СУПЕР-АГЕНТ: КИМ? КАЙДА? КАЧАН?

Супер-агент

А.БЕКНАЗАРОВДУН БАЛАСЫ МАКСИМ БАКИЕВДИН
МАШИНАСЫН АЙДАП ЖҮРӨБҮ?
– Азимбек Бекназаровдун Руслан деген баласы Максим Бакиевдин кымбат баалуу Кадиллак унаасын тээп жүрөт имиш. Бийликтен түшкөндөрдүн мал-мүлкүн бийликке келгендер басып алганды качан токтотушат? “Айран жокто, максым бар. Айдар жокто, Максим бар” деген сөздүн үчүнчү уландысы жүрүп жатабы? Ушул сөздүн аныгын билип бериңиздерчи? Эркин, Бишкек шаары.

Руслан Бекназаров:
– Бул маалыматты кыргыз тилдүү гезиттердин эле бири таркатып жиберген. Алар менен байланышка чыксам, “саясатка аралашканда мындай нерселер боло берет” дегендей жооп беришти. Биз БЭКтин курамында
2008-жылы “Биримдик” жаштар кыймылын түзгөнбүз. 7-апрелден кийин партиянын ичинде парламенттик шайлоого барарыбызды жарыяладык. Ал эми Максим Бакиевдин машиналарына келсек, бул жакта жигиттер каза болуп жатса, ошондой нерсеге көңүл бурмак белем? Албетте, мунун баары калп, менин оюмча, мага карата эмитеден каралоо башталды. Азыр өзүм оң рулдуу, арзан баадагы эле Хонда-Одиссей машинасын айдап жүрөм.


МЕЛИС ЭШИМКАНОВ КАЙСЫ ПАРТИЯНЫ БАШПААНЕК КЫЛАТ?
– "Бир кездеги оппозициячылардын бири Мелис Эшимканов кайрадан саясатка кошулат. Мурунку гезитин эми “Жаңы Агым” деп атап, ишин баштады. Ал “Ар-намыс” партиясынын кеңсесине барып жүрөт",- деген сөздөр айтылууда. Ал эмне, кайра депутат болоюн деп жатыптырбы? Канат, Бишкек шаары.

Мелис Эшимканов:
– Азыр эч кандай саясат, партиялык ишмердикке аралашпай эле ден соолук, үй-бүлө иштери менен алек болуп жүрөм.
Өлкөбүз оор жоготууларга туш болду. Мындай кезде саясатка аралашууга моралдык укугум деле жок деп эсептейм. Жакынкы келечекке план кура элекмин. Негизи, "Агымды" кайра талашууга юридикалык жактан укугум бар экен. Максим тартып алган ишканалардын баарын кайтарып жатышкан турбайбы? Бирок мен андай кылбайм. Кеткен Бакиевдерди одоно сындабайм, жаңыларга жагынып, кошомат да кылбайм.


КӨНГӨН АДАТ КАЛАБЫ, УЙГА ЖҮГӨН САЛАБЫ?
– "Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов борбордогу акчасы көп ишкерлерге “салык салыптыр" деп уктум. Мурунку мэрлер дагы шаардык казынада акча болбой калса эле ишкерлерден акча сураганды адат кылып алышкан экен. Эми бийликтен куулгандардан үлгү албай, кайра эле ошол нерсени уланткандары ачууну келтирет. Иса Өмүркуловдун “салык салганы", негизи, чынбы? Жумабек, Кара-Балта шаары.

Иса Өмүркулов, Бишкек шаарынын мэри:
– Мындай “өнөрдү” мурункулар колдонушчу экен. Ошондуктан “салык салыптыр” деген сыяктуу сөздөр чыгып кеткен. Чынында, мен эч бир ишкерге салык салган эмесмин. Эгер ошондой маалымат болсо, алар эбак эле сотко кайрылышмак. Бул чагымчылар чыгарган ушак-айыңдар. Ал эми маалыматтын булагын текшерүүгө жана ушундай ыплас нерселер менен алектенүүгө эч кандай убактым жок. Азыр мен шаарды өнүктүрүү аракетинде баш калаанын маселелери менен бошобой жүрөм.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
sheff
2010-07-26 23:39:20
Мляяяя,саятка баягылар эле келип отуруп атышат,баягы эле корунуш,жаштар,жаштар деп коюп Жаштардан дайын ЖОК!!!!!!!
0
temirovM
2010-07-27 16:19:43
супер агентинер ушулбу ?? ууруга барып сен урдадынбы дегендей еле болуп калыптыр.. бул емне азыркы окмоттон корконсунарго шамал болбосо талдын башы кыймылдабайт деген соз бар ....
0
bakaika
2010-07-28 19:17:10
Баары эле оздорун акташатго чиркин! Дагын деле байлыка суу сагандар келиптир!
0
Debi
2010-07-29 11:44:36
"жаңыларга кошомат кылбайм" деп Мелис байке каталарынан жакшы сабак алган экен да. Дурус, дурус... "Максим басып алган нерселерди тартып алып жатышыптыр го" деп, кайсы аңда калган бу киши? Мен антпейм дегени, басмачыларга шерикмин дегениби? Сындай албасы бештен белгилүү да, эми аларды сындаса бети калабы? Деген менен, азыркы саясатка катышууга моралдык укугу жок экенин кашкайта айтып турганы, абийиринин тирүүлүгүнөн кабар берип турат. Ийгилик
0
Debi
2010-07-29 11:48:18
Иса, Руслан, азаматсыңар, ушунуңардан жазбай, ушактарды эрөөн-төрөөн көрбөй, эл деп жан уроп журо бергиле. Жүйөлүү далилдер менен четке кагып да коюп тургула, эл чындыкты билип турсун. Элге кызмат кылбай, Кудайга кызмат кылууга болбойт. Кудай алкыштасын силерди.
0
Ceed
2010-07-30 11:28:27
Туугандар, азыркы бийлик алдынкы бийликтердин "мусору"! Булардан деле откон "пленкалар" кайталанат, себеби, режиссеру менен актерлору ошолор эле, мен тушунбогонум, кечээ ушунча чон озгоруу болду Кыргызстанда, а эмне учун эл кайра эле ушуларды кабыл алды?! Чисто жаштардын бийлигин тузуубуз керек, жаштар! Эртен КРдин келечеги озубуздун эле колубузда, булар алат да, бир кун качат, элге эле кыйын болот! Кудай сактай кор, булардан! Бироосуно да ишенбеймин!
0
jua
2010-07-31 10:55:41
Мелис Эшимканов озун киммин деп ойлоп журот.Апрел окуясынан бир аз мурун эле Максимди мактап чыкпады беле.Дагы уялбай Масим тартып алган ишканардын баарын кайтарыпатышыптыр деп эмне Эшимкановдун дагы Агымын Максим тартып алыптырбы ПАТХАЛИМ.
0
ylduska
2010-08-01 23:48:30
Мелис Эшимканов "Мен кошомат кылбаймын, кошоматчы эмесмин " деп кайсы бети менен айтып атат, Максимди мактаган ким эле? Кайсы бети менен чыгып атат деги, Эшимкановдун уй мулкун ортоп жэ тартып алыш керек болчу чыккынчы!!!
0
ylduska
2010-08-01 23:51:05
Бздин шаарыбыздын мээри болуп иштеп жаткан Омуркулов биринчиден бул такка татыксыз, экинчиден иштегенди билбейт "взяточник" шаардын баары пробка а иштеп жол салган кишилери жок, тезирээк бригада болуп сала салса болбойбу?
0
№ 403, 23-29-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан