Адилет Кыштакбеков, жөө күлүк: «КҮН САЙЫН 40 ЧАКЫРЫМ ЧУРКОО АДАТКА АЙЛАНГАН»

Үстүбүздөгү жылдын 11-майында Ысык-Көлдө VIII эл аралык «Run the Silk road» марафону болуп өттү. Анда 42 чакырым 195 метр аралыкка чуркоодо кыз-келиндерден Дарья Маслова биринчи орунду ээлесе, мырзалар арасында жеңишти Адилет Кыштакбеков багындырды. Бул мелдешти жеңип, эми алдына айтылуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун рекордун жаңылайм деп максат койгон спортчу Адилет Кыштакбеков менен маек курдук.

Аты-жөнү – Адилет Кыштакбеков
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 11-апрель
Туулган жери – Талас облусу, Талас району, Манас айылы
Билими – Талас Мамлекеттик университетин аяктаган
Жетишкендиктери – Кытайда өткөн эл аралык Шанхай кызматташтык уюмунун марафонунун жеңүүчүсү (2017-жыл); Азия чемпиондугунда 10 000 метр аралыкта коло медаль багынткан (2017-жыл); Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстанда өткөн жарым марафондордо байгелүү орундарды ээлеген.
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

– Салам, Адилет. Ысык-Көлдө өткөн марафондогу жеңишиңиз менен куттуктайм! Жеңишке жетүү канчалык эмгекти талап кылды?
– Чоң рахмат. Бул марафонго 16 күн атайын окуу-машыгууда даярдык көрдүк. Себеби өзүбүздүн мекенибизде болуп жаткандан кийин алдыбызда чоң жоопкерчилик болду.

– Жеңил атлетикага кантип келип калдыңыз, канча жашыңыздан бери чуркайсыз?
– Мектепте окуп жүргөндө өзүмдөн жогорку класстардын балдары менен жарышып, аларды утуп алчумун. Ошондо спорттун бул түрүнө кызыгуу пайда болду. Мындан тышкары учурунда атам дагы жеңил атлетика менен машыккан. Мен атамдын жолун уладым. Чоң жеңиштерди багындырам деген максатты алдыма койгом. 15 жашымдан баштап атайын профессионалдык деңгээлде машыгып келем.

– Күн сайын канча чакырым чуркайсыз?
– Күн сайын үч маал. Орточо эсеп менен күнүнө 20-50 чакырым аралыкты чуркайм.


– Эмне үчүн марафонду тандадыңыз? Кыска аралыкта чуркаган менен алыс аралыкта чуркагандын айырмасы эмнеде?
– Алыс аралыкка чуркоо мага көбүрөөк жагат, ошол себептен марафонду тандагам. Кыска аралыкта болсо сен биринчи кезекте тез чуркашың керек, анан дагы жарыш бат эле бүтүп калат. Бул мага кызык эмес. 21, 42 чакырымдарда мен ырахат алуу менен чуркайм.

– Эң алгач чуркаган жана эсиңизде калган марафон кайсы болду?
– Эң алгач 2014-жылы Франциянын Нант шаарында чуркагам. Бул жарышка мен эч кандай даярдык көрбөй эле баргам. Бирок аягына чейин чуркашым керек деген негизги максатымды ишке ашыргам. Ал эми эсимде калган марафон 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарындагы жарыш болду. Бул мелдеш алдында мен жакшы көрсөткүч көрсөтөм деген жакшы ойдо баргам. Бирок, тилекке каршы, ал жакта күн абдан ысык болуп, аба ырайына көнүш кыйынчылык жаратты. 38 градус ысыкта чуркадык. 25 чакырымдан кийин эле буттарым тырышып, ылдамдыгым азайып, кыйналып баштадым. Бирок ал тоскоолдуктарга карабай финишке жеткеним менен, 19-орунду гана багындырдым.

– Марафондогу эң жакшы көрсөткүчүңүз канчанчы жылы кайсы марафондо орун алган?
– Үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде Франциянын Аннеси шаарында өткөн марафондо өзүмдүн рекордумду жаңылап, 42 чакырым аралыкты 2 саат 18 мүнөт 23 секундда чуркап өттүм.

– 250 чакырымдык ультрамарафонго кызыгасызбы? Ошончо аралыкты чуркап өтүш үчүн кандай даярдык же кандай күч керек?
– Ультрамарафонду кээде машыгуу учурларында чуркайбыз. Бирок азырынча андай чакырымды басып өтүүгө даяр эмесмин. Себеби мындай аралыкты багындырыш үчүн дагы көп убакыт жана көп эмгек талап кылынат. Учурда ультрамарафон эмес, 42 чакырымдык марафондогу көрсөткүчүмдү жакшыртуу – негизги максатым.

– Башка спорттун түрү менен машыгасызбы?
– Буга чейин күрөш, футбол менен да алектенгем. Мектептердеги жарыштарда ар дайым өзүмдөн 5 жаш улуу байкелерден ашып кетчүмүн. Ошол жеңиштер мени чуркоо – сенин спортуң деген ойлорго жетеледи окшойт.

– Чуркоо үчүн эң жагымдуу аба ырайы сиз үчүн кандай болуш керек?
– Жаз мезгили. Эшикте аба ырайы 9-16 градус жылуу. Бийик тоонун коюнунда, Кыргызстандын кереметтүү кооз жаратылышына суктанып чуркаганга эмне жетсин?

– Чуркап бара жаткан кезде эмне жөнүндө ойлоносуз?
– Мелдештерде мен дайыма жеңишке жетишим керек деген ой менен чуркайм. Ал эми машыгуу учурларында чуркап баратып мага көп идеялар келет. Чуркоо учурунда жашооңду, келечегиңди ойлонууга сонун мүмкүнчүлүк жаралат. Эгер көйгөйлөр болуп жатса, аны чечүү жолдору да чуркоо мезгилинде табылат.

– Адилет мырза мотивацияны каяктан, кимден алат?
– Албетте, спортчуларга дем-күч берип колдоп турган адамдар керек. Себеби спортчу колдоо болуп жатканын сезсе, ал адамга кошумча мотивация болот жана жоопкерчиликти сезе билет. Мага менин машыктыруучуларымдын насааттары жана ата-энемдин колдоосу дем-күч берет.

– Дүйнөдөгү эң улуу марафончу 102 жашта. Сиз канча жашка чейин марафондо чуркайын деген оюңуз бар?
– Азырынча чуркаганды токтотоюн деген ойлор жок. Учурда чуркоосуз жашоомду элестете албайм. Кудайым буюрса, ден соолугум чың болсо 60-70 жашта деле чуркай берем.

– Алдыдагы максаттарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?
– Эң негизги максат – 2020-жылы Токиодо боло турган Олимпиадага жолдомо алуу жана ага ийгиликтүү катышуу. Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн рекордун жаңылагым келет. Бүгүнкү күндө рекорд айтылуу спортчу агабыз Сатымкул Жуманазаровго таандык. Ал 42 чакырым аралыкты 2 саат 11 мүнөт 16 секундда чуркап өткөн.


Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Mahabat84
2019-05-28 04:51:10
Азаматсын.алдыда даагы ийгиликтер коштосун
+1
№ 864, 23-29-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан