Мен кыргызмын!
Жакындан бери “Алтайга жүрүш”, “Манас жолу” деген сөздөр көп угулуп, кызуу талаш-тартыштар болууда. Айрымдар мистика дешсе, айрымдар Манас атанын руху колдооруна ишенишип, Алтай жүрүшүнө барууну көксөп жатышат. Долбоордун уюштуруучусу, жазуучу, тарыхчы Асыкбек Оморов бул тууралуу кызык маек куруп берди.
АЯН КЕЛДИ!
Кыргыз эли кыйын күнгө туш болуп турган учурда Манас атабыз жарыкка келип, кыргыз журтчулугун сактап калганы чындык эмеспи. Бир эмес, эки революцияны башынан өткөргөн кыргыз эли кайрадан оор күндөрдү башынан өткөрүп жатканы кимге сыр? Бул жүрүштүн түпкү мааниси да дал ушунда. Асыкбек Оморов апрель айларынын аягында “Манас” коомунун иштери боюнча Алтайга барып калат. Ал жактан философ, алдын ала билүүчү касиетке эгедер табып, Алтай Республикасынын дин башкармалыгынын башчысы, алтайлык кыргыз Акай Кине аттуу адамга жолугат. Ал адамдын айтуусунда, ага аян берилген.
“Элиңерде эки төңкөрүш болуп өттү, эми үчүнчүсүнөн чоң согуш чыгып кетиши мүмкүн. Анда кыргыз эли жоголуп кетүү коркунучу бар. Мен мурун үч жолу Кыргызстанга барып келгем. Мурунку хан Акаевге да, кийинки Бакиевге да Алтай жеринен чыныдай таш алып барып берип, ташты ыйык сактап, жылына бир жолу элдин көйгөйүн угуп жыл сайын Элдик курултай өткөргүлө, болбосо, арты жаман болот дегем. Экөө тең айтканыма кулак салышпады. Эми элди сактап кала турган бир жол бар. Ошону аткарсаңар, Кыргызстанды сактап каласыңар”,- деп айткан. Муну уккан Асыкбек Оморов бул долбоорго белсенип киришкен. Мына ушинтип, Алтай жүрүшкө даярдык катуу башталат.
7 ОЗУЙПАНЫ АТКАРУУ
Эми Алтайдагы жүрүштүн озуйпасы тууралуу сөз кылсак. Бул иштин максаты – Манас атанын туулган жери менен кыргыз жерин байланыштыруу. Ал кандай жол менен ишке ашат? Акай Киненин айтуусу боюнча, кыргыздын 40 уруусунун өкүлү Алтайга жол алыш керек. Алар автобус менен барып, ал жактан кырк атты минип, Манас баскан жолду басып Кыргызстанга келиши кажет. Кырк атты Алтайда Акай Кине даярдап турары да дайын болду. Кырк өкүлдүн жети милдети бар. Ал – асман, от, жер, суу, жаныбар, өсүмдүк, дан аркылуу Алтай менен кыргыз жерин байланыштыруу. Анда четинен баштайлы.
ЖҮРҮШКӨ КИМДЕР ТАНДАЛАТ?
Асыкбек мырзанын айтуусунда, Алтай жүрүшүнө бара турган 40 өкүл кылдат тандалат. Бул ыйык милдетти аткарууга көрүнгөн адам бара бербеси анык болду. Өкүлдү алгач жер-жерлерден уруу башчылар бирден адамды өздөрү шайлап жиберишет. Ар бир адам кошуунга кошулуу үчүн 80 миң сом каражат ала келиши керек. Өкүлдөрдүн ар бири билүүсү керек болгон шарттар бар.
Тандоонун мындай кыйындыгына карабай, учурда “Манас жолуна” аттангысы келгендер толтура.
ДАЯРДЫКТАР
Азыр даярдыктар катуу жүрүп жаткан учур. Өкүлдөр тандалып, демин ичине алып стартта турушат. Жолдо ар кандай кырсыктын алдын алуу үчүн дарыгерлер, ветеринардык дарыгерлер, журналисттер, кино тартуучу топ да дайындалган. Баса, аргымактар үчүн да өзгөчө кам көрүлгөн. Топтолгон акчага Алтайдан 6 тонна жем, 1 машина чөп, суу ташуучу машинадан бирөө даярдалып, өкүлдөрдүн аркасынан коштоп саксактап келишет.
"МАНАС" ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
“ЭЛДИН ИШЕНИМИ БЕКЕМ”
– Асыкбек агай, чоң ишке белсенген экенсиздер. Эгерде кырк өкүлдүн бири ооруп калса эмне болот?
– Кырк өкүлдүн бири чыдабай кетип калышы мүмкүн эмес. Ошон үчүн аябай тандоодон өткөрүп жатабыз. Ушунча белсенип киришкен ишибизди бирөө ойрон кылышына жол бере албайбыз.
– Ал эми аттар качып кетсе же кырсыкка чалынсачы?
– Аттар күчтүү, дени сак, узак жолго жарамдуу аргымактар. Аны атайын саяпкер таптап жатат. Ал эми качып кетсе, Кудай урбадыбы, отуз тогузубуз укурук салып кармай албай жаныбыз жокпу? Негизи эле атка кам көрө ала турган азаматтар барышат. Тушаганды же күрмөп байлай албаганды “кой, сен жарабайсың” деп эле чыгарып коюп жатабыз.
– Эми келгенден кийинки иш-чаралар боюнча айтып кетсеңиз...
– Келгенден кийин Көлдүн Түп айылынан баштап атчан Кыргызстандын жерлерин кыдырабыз. Көлдөгү “Аалам ордодо” Ташкул Керексизов элди уюштуруп тосуп алмай болду. Ар дубан элге кайрылып, ынтымак-ырашкерликке үндөп, касиеттүү жерлерге Алтайдан алып келген топуракты таштап жүрүп отурабыз. Көлдөн кийин Кочкорго, анан Ат-Башыга барабыз. Ат-Башыда Аскар Салымбеков боз үйлөрдү тиктирип күтүп турат. Андан соң Өтмөктө Табылды Эгембердиев 50 орундук боз үй даярдап турат. Ал жерден Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы да элге кайрылып, милдетибизди түшүндүрүп жүрүп отурабыз. Ошентип, Кыргызстанды кыдырып отуруп акыры Таласка келебиз да, Манас атанын күмбөзүнө сыйынабыз. Бул иштин баарын Эгемендүүлүк күнүнө чейин бүтүрүү керек. Ошол күнү Бишкектеги аянтта кырк уруунун кырк боз үйү тигилип, кыргыздын даамдары элге бекер таркатылат. Андан кийин борборго улуттук фольклордук концерт беребиз. Ошону менен биз ыйык милдетибизди аткарып бүткөн болобуз. Бул жүрүш боюнча китеп жазылып, документалдуу тасма жана телефильм тартылат.
– Бул мистика деп ишенбей жаткандар да барбы?
– Эл ичинде андайлар да бар экен. Бирок элдин арасында патриоттор көп экенине, эл үчүн күйгөн азаматтар бар экенине ынанып турабыз.
Ушундай окурман, акыры ишеним жеңет демекчи, Манас атанын арбагы колдоп, ишенимибиз туу болуп, элибиз бейпил турмушта жашаса экен деген аруу тилекти биз да тиледик. Ал эми эл жүгүн көтөргөн азаматтарга ак жол демекчибиз.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg