ЖӨРГӨМҮШТӨР ТОЛО ҮЙДӨ ЖАШАГАН IU

16-май. Түштүк Кореяда бул күнү Твиттер социалдык тармагында #HappyIUDay хештеги сурамжылоо боюнча биринчи сапка чыкты. «Эшикте кандай аба ырайы болбосун, жаан, кар, шамалбы, биздин маанайыбызды көтөргөн Айю жана анын музыкасы бар. Жашооң ар дайым фейерверктей жарык болсун! Юэна дайыма сени менен!» Бул күнү миң түркүн сөздүн «гүлүнө» оронгон Айю ким? Айю десе токойдогу жаныбар аюуну элестетпеңиз. Айю лакап аты менен таанымал Ли Чжи Ын – назик, татынакай, жаш болсо да көптөгөн ийгиликтерди багынткан ырчы, актриса.

Аты-жөнү
– Ли Чжи Ын
Сахнадагы лакап аты – Айю (IU)
Туулган жылы – 1993-жыл, 16-май
Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары
Бою – 162 сантиметр
Үй-бүлөдө – 2 бир тууган, иниси бар
Хоббиси – Китеп окуу, ыр жазуу, акустикалык музыка угуу, кино көрүү, сүрөт тартуу
Атактуу ырлары – «Жоголгон наристе» («Lost Child»), «Сен билесиң» («You Know»), «Сонун абалдамын» («Feel So Good»), «Boo», «BBIBBI» жана башка
Белгилүү дорамалары – «Алоолонгон жүрөктөр: Корё», «Менин агам», «Бийик кыялдан», «Продюсер» жана башка
Лейбл – LOEN Entertainment
Дебют – 2008-жылы 18-сентябрда «Mia» ыры менен чыккан
Фан-клубунун аталышы – Юэна

«МЕН ЖАНА СЕН»
Айю жаңыдан ырдап баштаганда ушундай назик, арык, кичинекей кыздан мыкты ырчы чыгарына эч ким ишенген эмес. Бирок ал бардык сыноолордон өтүп, ырчылык ордун бекемдей алды. Учурда анын келбетине, сулуулугуна суктангандар өзүнчө бир жоон топ болсо, кубулжуган үнүнө байлангандар, актрисалык өнөрүн баалагандар миллиондоп саналат. Эмнеге IU? Ли Чжи Ын ырчылык жолго атак-даңк үчүн эмес, кимдир бирөөнүн кыялын, кайгы-кубанычын ыр аркылуу чагылдырып бергиси келгени үчүн аттанганын айтат. «Ар бир адам өзүн менин ырларымдан тапса» деп кыялданган ырчы псевдоним тандоодо «I and You – Мен жана Сен» деген сөздү кыскартып, IU аталышын алган.

ЖОКЧУЛУКТА ЧОҢОЙГОН
Ли Чжи Ынды боорукер, ак көңүл, эч кимдин көңүлүн калтырбаган адам катары сыпатташат. Кичинекейинен жокчулуктун азабын көргөн Чжи Ын ар бир нерсени баалаганды үйрөнгөн. Мектепте окуп жүргөндө ата-энесинин иши банкротко учурайт. Алар акча табабыз деп иштеп жүргөндө Чжи Ын менен инисин чоң энеси карап калган. «Биз кичинекей, тар үйдө жашачубуз. Бөлмөнүн ичинде жөргөмүштөр ушунчалык көп эле. Башында корксок, кийин көнүп калдык, көнбөскө айлабыз жок эле. Кийин ал батирдин акчасын да төлөй албай, туугандардын үйүнө көчтүк. Бирок анда деле иним, чоң энем үчөөбүздү жыргал жашоо күткөн жок. Тууганыбыз ичип, мас болуп келген сайын бизди тилдеп, басынта берчү. Бир жолу мага «сен көрүнгөн сынакка барып убакыт короткуча, мектепте жакшы окубайсыңбы?! Сенден эч качан ырчы чыкпайт!» деди. Ошондо ичимден «карап тур, мен баары бир ырчы болом» деп өзүмө сөз бергем»,- дейт балалыгын эскерген ырчы.

КЫЯЛДАР ОРУНДАЛАТ!
Жашоосу канчалык оор болбосун Чжи Ын ырчы болуу кыялынан баш тартпаган. Белгилүү ырчылардын ырларын кавер аткарган ал аудиолорун ар кайсы сынактарга, музыкалык агенттиктерге жөнөтүп турган. Бир күнү ага «Сиз биздин агенттикке кабыл алындыңыз. Окуу программасына өтүш үчүн мынча акча төлөшүңүз керек» деген кат келген. Чоң энесинин майда-чүйдө сатып тапкан акчасын сураган Чжи Ын агенттикке акча которот. Бирок ошону менен алардын дайынын таппай калган. Чоң энесинин акчасын алдатып жибергенине арданган кыз көпкө чейин депрессияда жүргөн. Бирок ырдаганды токтоткон эмес. Акыры 2007-жылы ага ийгилик жылмайып, "Good Entertainment" агенттигине кабыл алынат да, 2008-жылы дебюттук «Mia» ыры менен эл алдына чыккан. Арты-артынан популярдуу болгон «Boo», «Marshmallow» ырлары аны каржылык жактан камсыздап, 2009-жылы чогулткан акчасына атасына машина сатып берген. «Мен жаңыдан ырдап баштаганда жылмайганды билчү эмесмин. Жашоо мага жылмайганды үйрөткөн эмес. Агенттигимдегилер башкалар кандай кабыл алат деп санааркашат эле. Азыр мен өзгөрдүм, башкамын» дейт ырчы.

АКТРИСАЛЫККА АЛЫП КЕЛГЕН САУНДТРЕКТЕР
Бирде мактоого, бирде сынга кабылган Айю дайыма изденүүнүн үстүндө жүрөт. 2009-жылы чыккан «Growing Up» аталышындагы биринчи альбому анчалык популярдуу болгон эмес. Ал эми 2011-жылы «Last Fantasy» альбому чыкканда Айюну бир гана Кореяда эмес, Япония, Кытай мамлекеттеринде да таанып башташкан. «2012-жылы Түштүк Кореяны кыдырып алгачкы концертимди бердим. Ошондо гана өзүмдүн ырчы экенимди, күйөрмандарым бар экенин сездим»,- дейт Чжи Ын. Учурда Айю бир гана өз мекени менен чектелбестен, АКШ жана Европа өлкөлөрүндө да күйөрмандарына ыр сунуп келет.
Анын карьерасындагы дагы бир мактоого арзырлык тарабы – күйөрмандары менен дайыма байланышта болгону. Ырчылыктан кийин алпаруучулук, андан кийин тасма дүйнөсүнө аттанган. Бирок дароо эле актриса болуп кеткен эмес. Популярдуу сериалдарга, тасмаларга аткарган саундтректер Айюнун атактуулугун гана арттырбастан, актрисалыкка да жол ачкан.

«КИМДИН ОБРАЗЫН ЖАРАТСА ДА, РЕЖИССЁРЛОРДУ ЫРААЗЫ КЫЛАТ»
Чү дегенде эле башкы каармандын ролун алган Айю 2013-жылы «Сен баарынан мыктысың, Ли Сун Син!» дорамасына тартылган. «Ырчы тасмада роль жаратат дегенде режиссёрлор, тасма тартуучу топ бир аз чочулашат. Айюну да «ушул бир калыпта ырдап жүргөн кыз кантип башка адамдын образын жарата алат?» дегендер болгон. Бирок тасма талаасында Айю таанылгыс болуп өзгөрөт. Кимдин образын жаратса да, режиссёрлорду ыраазы кылат» дешет анын жакындары.
2018-жылы жарыкка чыккан «Менин агам» дорамасы «Seоul Awards-2018» сыйлык тапшыруу аземинде «Мыкты дорама» наамын утуп алса, анда башкы каармандын ролун жараткан Айю «55th Baeksang Arts Awards» фестивалында «Мыкты актриса» наамын жеңип алган. Белгилей кетчү нерсе, бул фестивалда «Мыкты актёр» наамы «EXO» тобундагы Диого буюрган. Учурда Айю «Ай нурундагы мейманкана» аттуу фантастикалык дорамага тартылууда. Тасма жаратуучулар сериал 2019-жылдын экинчи жарымында экранга чыгарын айтышат.

Айю 4 жыл ырчы, композитор, өзүнөн 11 жаш улуу Чан Ки Ха менен кыз-жигит мамилесинде болгон. 2017-жылы эки башка жолго түшкөнүн жарыялаган түгөйлөрдүн мамилесине чекит коюлушуна Айюнун «Алоолонгон жүрөктөр: Корё» сериалындагы өнөктөшү Ли Жун Ки менен мамилеси себеп дешет. Бирок алардан белгилүү жооп: Жун Ки менен Айю жөн гана кесиптеш, дос. Мындай «достордун» тизмесинде ырчы Ын Хёктун да аты бар.

Урматтуу К-рор жана корей тасмаларынын күйөрмандары, мындан ары «Супер-Инфонун» ар бир санынан корей жылдыздары тууралуу кызыктуу маалыматтарды окуй аласыздар. Кайсы жылдыз жөнүндө окугуңуз келсе, гезиттин Инстаграмдагы super_info_official расмий баракчасына сунушуңузду жазсаңыз болот.


Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
radostmoya
2019-05-28 18:10:06
Мен мисалы, райское дереводогу башкы ролдогу жигиттин автобиографиясын окугум келет
0
landysh
2019-05-31 18:59:20
Йайа Урассайа жонундо жазгыла
0
LunaSun
2019-06-01 14:14:52
Дорама?
-1
LunaSun
2019-06-01 14:15:13
Дорама?
-1
LunaSun
2019-06-02 12:33:57
Кечирип койгула. Корсо чын эле ушундай соз бар экен. Билбепмин
-1
№ 864, 23-29-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан