– Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында 1974-жылы туулган бир тууган агам Асхат Бекташовду издейбиз. Агам 2004-жылы Орусияга иштегени кеткен. Ошол эле жылы күздөн баштап байланышпай калды. Бирок 2007-2008-жылдары менин дос балдарым аны Москвадан көрүшкөн экен. Былтыр да тууганыбыз алыстан көрүп калыптыр. Бизге байланышпай жатканына караганда, анын бизге таарынычы бар окшойт деп ойлоп калдым. Асхат байке, кокус башыңызга жаман иш түшүп, кыйынчылыкка кабылып, бизге айта албай жүргөн болсоңуз, сөзсүз кабар бериңиз. Сизге кандай болсо да жардам берерибизди унутпаңыз. Агамды көргөн-билгендер болсо, кабарлап коюшуңуздарды суранабыз.
Талант Бекташов, тел.: 0556 00 70 01, 0779 67 52 41
“АТА, СИЗДИ ТАПКЫМ КЕЛЕТ”
– Мен 1996-жылы төрөлгөм. Кичине кезимде атам менен апам ажырашып кетишиптир. Апам менен жашадым, атамды көргөн эмесмин. Ал тууралуу апамдан да, башка туугандарымдан да эч нерсе сураган эмесмин. Апам да мага эч нерсе айткан эмес. Билгеним, атамдын аты Таалайбек. Ал Ысык-Көл облусунан болот. Атамды таап, сүйлөшкүм келет. Ата, окусаңыз байланышыңызчы.
Чүй облусу, Айыма, тел.: 0501 10 15 16
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28