«Арзы», «Президент жана бомж», «Бишкек-Ош жолунда», «Бир тууганчик», «Шаардык келин Шарапат», «Бажарики», «Үркүн» тасмаларында роль жараткан актёр Жоробек Аралбаев интервью бергенди көп жактыра бербейт. Бирок бул ирет бизге маек берүүгө макулдугун берди. Өзү токтоо, оор басырыктуу жана өктөм сүйлөгөн актёр менен маекти сунуштайбыз.
МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ЖЕ МАШЫКТЫРУУЧУ...
– Мен 1957-жылы 24-январда Таш-Көмүр шаарында төрөлүп, Фрунзеде чоңоюп-өстүм. Атам Эркинбай Аралбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, кезинде Борбордук комитеттин партиялык уюмунун төрагасы болуп иштеген. Апам Астай Сулайманова болсо мугалим, завуч болуп эмгектенип, өмүрүн окуучулардын билимине арнаган.
5-класска чейин орус мектепте окуган соң атам кыргыз тилин жакшы өздөштүрсүн деп
№5 гимназияга которду. Анткен менен 10-классты аяктагыча кыргыз тилинен аксадым. 6-класстан баштап акробатика менен машыгып жүрүп, кийинчерээк эркин күрөшкө өттүм.
Мектепти аяктаганда атам «милиция кызматкери же машыктыруучу болосуң» деген талабын айтты. Үйдө жалгыз бала болгондуктан ата-энемдин кашында болоюн деп Физкультура институтуна тапшырдым. Ал жакта окуп жатканда Москвадагы Щепкин атындагы театралдык училищеге тандоо жүрүп жатканын угуп, тандоого катыштым. Күтүлбөгөн жерден тандоодон өтүп, Москваны карай сапар тарттым. Чынында ал кезде искусство жөнүндө түшүнүгүм жок болчу. Атам деле искусствонун адамы болушумду каалаган эмес, ошондуктан батасын бербей көзү өтүп кетти.
«КИНОГО ӨМҮРҮМДҮ АРНАДЫМ»
– Артка кылчайып карасам, өмүрүмдү киного арнаптырмын. Болот Шамшиевдин «Бөрү зындан», Дооронбек Садырбаевдин «Арман» тасмаларында башкы ролду жараттым. Кино тажрыйбамда мен үчүн эң түйшүктүү Болот Шамшиевдин тасмасы болду. Анын өз ишин билген мыкты адис экенин иштешкенде билдим, режиссёр талапты катуу койчу.
Чынында өзүмдү Муратбек Рыскулов, Сүймөнкул Чокморов сыяктуу укмуш актёрмун деп эсептебейм. Мен катардагы актёрмун, келбетим ролго туура келсе, ойной берем.
Ортодо кинодон алыстап кеткенде Азарио деген жигит социалдык роликтерге тартып, мени кайра бул чөйрөгө кайтарды. Киного кызыгуум күчөп, «Бир тууганчик» тасмасына тартылдым. Тасманы жакшы чыгат деп күткөн эмесмин. Кийин сураштырсам, 11 ай бою сатыкта туруптур. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Андан кийин биринен-бири көрүп мени ролго чакырып башташты.
Тасмага тартылганда «мага мынча беришиң керек» деп талап деле койбойм. Анткени жаш режиссёрлордо кызыгуу күч болгону менен, чөнтөктөрү жука. Жаштар мени тасмаларга тартып, жаңы дем бергени үчүн аларга ыраазымын. Жаштардын тасмаларына тартылып мен да жашарып жатам (күлүп).
Акыркы кезде Амантур Ормуков деген режиссёр жигит менен тыгыз иштешип жатабыз. Ал режиссёрлук кылган «Бажарики» тасмасы элдик тасма болуп, өз күйөрмандарын таап келет.
Комедиялык тасмаларды сындагандар болуп калат эмеспи. Мен аларды сындабайм. Мамлекеттен жардам күтпөй, продюсер издеп, чөнтөгүндө болгон акчасын коротуп тасма тартып жатышат. Бул чоң эмгек. Азыр жеңил тасма тартышса, бара-бара тажрыйбалары артып, дүйнө таанымы өсүп, кийинчерээк терең философиялуу драмалык тасмаларды тартып калышат деп ишенем.
«КАНДАЙ ГАНА ЖУМУШТА ИШТЕБЕДИМ»
– Окуу мен үчүн ийгиликтүү, жемиштүү болду. Анткени студент кезден кинолорго тартылып жүрдүм. Негизи биз окуган маалда студенттерге киного тартылууга уруксат берчү эмес. Көркөм жетекчим СССРдин Эл артисти Юрий Соломин менин өнөрүмдү баалачу, ошондуктан ролдорду өзү сунуштап, тасмага тартылууга жиберчү. Агайдын жардамы менен Союз өлкөлөрүн кыдырып тасмаларга, сериалдарга тартылып калдым.
Окууну бүткөн соң мени аскер кызматы күтүп турду. Ооганстанга десант бөлүмүнө алабыз дешкенде атама «согушка кетип жатам» деп мактанып кат жаздым. Ал киши чоң жумушта иштегендиктен, «жалгыз уулумдун тагдыры кандай болот?» деп чочулады окшойт, аскерден алып калды. Эгер атам каршылык кылбаса, Ооганстанга кетип калмакмын.
Союз ураганда баарыбыз эле жумушсуз калбадыкпы. Жумушсуздуктун азабынан кандай гана жумушка иштебедим?.. Кинематографиянын жөнөкөй инспекторунан тартып мамлекеттик комитетинде кадр башчынын орун басарына чейин болдум, маданият бөлүмдөрүн жетектедим, заводдо иштедим, айтор, жашоо мени каалагандай калчады.
«ЧАЧЫ УЗУН ЭРКЕКТЕРДИ СЫНДАЧУМУН»
– Менин чачым тууралуу көп сурашат. Чачым боёлгон эмес, 35 жашымда эле агарып кеткен. Эгер мен искусство тармагында иштебесем, чачымды өстүрүп жүрмөк эмесмин. Чынында өзүм деле уялам. Бирок киного керек экен. Чачымды мен «Бажарики» тасмасы үчүн өстүргөм. Андан кийин экинчиси тартылды, эми 3-бөлүмү тартылганы жатат. Режиссёр Амантурдан «сен батыраак тасманы тартып бүтүрсөң чачымды алдырмакмын» деп күтүп жүрөм. Негизи тасмага чейин чачымды кыска алып жүрчүмүн. Жадакалса чач өстүргөн эркектерди сындачумун.
«БИРӨӨНҮН ЖАШООСУНА КЫЗЫКПАЙМ»
– Мен ушундай адаммын, бирөөнүн жашоосуна такыр кызыкпайм. Кошунам эмне болуп жатат, тиги Асан эмне менен алек, ишим жок.
Өзүмдүн үй-бүлөм тууралуу айтсам, жубайымдын аты Кенже Аралбаева. Бала бакчада тарбиячы болуп иштеп, пенсияга чыккан. Экөөбүздүн түтүн булатканыбызга 45 жыл болду. Эркектин жашоосу согуш талаасындай эле да. Жакшы «тыл» болбосо алыска кете албайбыз. Андыктан жубайыма ыраазымын! Мени ар дайым колдоп, кесибиме түшүнүү менен мамиле кылат. Байбичем экөөбүздүн эки кыз, бир уул жана беш неберебиз бар. Балдарыбыз учурда жашоодон ордун таап, өз алдынча жашап жүрүшөт. Алар, бактыга жараша, жолумду жолдошкон жок. Киночулардын кесиби өтө оор, андыктан балдарыма мындай кесипти каалабайт элем.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg