6-май күнү Бишкек шаардык Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында белгисиз адамдар үйүнө кирип, күч колдонуу менен тоноп кетишкенин билдирген. Аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, “Карактоо” боюнча кылмыш иши козголгон. 12-май күнү жергиликтүү маалымат булактарынын бири арыз ээси ырчы Мирбек
Атабековдун апасы экендиги, каракчылар 60 миң доллар акча жана 10 миң долларлык баалуу буюмдарды алып кеткендиги тууралуу маалымат тараткан. Алгач бул маалыматты ырчынын жубайы Мээрим Төлепберген четке каккан болчу. Бирок 13-май күнү Мирбек Атабеков интернеттеги жеке баракчасына окуянын чындыгы бар экендигин тастыктаган билдирүү таратты:
"Урматтуу мекендештер! Коомчулукта болуп жаткан апам жашаган биздин үйгө куралчан уурулар тобунун киргендиги боюнча төмөнкү маалыматты билдиргим келет. Чындыгында апам, карындашым жана анын балдары жашаган үйгө куралчан уурулар кирген. Жакындарымды байлап, тапанча такап коркутуп-үркүтүү менен үйдөгү бардык акчаны жана баалуу буюмдарды алып кетишкен. Алар психикалык жана физикалык жактан жабыркашты. Көрсөтмө боюнча, кылмыштуу уурулардын тобу жогорку даярдыкта дыкаттык менен уюшулган. Учурда кылмышкерлерди табууга күч органдары бардык иш-аракеттерди жүргүзүүдө. Өзүмдүн атымдан жалпы жарандарга кайрылгым келет, мындай окуя сиздерде да болбош үчүн коопсуздукка көңүл бөлүңүздөр. Эң башкысы, апам, карындашым аман калды. Акча, дүнүйө табылат, бирок психикалык жабыркоо өмүр бою көңүлдө калат. Жашообузда биринчи жолу ушундай окуя болду. Чынында башыңа келмейинче башканын абалын сезбейт экенсиң. Ошондуктан бийлик өкүлдөрү, эл өкүлдөрү, сураныч, милиция кызматкерлеринин шартын, укуктарын элибиздин тынчтыгы үчүн күчтөңүздөр. Мисалы, Кыргыз Республикасынын жаңы күчүнө кирген мыйзамына ылайык, милиция кызматкерлери кылмышкерди издөөгө бермейинче кармоого укугу жок экен",- деп жазган ырчы өз билдирүүсүндө.
Бул окуя боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматкери Улан Жумаковго кайрылганыбызда азыр ыкчам иликтөө тобу тарабынан каракчыларды издөө иштери активдүү жүрүп жаткандыгын, бирок алар азырынча кармала электигин билдирди.