«ЙОУ-ЙОУ...» РЭП

Рэпер дегенди укканда шалбыраган шым, футболка кийген, башында кепка, моюнунда жоон алтын чынжыр, денесинде татуировка, “йоу-йоу...” деп кол жаңсап ырдагандар көз алдыңызга тартылса керек. Музыкадагы бул агым кайдан чыккан, негиздөөчүсү ким? Биз ушул суроолорго жооп издедик.

РЭП ДЕГЕН СӨЗ ЭМНЕНИ ТҮШҮНДҮРӨТ?
Рэп – англис сөзү. Которулганда "rap", "rapping" – "түкүлдөө", "уруу", "бир ритмге салып сүйлөө" дегенди түшүндүрөт. Рэп аткаруучуну рэп ырчы же "МС" (эм-си) деп аташат. Рэп деген сөздүн синоними – хип-хоп.

КАНДАЙЧА ПАЙДА БОЛГОН?
Рэп 1970-жылдары АКШнын Нью-Йорк шаарындагы афро-америкалыктар көбүрөөк жашаган Бронкс районунда пайда болгон. Ал кезде аталган райондун тургундарынын жашоосу өтө оор болчу. Жетишпеген жармач жашоону кара терилүүлөр бир ыргакка салып алып ырдашчу. Башында бул стиль коммерциялык багытта эмес, рахат алуу үчүн колдонулган. Чаң баскан көчөнүн балдары чогулуп рэп батлл уюштурушуп (“battle” англис тилинен – “урушуу”, “жарыш”), айтышып жарышышчу.

НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ КИМ?
Рэп музыканын негиздөөчүсү деп Кул Герк деген ырчы саналат. Клайв үй-бүлөдө алты баланын эң улуусу. Ата-энеси 1967-жылы Ямайкадан Бронкска көчүп келишкен. Клайв үчүн башка жерге отурукташуу оор болгон. “Чужак” деп көчөнүн балдары алгач өздөрүнө кошпой коюшкан. Музыкага жакын өспүрүм көчөдөгү балдарды өзүнүн музыка жандуулугу менен тартып алган. Анын жашоодогу болуп жаткан көрүнүштү ритмге салып сүйлөгөнүн көпчүлүк жактырып, акырындап тил табышып кетишкен. Кийинчерээк ал түнкү клубга ди-джей болуп орношуп, рэпти өзгөчө музыкалык стиль катары өнүктүрүүнү чечип, жаралган ырларды кара терилүүлөр уккан радиолорго тараткан. Ошентип көпчүлүккө тарап, өнүгө баштаган.

Толук аты-жөнү Клайв Кэмпбелл
Лакап атыКул Герк
Туулган жылы1955-жыл, 16-апрель
Туулган жери Кингстон, Ямайка

ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ...
Кийинүү стилинен тышкары, рэперлер көбүнчө сөгүнүп сүйлөшөт. Рэп ырларында мурун мындан да көп сөгүнүү болгон экен. Эл аралык деңгээлде өнүгүү үчүн, аны азайтууга шарт коюлган. Бийлеген бийи – брейк-дэнс.


ЭЙКОН

Эйкон бой тартканы баңгизаты, мыйзамсыз курал-жарактар менен соода кылып жүрүп, анысы аз келгенсип кымбат баалуу машиналарды уурдап сатчу. Мындай кылмышы үчүн 5 жыл абакта жатып жооп берген. Бул убакыт жашоосун терең талдоого чоң мүмкүнчүлүк берген. Түрмөдө отуруп мурунку жашоосу тууралуу ыр жазып, жашоосун музыкага байлайм деген. Кийин сөзүнө туруп, чыкканда чыныгы жашоо тууралуу рэп ырдап, ырлары бир гана рэп сүйүүчүлөрдүн эмес, бүтүндөй музыка угармандарына жакын болуп, хитке айланган. Учурда ал популярдуу жана бай рэп ырчылардын катарында. Капчыгы ар жылы жок дегенде 2 миллион доллар менен толукталып турат.

Толук аты-жөнү А Ляун Дамала Буга Тайм Пуру Нака Лу Лу Лу Бадара Эйкон Тиам
Сахнада Жөн гана Эйкон
Туулган жылы1973-жыл, 30-апрель
Туулган жери Сенегал (Африканын батышында жайгашкан өлкө)


ТИМБАЛЭНД

“Грэмми” сыйлыгынын 4 жолку ээси Тимбалэнд учурда үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы. Башка рэп ырчылардан айырмаланып, Тимбалэнд жашоодо бир агым менен аккан адамдардан. Чыр-чатакка аралашып же кайра-кайра аял алмаштыруу деген сапаттардан алыс. Баңгизат, абакка отуруу дегенди билбей эле сахнаны багындырган. Учурда урматтуу продюсер, рэп аткаруучу жана көптөгөн хит ырлардын автору. Ыр жазат демекчи, анын жазып берген ырлары да өтө кымбат. Мисалы, жазган 1 ыры 300 000 долларды чапчыйт. Ал эми эки аптада 10 ырды оңой эле жарата алат. Бүгүнкү күндө анын материалдык байлыгы да башкалардан кем калышпайт. Бай рэп ырчылардын тизмесине кирет.

Толук аты-жөнү – Тимоти Мосли
Сахнадагы ысымы
Тимбалэнд
Туулган жылы1971-жыл, 10-март
Туулган жери АКШ, Виргиния штаты, Норфолк шаары


JAY-Z

Jay-Z. Бул ырчынын учурда мурункудан да популярдуулугу жогору. Анткени ал мега жылдыз Бейонстун өмүрлүк жолдошу. Бруклинден чыккан Шон рэп менен чоңойгон. Чыгармачылыгындагы чыр окуя – бул сахналаш атаандашын бычак менен сайып салганы жана Нэс аттуу абройлуу рэп ырчыны кара республикачы деп атаганы. Нэс экөөнүн ортосунда көпкө чейин согуш болгон. Ошондо 3 жылдан ашуун чыгармачылыгына тыныгуу кылган. Учурда ал атактуу, бай, анан сулуу, ажарлуу Бейонстун жолдошу. Бейонско каалаган белегин алып бергенге чамасы жетет. Болбоду дегенде анын жылдык кирешеси 35 миллион долларды түзөт.

Толук аты-жөнү – Шон Кори Картер
Сахнадагы ысымы
Jay-Z
Туулган жылы1969-жыл, 4-декабрь
Туулган жери Бруклин, Нью-Йорк шаары, АКШ


50 CENT

Рэп ырчы Кёртистин өмүр таржымалы Эйкондукуна окшош. Айырмасы, 50 Cent атасын көрбөй чоңойгон. Апасы кылмыш дүйнөсүндөгү атактуу инсан болгон. Ырчылыкка чейин баңгизат анын жашоо образы эле. Бул аны түрмөгө чейин алып барган. Бирок Эйкондой 5 жыл эмес, жарым жылда эле амалын таап, абактан чыгып кеткен. Абактан чыгып деле жагымсыз жашоо эстафетасын уланта берген. Бирок уулу Маркиздин төрөлүшү анын жашоосун өзгөрткөн. Баласына катардагы балдардай бактылуу балалык арноо үчүн акырындап кримчөйрөдөн кол үзгөн. Бул ал үчүн жеңил болгон эмес. Аны кылмыш дүйнөсүнөн кетиргиси келбегендер өмүрүнө кол да салышкан. Учурда бардык кыйынчылыкты жеңип, атактуулардын катарында. Байлыгы да жетиштүү. Жылына 32 миллион долларга жакын киреше табат.

Толук аты-жөнү Кёртис Жеймс Жексон
Сахнадагы ысымы50 Cent
Туулган жылы1975-жыл, 6-июль
Туулган жери АКШ, Нью-Йорк шаары
Учурда – Рэп ырчы, актёр, жеке ишкер, ажырашып кеткен, 1 уулдун атасы

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
alucard
2010-07-29 17:36:09
ЭЭэээй эминэм брат кана???
0
ogustin
2010-09-27 19:06:08
tuura aitasyn alucard eminem jok snoop dog jok 2pac shakur jok engizgisi
0
№ 403, 23-29-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан