсы жерге отурсак болот деп аябай орун тандады. "Эмне мынча катуу тандап жатасың?" десем "Инстаграмга чыгарам" десе, ишенип алыптырмын. Тамактанып отурсак досу келип сүрөткө тарта баштады. Анда деле оюма келген эмес. Бир маалда Курал башкача болуп тайсалдап калды. Анан эле шакекти алып чыгып “менин өмүрлүк жарым болгонго даярсыңбы?” деп сурабадыбы. Күтүлбөгөн, бирок жагымдуу кабар болду. Дароо эле “ооба” дедим. Ошентип кубанычыбызды жакындарыбыз менен бөлүшүп, той болуп кетти.
К.: – Колун сурагандан кийин ата-энелерибизге, жакындарыбызга жакшы кабарыбызды айттык. Алар даярдыгын баштап жиберишти. Ошол жактан эле тойго план түзүп, бир айдан кийин Жанараны алып келдик.
– Үй-бүлөлүү болгондон кийин сенде кандай өзгөрүүлөр болду?
К.: – Мен 28 жашымдан токтолгом, андыктан жашоого жоопкерчиликтүү мамиле кылам. Мисалы, азыр түнкү саат 12ден кечикпей үйгө барып калам. Эртең менен эртерээк туруп жумуштарымды бүтүрөм дегендей. Акыркы кезде график түзүп, ошону менен иштеп келем. Анымды келинчегим кээде жактырбай кетет. Мурун жаңы үйлөнгөндө түшкө чейин уктап жата берчүбүз да. Ошол кездерди сагынып “жумушка кечирээк барчы” дей берет. Мен “андай кылыш үчүн миллионер болушум керек” деп тамашалап калам.
– Силер менен баарлашып отуруп бири-бириңерди чектебеген үй-бүлө экениңерди байкадым. Туурасы деле ошондойбу?
К.: – Ооба, мен жубайымды ошон үчүн алгам да. Эгер жоош болуп, менин айтканым менен боло берсе, мага кызык болмок эмес. Жанара эрке, өзүнүкүн бербейт. Эркектер бир нерсени багынтып, кыйынчылык менен ийгиликке жеткенди жакшы көрүшөт эмеспи. Чоң эмгектин артынан келген нерсе да барктуу болот. Мен жубайымды чектебейм, ал өзү кеңешип, анан иш кылат.
Ж.: – Ооба, бизде эркиндик бар. Мен мисалы, “Курал эмне дейт экен?” деп коркуп турбайм. Экөөбүз сөзсүз кеңешип иш кылабыз. Жолдошумдун кеңешин “Курал айтты” деп эле койбой, чын дилден кабыл алам.
– Маегиңерге рахмат. Үй-бүлөңөр бекемделе берсин!
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg