Юрген Клопп – шайыр, эмоционалдуу, акылдуу, өзгөчө харизмасы менен айырмаланган машыктыруучу. Титул же акча үчүн эмес, ар бир күйөрман каалаган чабуулга өңүт алган футболду командасына үйрөткөн насаатчы быйылкы футбол сезонунун башкы каармандарынын бири болууда.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Аты-жөнү – Юрген Норберт Клопп
Туулган жылы – 1967-жыл, 16-июнь
Туулган жери – Германия, Штутгарт шаары
Жетишкендиктери – «Боруссия» Дортмунд менен Германиянын 2 жолку чемпиону, Германия Кубогунун ээси, 2 жолу Германия Суперкубогунун жеңүүчүсү
Учурда – «Ливерпулдун» башкы машыктыруучусу
Үй-бүлөлүү. Эки уулдун атасы
РЕКОРДДУК 97 УПАЙ ЧЕМПИОНДУКТУ АЛЫП КЕЛГЕН ЖОК
12-май күнү дүйнөдөгү эң күчтүү, эң кызыктуу делген Англия Премьер-Лигасы жыйынтыкталды. Юрген Клопп жетектеген «Ливерпуль» командасы 38 оюнда 97 упай топтоого жетишип, клубдун рекордун жаңылады. Буга чейин "Ливерпуль" бир сезондо 90дон ашык упай топтогон эмес. Тилекке каршы, рекорддук упай аларга чемпиондукту алып келген жок. Англиянын биринчилигин "Ливерпулдан" 1 упай көп топтогон "Манчестер Сити" клубу багындырды.
2015-жылы октябрь айында Юрген Клопп "Ливерпуль" менен келишим түзүп жатканда 4 жыл ичинде команданы "чемпион кылам" деп убада берген эле. Бирок ал ою ишке ашпай калды. Ага карабастан 19 жылдан бери чемпиондукту күтүп келе жаткан "Ливерпулдун" күйөрмандары Клопптун отставкасын каалашпайт. Ооба, 4 жылда Клопп команданы чемпион кыла алган жок, бирок укмуштуудай оюну менен "Ливерпулдун" гана эмес, көпчүлүк футбол күйөрмандарынын жүрөгүнөн орун тапты.
КЛОПП – «МАЙНЦ 05» КОМАНДАСЫНЫН ЛЕГЕНДАСЫ
Юргендин бул жарык дүйнөгө келгенине атасы абдан кубанган. Атасы Норберт футболчу болгону менен, профессионалдык деңгээлге чыга алган эмес. Ошондуктан футболчу болом деген максатымды балам ишке ашырат деп үмүттөнгөн.
Алгач Клопп Германияда профессионалдык эмес клубдарда ойногон. 23 жашка чыкканда гана «Майнц 05» командасы менен келишим түзөт. Ошол учурда аталган клуб өз тарыхында Бундеслигада ойноп көрбөгөн, төмөнкү лигаларда гана ойногон командалардын бири эле. 18 жыл өмүрүн Клопп дал ушул клубга арнайт. 11 жыл ичинде ал "Майнцтын" алмашкыс оюнчусуна айланып, команданын лидери болгонго жетишет. Дал ушул лидерлик сапаты үчүн команда жетекчилери Клоппту 34 жашында машыктыруучу кылып дайындайт. Ошентип, дагы 7 жыл команданын машыктыруучусу болуп эмгектенет.
Ал оюнчу кезинде эле машыктыруучулук курска жазылып, тапкан акчасынын жарымын окуусуна жумшаган. Машыктыруучу Клопп үч сезондун ичинде "Майнцтын" тарых беттерин жаңылап, команданы алгачкы ирет Германиянын жогорку лигасына чыгарат. Ал бул ийгилиги тууралуу: «Жайкы машыгуу учурунда мен оюнчуларымды тамак-ашсыз беш күнгө Швециянын токоюна алып бардым. Алар өздөрү ошол токойдун ичинде жашап кетүүгө үйрөнүшү керек эле. Муну менен алар бардыгын кыла аларын көрсөткүм келген. Бул ишимден улам жардамчым мени акмак деп ойлогон»,- дейт.
2008-жылы Клопп «Майнц 05» командасынан кетип жатканын билдирип, коштошуу кечесине шаардын жарым калкы чогулган. Көздөрү жашка толгон күйөрмандар Клоппту жылуу узатышкан.
«КӨЗҮРДҮ» КАРМАП АЛГАН «БОРУССИЯ»
2008-жылы Клопп "Гамбург" клубунун машыктыруучусу болмок. Бирок акыркы учурда клубдун жетекчилери Клопптун жагымсыз сырткы келбетинен коркуп баш тартышкан. Азыр ошол жетекчилер баштарын мыкчып отурушса керек...
"Гамбург" жактырбай койгон машыктыруучу «Боруссия» Дортмунд менен келишим түзөт. Ал келгенге чейин клуб ортозаар командалардын катарында, каржылык жактан күчтүү болбогондуктан лиганын күчтүү командалары менен тең тайлаша алчу эмес. 3 сезондун ичинде Клопп команданы чемпион кылууга жетишет. Кийинки жылы бул ийгилигин кайталап 2-ирет Германиянын биринчилигин жеңип алат. Ушул эле жылы 23 жылдан бери ишке ашпай келген миссияны ишке ашырып, Германиянын кубогун утуп алат.
Ал эми "Гамбург" бул убакытта аутсайдерлердин катарын толуктап калган.
Азыркы күндө "Боруссия" Германиядагы мыкты 2 клубдун бири болуп саналат.
ҮЧҮНЧҮ АРАКЕТ
Футбол ааламындагы эң беделдүү мелдештин бири – Чемпиондор Лигасы. Клопп бул кубокту жеңип алууга 2 жолу жакын барган, бирок эки ирет тең ийгиликсиз болуп калган.
Алгачкы ирет бул кубокту Клопп 2013-жылы колдон учурган. Анда ал жетектеген «Боруссия» финалдык беттеште «Бавария» клубу менен айтылуу «Уэмбли» стадионунда кез келишкен. Оюн бүтөрүнө 1 мүнөт калганда Арьен Роббен эсепти 2-1ге айлантып, "Боруссияны" жеңилүүгө душар кылган. Бул оюн тууралуу Клопп «бул оюнду эч качан кайталап көргөн эмесмин. Мен үчүн бул өтө оор» дейт.
Экинчи ирет Клопп «Ливерпуль» менен бул кубокко абдан жакын келет. 2018-жылдын 26-май күнү Киевде анын командасы падышалык "Реал" клубу менен финалдык беттеш өткөрөт. Беттеште бардыгы болгон: Салахтын жаракаты, Карриустун каталары, кооз голдор жана «Ливерпулдун» жеңилиши.
Бир жылдан соң Лионель Месси баштаган "Барселонаны" тизе бүктүргөн Клопптун командасы кайрадан Чемпиондор Лигасынын финалында. Бул жолу Клоппто ийгиликти өз тарабына оодарганга бардык мүмкүнчүлүгү бар. Себеби Салахтын ден соолугу жакшы. Ал эми дарбазада Кариус эмес, өткөн жылкы Чемпиондор Лигасынын мыкты дарбазачысы – Алиссон Беккер...
КЛОППТУ ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕЛЕГЕН 4 СЕБЕП
1. «Эгер күйөмандар биздин оюнубуздан ырахат алышпаса, анда биз эмнеге ойнойбуз?» Бул суроо менен Клопп канчалык деңгээлде күйөрмандарды сыйлаарын жана дайыма чабуул менен оюн өткөрөрүн далилдегендей. Клопптун негизги ийгилигинин сыры – анын тактикасы. Анын футболчулары каршылашы топ алганда дароо прессинг кылуу менен топту тартып алууну көздөйт. Топту тартып алганда дароо чабуул жасаганга аракет кылышат. Чабуул артынан чабуул жасаган оюнунан күйөрмандарды эч зериктирбейт.
2. Ал жаш оюнчулардын талантын көрө билип, аларды жаңы деңгээлге чыгарат. "Боруссияда" Роберт Левандовски, Матс Хуммельс, Илкай Гюндоган, Марко Ройс сыяктуу оюнчуларды дүйнөлүк жылдызга айланткан. "Ливерпулга" келери менен Мухаммед Салах, Роберто Фирмино, Эндрю Робертсон, Вирджил Ван Дейк сыяктуу оюнчулардын жылдызын жандырды.
3. Клопп команданы мыкты башкарат. Ал жөн гана машыктыруучу болбостон, ар бир оюнчуга өзүнүн баласындай мамиле кылат. Натыйжада Клопп башкарган командада ар дайым мыкты атмосфера түзүлөт. Анын командасынын ичинде түшүнбөстүктөр болуп жатат деген жаңылыктар эч качан чыккан эмес.
4. Клопп мыкты мотиватор. "Ливерпуль" эч качан колун шилтеп оюнга чыкпайт. "Барселонадан" биринчи оюнда 0:3 эсебинде жеңилип, кийинки оюнда 4:0 эсебинде жеңип алышканы буга далил.
4 жыл ичинде эч бир кубокту жеңе албаса дагы, Клоппту жаман көрүү же сыйлабай коюу мүмкүн эмес. Анын командасы ушул жылдын 1-июнунда Чемпиондор Лигасынын финалдык беттешин жеңсе, анда Клопптун 4 жылдык эмгегинин акыбети кайтат.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg