“Чоңойгондо кафе ачып, элге өрдөктүн этинен түрдүү тамактарды жасап берем. Андан сырткары татуировка салонун ачам...” Бадминтон ойногон өспүрүм келечегин ушундай элестетчү. Учурда ал өспүрүм чоңоюп, таланты, келбети, керекпи бир жылмаюусу менен миллиондогон кыздардын жүрөгүн жаралап, дүйнө жүзүн багындырып келе жатат. Арминин (күйөрмандары) суранычы менен түштүк кореялык популярдуу “BTS” тобунун “кенжетайы” Чон Чонгук тууралуу маалымат назарыңызда.
ЧОН ЧОНГУК
Туулган жылы – 1997-жыл, 1-сентябрь
Туулган жери – Түштүк Корея, Пусан шаары
Бою – 178 сантиметр
Үй-бүлөдө – эки бир тууган, агасы бар
Лейбл – Big Hit Entertainment, “BTS” тобунун солисти, рэпер, бийчи, продюсер
БАЛАЛЫКТАГЫ ТҮРКҮН КЫЯЛ
«Атамдын боулинг ойноп канчалаган сынактарга барып жатканын көрүп, мен да спортчу болсом деп кыялдандым. Анан бадминтон ойной баштадым. Бирок бул оюндан бат эле кызыгуум тарап кетти. Апам болсо живописке кызыкчу, дайыма сыналгыдан жаратылыштын кооздугун чагылдырган берүүлөрдү көрөт эле. Негизи эле биздин үй-бүлөдө атам, апам, агам үчөө тең сүрөттү жакшы тартышат. Апамды карап отуруп чыгармачылык тууралуу ойлондум. Бирок эмне кылышты билген жокмун. 7-класста окуп жүргөн кезде классташтарым менен бибоингге (бий түрү) кызыгып кеттик. Бийлеген мага жакты. Ошентип менде жаңы кыял пайда болду – бийчи болом деген”,- түркүн кыялдарга байланган балалыгын Чон ушундайча эскерет.
ЭМОЦИЯСЫ ЖОК БИЙЧИ
«Көчөдө же мектептеги иш-чараларда эле бийлеген мага жетишсиз боло берди. Анан эмнем кетип жатты эле деп «Superstar К2» сынагына катышып көрүүнү чечтим. Өлкөдөгү абройлуу сынакка келген каалоочулардын санын көрсөң баш айланат. Бирок артка жол жок эле. Алымдын жетишинче бийледим, бирок режиссёр Пан Шихёк “бийиңде эч кандай эмоция жок” деди”. Бул сынакта Чонгук финалга өтпөй калганы менен анын талантын, келбетин баалагандар чыгып, 7 компания аны менен иштешүү сунушун киргизген. Алардын арасынан Big Hit Entertainment агенттигин тандап жаңылбагандыгын учурдагы популярдуулугу менен түшүндүрсө болот.
“BTS`теги” ЭҢ ЖАШ ЫРЧЫ
«Сынактан уккан сын мага чындап катуу тийди. Кемчиликти жоюшум керек болчу. Андыктан агенттик менен чечим кабыл алып, бий үйрөнүш үчүн АКШга бардым. Мыкты хореографтар менен иштешип, бийдин бир нече түрүн үйрөндүм. 1 жыл аралыгында эмоция кошконду да өздөштүрдүм окшойт”. Бий тармагын өнүктүргөн Чонгук алгач популярдуу ырчы Жо Квон, кийин “Glam” тобунун клибине бийчи катары тартылып экрандан көрүнгөн. Рэпер
G-Dragon’дун чыгармачылыгына кызыккан Чондун алдында дагы бир сыноо турган. Ал ырчылыкты багынтуу эле. Бул кыялы да ишке ашып, 16 жаштагы Чонгук 2013-жылы “BTS” тобунун курамында дебюттук «2 Cool 4 Skool» ыры менен чыгышкан.
ДҮЙНӨЛҮК АТАКТУУЛУК
«2Cool 4 Skool» альбому топко “Эң мыкты жаш артист” деген наамды алып берген. Топ учурда мүмкүн болгон сыйлыктардын баарын четинен алып келе жатат. 2019-жылы К-рор топторунун арасынан алгачкы ирет "Грэмми" сыйлыгына талапкер болду. Учурда кандай ыр жазып же клип тартылбасын, жаңыланган рекорддор, дүйнөлүк турнелер жана баш айландырган атактуулуктун үстүндө келе жатышат.
Топтун популярдуу болушуна Чонгуктун да салымы зор. Анын жеке ырчы катары ырдап чыккан “Begin” ыры топко дүйнөлүк атактуулук алып келген “Wings” альбомуна кошулган. Ырчынын кийинки жеке аткарып чыккан чыгармасы "Euphoria" деп аталып, бир канча мамлекеттин музыкалык чарттарында 3 айдан ашуун лидерлик сапта турган. Жаш болгонуна карабай Чонгук учурда белгилүү шоулордо алып баруучу, андан сырткары продюсер, режиссёр, ырчы, бийчи, актёр, модель.
КҮЙӨРМАНДАРДАН СЮРПРИЗ
Концерттик турнеде жүргөн топ март айында Кытайдын Гонконг шаарына барган. “BTS” канча күн Кытайда жүрсө, ошол күндөр аралыгында шаардын бардык көчөлөрүндөгү экрандарда, керекпи метролордо да Чонгуктун 10 сүрөтү слайд болуп көрсөтүлүп турган. Сүрөткө “Миңдеген ырлар сен үчүн ырдалат. Миллиондогон жылдыздар сага таандык” деп жазылган. Бул күйөрмандарынын сүйүктүү ырчысына белеги болчу. Мындай сюрприз менен жана күйөрмандардын армиясы менен бардык эле атактуулар мактана алышпайт.
ЧОНГУК ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА МААЛЫМАТ
Урматтуу К-рор күйөрмандары, мындан ары «Супер-Инфонун» ар бир санынан корей жылдыздары тууралуу кызыктуу маалыматтарды окуй аласыздар. Кайсы жылдыз жөнүндө окугуңуз келсе, гезиттин Инстаграмдагы super_info_official расмий баракчасына сунушуңузду жазсаңыз болот.
Асыл Орозбекова
star@super.kg