КӨЛ БОЛБОСО, КӨЛМӨ БАР

Репортаж

Акактатып жанга баткан ысык илеп таманыңдан өтүп башыңа жетип, чылпылдап тер чыкканда “эх, көлгө бир чумкуп алсам” деп тилейбиз. Учурда шаардыктардын көбү Бишкектин четиндеги көлмөлөргө эс алууга агылып жаткан кез. Ушундан улам көлмөлөрдүн ал-абалын билүү максатын көздөдүк.

“СУУГА ЧӨККӨНДӨРДҮН КӨБҮ МАС АБАЛЫНДАГЫЛАР”
Аптапта борбор калаабыздын тургундарынын көпчүлүгү ГЭС-5, Комсомол, Пионер көлдөрүнө агылышат. Алгач бири-бирине жакын жайгашкан Комсомол жана Пионер көлүнө кайрылдык. Суу жээктей эс алып отургандар далысына далысы тийишип, бут коёрго орун жок. Эс алат десе эле бир бөтөлкөнү ортого коюп алып бака-шака болуп отургандар мындан көп. Суу жээктей кыдырып келген соң көңүлүбүз куткаруу кызматынын машинасынын жанында топтошуп калган балдарга бурулду. Ортодо кара тоголок Темирлан аттуу бала канжалаган колун таңдырып жатыптыр. Сурамжыласак, суунун ичине ташталган бөтөлкөнүн сыныгына колун тилдирип алыптыр. Темирланга биринчи жардамды көрсөтүп жаткан куткаруу кызматынын адиси Рысбаева Махабат аттуу айым төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Эс алуучулар ар кайсы жерге бөтөлкөлөрдү ыргыта беришсе, ушундай болот да. Жакшы эле келишет да, анан кетип жатканда эле отурган жерлери таштандыга айланып калат. Жээкти го тазалап турушат. Ал эми көлдүн ичине да ар кандай нерселерди салып жиберишет. Антпесе болбойбу? Сууга өздөрү түшүшөт да. Көбүнчө сууга түшүп жатып айнекке колу-бутун тилдирип алышат. Мас болуп алып бири-бирин жарадар кылгандар да көп кайрылышат. Чынын айтсам, бул жерди милиция кызматкерлери көзөмөлгө алышпайт. Ошол мастарды ажыратып, ортосуна түшкөн күндөрүбүз да болбой койбойт. Бул биздин милдетибизге кирбейт. Биз сууга чөккөндөргө жардам көрсөтүү үчүн эртең мененки тогуздан акыркы эс алуучу кеткенге чейин турабыз.
Ал эми сууга чөгүп кеткендердин көбү да мас абалындагылар. Ошондой эле муздак сууга түшкөндө тарамышы түйүлүп чөгүп кеткендер бар. Кээде ата-энелер балдарына көзөмөл кылганды унутуп, өздөрү чардап отура беришет.

“КЫЗДАРДЫ КУТКАРА АЛБАЙ КАЛДЫМ”
Бул арада Махабат эженин сөзүнө башкы куткаруу кызматкери Мамбеталиев Максат кошула кетти.
– Аптап башталгандан бери эс алуучулар таң атпай эле агылып жатышат. Айрыкча мектеп курагындагы балдар көп келишет.
Жакында эле суучул Дукенбаев Самат экөөбүз эки кыздын өмүрүн сактай албай калдык. 13-14 жаштагы Бактыгүл, Айнагүл аттуу кыздар экен. Алар эс алганы туугандары менен келгенин байкаганбыз. Бир маалда кичинекей кыз келип "байке, тигил көлдө бир аял кыздарын таппай жатат" деп калды. Дароо эле чуркап келсем, апасы эч кимге айтпай эле кыздарын суудан издеп жүргөнүнө 20 мүнөттөй болуп калыптыр. Ал айымдан кыздардын болжолдуу кайсы жерде жүргөндөрүн билип, көлгө кирдим. Суу астына кийүүчү кийимдердин жоктугунан суучул Самат да жардамга келди. Алгач бир кызды сууруп чыктым. Анын жанына эле экинчиси да чөгүптүр. Суудан алып чыкканыбыз менен, алардын жанын сактап кала алган жокпуз. Эгерде кыздарды издеген айым бизге эртерээк кайрылганда, балким, аман калышмак. Кыздар кийимчен эле чөгүп кетишиптир. Ушундан улам атайылап көлгө түшүүгө даярданып келишпесе керек деген ой келди. Экөөнүн тең бири-биринен алыс эмес жерге чөккөнүнө караганда, бирин куткарам деп экинчиси да чөгүп кетсе керек.
Негизи, бизде техникалык каражаттар начар. Болгону, 1 кайык, эки сактоочу жилет жана суучулдун кийими бар.
Бул жерден куткаруу кызматкерлери тамашага салып “президентибиз Роза айым бизге скутер белек кылса жакшы болот эле” деп өз көйгөйлөрүн айта кетишти.

БАЛЫР БАСКАН КӨЛМӨДӨГҮ ЧАРДОО...
Комсомол жана Пионер көлмөлөрү мамлекеттин карамагында болгондуктан, эс алуучулардан кирүү акысы алынбайт. Ошого жараша эс алуу жайынын абалы мышык ыйлагыдай эле экен. Эс алуучулардан да таштандылар көп. Бул көлмөлөр Чоң Чүй каналынын суусу аркылуу толтурулат. Жасалма көлмө болгондуктанбы, айтор, балыр басып кеткен.
Куткаруу кызматында иштеген Айылчинов Нурбек мырза өз оюн мындайча билдирди:
Сууга чөккөндөрдү издегенде суунун киргилт болгонунан улам көп кыйынчылыктар туулат. Суу алдына түшкөндө эле ылайланып, эч нерсе көрүнбөй калат. Кээде ушундай балыр баскан сууга түшүп, чардап жаткан балдарды көрүп зээним кейип кетет. Эс алуучулар суу жутуп алышып, какап-чакап эле чыгып калышат.
“Бул жердин суусу санэпидем­көзөмөлү тарабынан текшерилип турбайбы?” деген сурообузга “текшерилсе ушинтип балыр басып турбайт эле” деген жооп алдык. Ушундан улам Мамсанэпидемкөзөмөлдөө борбору менен байланыштык.

"ЧОЧУЛООНУН КАЖЕТИ ЖОК"
Мамсанэпидемкөзөмөлдөөнүн Свер­длов району боюнча бөлүм башчысы Мурзаев Махамадхалил буларды айтып берди:
– Биздин карамагыбызда Пионер жана Комсомол көлмөлөрү бар. Бул- ар мэриянын борборду жашылдандыруу боюнча бөлүмүнүн көзөмөлүндө. Мэриянын чыгарган токтому боюнча, көлмөгө түшүү сезону 20-июлда ачылган. Бирок биз буга чейин, тактап айтканда, апрель айынан баштап эле көлмөнүн суусуна текшерүүлөрдү жүргүзө баштаганбыз. Ал эми көлмөгө түшүү маалы башталганда айына эки жолу биздин мекеме тараптан суунун химиялык жана биологиялык курамына текшерүү жүргүзүлөт. 16-17-июлда эле сууну алып келип текшерүүдөн өткөздүк. Эч кандай шектүү нерселер чыккан жок. Акыркы 5 жылдан бери суу таза чыгып жатат.
Ал жерлер саздуу келип, чымын- чиркейлүү эмеспи. Андыктан малярия оорусун алдын алуу үчүн да иш-аракеттер жүргүзүлдү. Ошондой эле бассейндерди да көзөмөлгө алып турабыз. Суунун балыр басып, киргилденип турганынан эч кандай чочулоонун кажети жок. Алгач суу сактагычка толтурулуп, ал жактан тундурулат. Анан 10-12 пайыздан күнүгө көлмөгө куюлуп турат.

АКЧАСЫНА ЖАРАША АБАЛЫ...
Андан ары Аламүдүн районуна караштуу ГЭС-5 көлмөсүнө сапар алдык. Кире бериштеги посттон токтодук. Ал жерден киши башына 7 жаштан жогору 20 сом, ал эми жеңил машинаны киргизүү үчүн 50 сом, микроавтобустарга 70 сом, милиция кызматкерлеринен, ооган согушунун катышуучуларынан 50 пайыз арзандатылган төлөм алына тургандыгына күбө болдук. Күзөт кызматкерлери: “Бизде видеокөзөмөл бар. Тартип бузсаңар, чыгарып жиберебиз. Балык уулоого тыюу салынат”,- деп эскертишти.
Көлмө тууралуу маалымат алуу максатында ГЭС-5тин өнүгүүсү боюнча менеджери Жолдошев Дамир мырзага кайрылдык.
– Эс алуучулар көппү? Аларга түзүлгөн шарттар тууралуу сөз кылып берсеңиз...
– Азыр күн абдан ысып жатпайбы. Ошол себептен эс алуучулардын саны өсүүдө. Ал эми саат күндүзгү төрттөн тарта эл толуп калат. Аба ырайы жакшы болгондо бир күндө 1000ге чукул киши келет.
– Кардарлардан түшкөн акча эмнелерге сарпталат?
– Негизги акча жер салыгын төлөөгө кетет. Бир айга 100 миң сомго чейин жер салыгын төлөйбүз. Бул жактын кызматкерлеринин айлыгы да мына ушул акчадан берилет.
– Салык демекчи, сиздердин аймак мамлекеттин карамагында эмес экен...
– Биздин көл “Чакан ГЭС” Акционердик коомуна карайт.
– Куткаруу кызматыңар барбы?
– Бизде мыкты даярдалган 4 жигит иштейт. Алар атайын сынактан өтүп туруп алынышат. Көлмөнүн маалы башталгандан бери жандары тынбай иштеп жатышат.
– Кырсык деген нерсенин алдын алуу кыйын эмеспи. Ушул көл маалы ачылгандан бери андай окуялар каттала элекпи?
– Ооба, кырсыктан эч ким камсыздандырылган эмес. Жакында эле бир жигит чөгүп кетти. Саат эртең мененки 10дор чамасында болгондуктан, куткаруу кызматкерлери иште эмес эле. Тилекке каршы, аны аман алып кала алган жокпуз. Биз абдан издедик. Жыйынтык чыкпаганда ӨКМдан жардам сурап, алардын суучулдары сөөктү таап чыгышты.
– Терең жерлерге белгилер коюлган эмеспи?
– Коюлган эмес. Бирок биздин куткаруучу кызматкерлерибиз скутер менен бат-баттан айланып, эскертүү берип турушат.
– Техникалык каражаттарыңар жетиштүүбү?
– Бул жердин аймагы өтө чоң болбогондуктан, көп деле техниканын зарылдыгы жок. Бир моторлуу кайык жана скутер бар. Тынымсыз эле көлмөнү айланып турушат. Азыр күйүүчү май да кымбаттап кетти. Ошол майдын акчасын чыгаруу үчүн скутерде эс алуучуларды сейилдетебиз. Бирок дүйшөмбү сайын скутер тыныгат.
– Эми сөздүн нугун тазалык жагына бурсак...
– Биздин аймак 3,5 чакырым жерди ээлейт. Көлмөгө суу Чоң Чүй каналынан куюлат. Суу балыр, акыр-чикирлерден тазаланып, анан келет. Ошол себептен Бишкек калаасынын айланасындагы эң таза көлмөлөрдүн бири деп баса айта алам. Балык өстүрүп жатканыбызды да айтсам болот. Себеби балыктар суудагы адамга зыян нерселерди жок кылат.

“ӨЛҮМГӨ БИЗ ТҮРТКӨНДӨЙ КАРГАП КЕТИШЕТ”
ГЭС-5 көлмөсүнүн куткаруу кызматкери Термечиков Алмаз биз барардын алдында эле бир улгайып калган айымды сактап калганынан сөз баштады.
– Негизи, биз бул жакка келгендердин баарына эскертүү берип турабыз. Кээде жаш балдарга айтсак, “сүзгөндү сизден кыйын билем, сууда сүзүү боюнча чемпионмун” деген какшык сөздөрүн айтышат. Кээ бир кырсыкка учурап калгандардын ата-энелери, жакындары келип сөөгүңө жеткире каргап, өлүмгө биз түртүп жибергендей күнөөлөшөт.

КӨЛМӨ ТУУРАЛУУ
Бул көлмө мурда башка максатта салынган. Анын жанында ГЭС-5 станциясы жайгашкандыгын билсеңиздер керек. ГЭС-5 көлмөсү деп ошондон улам аталып калган. Эгерде кандайдыр бир кокустук болуп, ошол ГЭС-5 иштебей калса, анда бул көлмөнүн суусу колдонулат. Ошондо көлмө суусу Бишкек калаасынын стратегиялык аймактарын 8 саатка электр энергиясы менен камсыздай алат.
Жогоруда айтылган көлмөлөрдүн эс алуучуларына “көлмөнүн абалы канааттандырабы?” деген сурообузду узатып жаттык. Негедир көпчүлүк “көл болбосо, көлмө барына ыраазыбыз” деген жоопторду айтып жатышты. Балким, убакыттын өтүшү менен кемчиликтери жоюлуп, керемет көлмөлөргө айланып калар деген үмүттө сапарыбыз карыды.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ЭС АЛУУГА АТАЙЫН УБАКЫТ БӨЛӨСҮЗБҮ?

Мирана,
20 жашта, эколог:
– Ишиме байланыштуу эс алууга атайын убакыт деле бөлө албайм. Анткени жумуштар көп. Жаш кезекте иштеп алыш керек эмеспи, кийин деле эс алууга жетишебиз. Бирок азыр жайдын ысыктыгынан улам ушул аптанын аягында Ысык-Көлгө барып келүүнү пландаштырып жатам.

Таалайбек,
24 жашта, студент:

– Мен азырынча ишке орношо элекмин. Ошондуктан кээде эс алып жүрүп, тескерисинче, күнүмдүк жумуштарга убакыт бөлбөй коём. Буга өзүмдүн да ачуум келет. Азыр көл жээгине барып кыздар менен таанышып, кечинде тасма көрүү менен убакыт өткөрүп жаткан кез.

Бүайша,
47 жашта, үй кожойкеси:
– Ишим болбосо дагы үй жумуштары менен кечке чейин бошобойм. Бардык эле үй кожойкелери сымал бош убактыбыз көп көрүнгөнү менен, эс алууга атайын убакыт бөлүүгө шарт жок. Бирок эмки аптада сууга түшүп келүү үчүн курбуларым менен көлгө барууга ниет кылуудабыз.

Канат,
36 жашта, менеджер:
– Жумушка байланыштуу эс алууга атайын деле убакыт бөлбөйм. Өткөн айда 2 аптага эмгек өргүүсү берилгени менен, жумуштан кол бошобой чыга алган жокмун. Эмнегедир быйыл эс алууга көңүлүм жок. Эгерде бош убактым болуп калса, үй-бүлөм менен айылга барып келмекмин.

Аймира,
39 жашта, журналист:

– Жок, жумуш көп болгону үчүн атайын эс алууга убакыт бөлгөнгө шартым жок. Азыр эмгек өргүүсүндө болсом да, көр оокаттын айынан башка жумуштар менен алек болуп жүрөм. Жылдагыдай мында турган Ысык-Көлгө барууга мүмкүнчүлүгүм болбой да калат окшойт.

Багымбек,
67 жашта, пенсионер:
– Улуу жашыма жараша Кудайдын куттуу күнү үйдө болом. Байбичем экөөбүз короого жашылча эгип алганбыз, ошолорду карайбыз. Андан сырткары, неберелерим келип турушат. Алар менен алек болобуз. Эс алууга атайын убакыт бөлбөсөм да, дем алуу күндөрү менде көп.

Алина,
17 жашта, студент:

– Учурда жайкы каникулда жүрөм. Окуу аяктагандан кийин өзүнчө эс алууга убакыт бөлүп, үйдөгүлөр менен айылда эс алып келдим. Ал жактан туугандар менен көрүштүм. Азыр кошумча курстарга баруу менен убакыт өтүүдө.

Эльвира Караева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 403, 23-29-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан