ТАТЫМАЛ ЧӨПТӨР

Татымал чөптөр кадимки тамакка өзгөчө даам берет жана дасторкондун көркүн ачат. Организмди керектүү витамин жана минералдар менен жабдып, зат алмашууну жакшыртат, иммунитетти көтөрөт. Мына ушундай касиетке ээ чөптөрдү чарбакка өстүрүп, күнүмдүк тамак-ашка колдонууга болот. Бул жаатта маалыматты Бишкектеги Энвер Гареев атындагы ботаникалык бактын эксперменталдык ботаника лабораториясынын илимий кызматкери Назира Арыкбаева айтып берет.

Татымал чөптөр орточо жана семиз жерде жакшы өсөт. Андыктан кык чачылган жерге тигүү керек. Уругун себерден мурда 1 сутка сууга чыласа, батыраак өнөт. Убагында сугарып, түбүн жумшартып, отоп туруу кажет. Көк чөптөрдү апрелде тигишет же тамыр түбүн бөлүп отургузушат, бирок азыр деле тиксе боло берет. Себеби алар 7-12 күндө өсүп чыгат. Терезеге же балконго да өстүрсө болот. Уруктарын жана тамыр түптөрүн базардан, ботаникалык бактан, урук саткан фирмалардан алууга болот.

Аларды кышкыга даярдап күзүндө көлөкө жерге кургатып алууга болот.

ШАЛФЕЙ

Шалфей көп жылдык дары чөп. Боюнун бийиктиги 75 сантиметрге чейин жетет. Ысыкты сүйгөн, ашыкча нымды жактырбаган, кургакчылыкка чыдамдуу өсүмдүк.

Багып-өстүрүү. Уругун топуракка 1 сантиметр тереңдикке сээп, үстүн топурак менен жабуу керек. 10 күндө өнүп чыгат. 1 чарчы метр жерге 1 аш кашык урук кетет. Күн тийген жерге тигүү керек. Көлөкөдө жана көп сугарганда жакшы өспөй калат. Жайкысын бир аптада 1 жолу сугарылат. Эрте тигилгени май айында гүлдөп баштап, урук ала берет. Уругу сентябрь, октябрда чогултулат.

Ашканада колдонулушу. Тамак-ашка жалбырагы колдонулат. Шорполорго, эт, балык тамактарына кошулат. Сыр жана пирогдорго өзгөчө өткүр даам берүү үчүн да кошушат. Кытайда чай катары демдеп ичишет. Балыктарды маринаддоодо колдонулат.

Кимдерге колдонууга болбойт?

Чөптөн аллергиясы барларга, кош бойлууларга, бала эмизген аялдарга болбойт. Көп ичсе көнүп калууну жаратат.

КҮРӨҢ ЧАЙ ЧӨП

Күрөң чай чөп (душица обыкновенная) орегано деп да аталат. Бийиктиги 30-70 сантиметрге чейин жеткен көп жылдык өсүмдүк. Уругуна караганда тамыр түбүнөн жакшы көбөйөт.

Багып-өстүрүү.

Жарык, күн тийген жерге тигүү сунушталат. 1 чарчы метр жерге 1 чай кашык урук керек. Уругун 0,5 сантиметр тереңдикте сээп, үстүн топурак менен жабуу зарыл. 10 күндө өсүп чыгат. Кийинки жылы жазда тамырынан бөлүп көбөйтсө болот. Ысыкта аптасына 2 ирет сугарылат. Тиккенден 1-жылы жалбырагы колдонула берет, 2-жылы тегиз гүлдөгөн учурда түбүнөн бир нече тал калтырып, үстүн кыркып, жыйнап алса болот. Түбүнөн кайра чыга берет.

Ашканада колдонулушу. Тамак-ашка жалбырагы, гүлү колдонулат. Койдун, уйдун этинен жасалган куурдак, ризотто, спагетти, суюк тамак, салат, балыктын соусуна кошушат. Ликёр-арак чыгарган ишканалар продукциялары үчүн татымал катары пайдаланышат.

Кимдерге колдонууга болбойт? Кош бойлууларга, кан басымы төмөндөргө колдонуу сунушталбайт.

РАЙКАН

Райкан (базилик) бир жылдык татымал жана дары чөп. Боюнун бийиктиги – 30-60 сантиметр. Ысыкты сүйгөндүктөн күн тийген жерде жакшы өсөт. Курамында эфир майы бар.

Багып-өстүрүү. Уругу 1 сантиметр тереңдикке тигилет жана сепкенден кийин 1 аптада өсүп чыгат.

1 чарчы метр жерге 1 чоң кашык урук жетет. Күн ысыкта аптасына 2 ирет сугаруу керек. Тигилгенден кийин 1 айда гүлдөйт. Күздө уругу чогултулат. Тегиз гүлдөгөн учурда түбүнөн кыркып алса, кайра өсүп чыгып, кеч күзгө чейин колдонууга жарайт, бирок урук алынбай калат. Кыркылып алынганы кышкыга кургатылат.

Ашканада колдонулушу. Жаңы үзүлгөн жана кургатылган жалбырагы, сабагы салаттарга суюк жана эттен жасалган тамактарга кошулат. Бадыраң, патиссонду туздоодо, болгар калемпири менен баклажанды маринаддоодо колдонулат.

Кимдерге колдонууга болбойт? Жүрөк-кан тамыр ооруларында (тромбоз, тромбофлебит, кандын уюшунун бузулушу, инфаркт алгандар) жана кош бойлууларга, чөптөн аллергиясы барларга сунушталбайт.

МЕЛИССА

Мелиссанын эл оозунда аталышы – лимондуу жалбыз, лимон чөп. Көп жылдык, жарым көлөкө жерди байырлоочу, нымды жакшы көргөн өсүмдүк. Курамында эфир майы бар. Боюнун бийиктиги 30 сантиметрден 1 метрге чейин жетет.

Багып-өстүрүү. 1 чарчы метр жерге 1 чай кашык урук кетет. Жарым көлөкө жерге (мисалы, бак-дарак арасына) 1 сантиметр тереңдикке тигилет. 10-12 күндө өнүп чыгат. Аптасына 2 ирет сугарылат. Тиккенден 1 айдан өтүп гүлдөйт.

Ашканада колдонулушу. Жалбырагы, жаш сабактары жана кургатылганы салаттарга, эттен, козу карындан жасалган тамактарга, суюк тамактарга кошулат. Сүргүчтөн өткөрүлгөн сыр, уксус, суусундуктарга кошулат. Бадыраң жана помидор туздоодо колдонулат. Жалбырагын чай катары демдеп ичсе болот. Жыты сакталыш үчүн кайнатуу сунушталбайт.

Кимдерге колдонууга болбойт?

Бөйрөк, боор оорусу, ашказанында жана он эки эли ичегисинде жарасы барлар, талма, кан басымы төмөндөр анда-санда бир колдонбосо оорусун курчутуп жиберет.

КӨКӨМЕРЕН

Кадимки көкөмерен (кийик оту, чабрец, тимьян) көп жылдык, жарым бадал түрүндөгү кургакчылыкка чыдамдуу, жерге жайылып өскөн дары өсүмдүк. Боюнун бийиктиги 35 сантиметрге чейин жетет. Кооздук үчүн да тигилет. Уругунан көбөйөт. Курамында эфир майы бар.

Багып-өстүрүү. 1 чарчы метр жерге 1 чай кашык урук себилет. Күн тийген жерге, бир сантиметр тереңдикке тигилет. 2 аптада өсүп чыгат. Аптасына 1 жолу сугарылат. Тигилгенден кийин жакшы караса 1 айдан соң гүлдөйт.

Ашканада колдонулушу. Жалбырагы картошка, капуста, эттен жасалган куурулган тамактарга, кайнатма шорпого, нокот, буурчак жана чечевицадан жасалган суюк тамактарга, пирожки, пирогдорго, сырга өзгөчө жакшы даам берет. Консерва жана ликёр-арак заводдорунда татымал катары колдонулат. Гүлүнөн, жалбырагынан чай даярдап ичсе болот. Жаңы үзүлгөн жалбырагы помидор, бадыраң, кабак, патиссон туздоодо колдонулуп келет. Айрымдар гүлүн да суюк тамакка кошушат.

Кимдерге колдонууга болбойт? Бөйрөк, боор оорусу, ашказанында жана он эки эли ичегисинде жарасы барлар, кош бойлуулар врач сунуштаса гана ичүүлөрү керек.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
-Sumitra-
2019-05-22 19:59:50
Кийик от менен райкан эмнеге кош бойлууларга болбойт ?Жей берет элек го мурда.
0
№ 863, 16-22-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан