КАЛ. КАЙСЫ УЧУРДА КӨБӨЙҮП, РАККА ӨТҮП КЕТЕТ?

Денедеги кал, тактар эмнеден улам жаралат? Алар кимде көп кезигиши жана кайсы учурда ракка өтүп кетиши мүмкүн? Булар тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун врач-онкологу, медицина илимдеринин кандидаты Алмазбек Бабалаев маалымат бермекчи.

Кал менен мең... Буларды кээ бир аймактарда синоним сөз катары кабыл алышса, дагы башка жерде көрүнүшү жалпак так сымалын кал, териден өйдө көтөрүлүп чыгып турганын мең деп түшүнүшөт. Этнографтарга кайрылсак, "калды адабий тилдеги сөз, ал эми меңди диалектикалык сөз катары кабыл алсак болот" дешти. Медицинада бул невус деп гана аталат.

НЕВУС ДЕГЕН ЭМНЕ?
Денедеги кал (мең) деп аталгандар, ошондой эле күн нурунан улам түшкөн тактар (кал сымал) булардын баары медицинада невус деп аталат. Невустар – теридеги тубаса же кийин пайда болгон пигменттешкен так, ошондой эле териден өсүп чыккан өсүндү. Алардын ичинен жалпагы да, териден сыртка дөмпөйүп чыгып турганы да кездешет. Кээ бир невустардын бетинде кылүк) өсүп калгандары болот. Булардын баары залалсыз. Невустардын өңү күрөң, кара, кызыл, кызгылт көк-сыя жана башкача болушу мүмкүн.
Эгерде алар кандайдыр бир себептерден чоңоюп, өсүп баштаса, анда ал меланомага (залалдуу шишик) айланышы мүмкүн.

ЭМНЕДЕН УЛАМ ПАЙДА БОЛОТ?
Бир себептерден улам организмдеги кайсы бир клеткаларда меланинди (териге түс берүүчү жана күндүн ультра кызгылт көк-сыя нурларын жутуп алуу менен терини коргоочу пигмент) иштеп чыгаруучу меланоциттер топтолуп калат. Ошол жер невустун пайда болгон жери болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, невус теридеги дерма (теринин ички катмары) жана эпидермистин (теринин эң үстүңкү катмары) ортосунда жайгашкан меланоциттерден улам жаралат. Невустар бири-биринен формалары жана өңү менен айырмаланат.
Мисалы, биз күнгө күйгөндө меланоциттер меланинди көп иштеп чыгарат. Ошондуктан тери күнгө тотугат (загар). Бала эненин курсагында кезинде меланоциттер кайсы бир клеткада топтолуп калса, кийин акырындап теринин бетинде билинет. Невустар көбүнчө адамдын бетинде кездешет.
Ымыркайларда невустардын өлчөмү өтө кичинекей болгондуктан анча деле байкала бербеши мүмкүн. Бирок бала чоңойгон сайын алардын да көлөмү чоңоюп, түсү күңүрт тартып көзгө байкала баштайт.
Невустар дененин каалаган жеринде, мисалы, бетте, ооздо, тилде, тырмактын алдында, жыныстык органдарда болушу мүмкүн. Көлөмү чоңу (диаметри 1 сантиметр), орточосу (диаметри 1 сантиметрге чейин), майдасы (диаметри 0,5-1,5 миллиметр) болот.

НЕВУСТАРДЫН ЖАРАЛЫШЫНА ТҮРТКҮ БОЛГОН СЕБЕПТЕР

  • Тукум куучулук.
  • Күндүн кызгылт көк-сыя нуру. Күндүн алдында узакка жүрө берүүдөн териде меланин ашыкча бөлүнүп чыгып, денеде пигменттүү кал сымал так (невус) жаралат. Акырындап андай тактардын саны арбый берет.
  • Радиация, рентген нурунан улам да пигменттүү тактар жаралат.
  • Ошондой эле невустар этникалык жана расалык өзгөчөлүктөрдөн көз каранды. Мисалы, европалык улуттарда невустар көп кезигет, себеби алардын терисинде меланин пигменти аз болот. Ал эми негроид жана монголоид расасында меланин пигменти көп болгондуктан невустар азыраак жолугат. Бирок кыргыз элинде деле сары, ак жуумал, ак саргыл өңдүүлөр кездешкендиктен, аларда да невустар көбүрөөк болушу мүмкүн.
  • Гормоналдык өзгөрүүлөрдөн дагы пайда болушу ыктымал.

МЕЛАНОМА КИМДЕРДИ ТООРУЙТ?
Невустар кээде агрессивдүү залалдуу шишикке, башкача айтканда, меланомага айланышы мүмкүн. Меланома бат өсүп, бездерге жана кан тамырларга, башка органдарга чейин жайылып кетет (метастаз). Меланома – теринин залалдуу шишиктеринин ичинен эң көп өлүмгө жеткирген түрү. Невусу барлардын ичинен меланомага кабылуу коркунучу барлар төмөнкүлөр: кимдин невусу көп, чоң же жаракатка көп чалдыккан жеринде болсо, өңү ак жуумал, ак саргыл жана сарылар, витилиго оорусу менен ооругандар, күн алдында дамамат жүрсө, кен чыккан жерлерде иштегендер (радиация болот), күйүккө кабылгандар. Андыктан денесинде невусу барлар кокус төмөнкү белгилерди байкап калса меланомага айланып баратат деп түшүнүшү керек:

  • Невустун өңү мурункудан күңүрт тартса, же тескерисинче, ачык түскө өтө баштаса (пигментсиз меланома), бир нерсе тийсе ооруса же канаса;
  • Өтө бат чоңоюп баратканы билинсе;
  • Бетиндеги түктөр түшө баштаса;
  • Айланасында кошумча невустар пайда болсо (сателиттер);
  • Тырмак томпоюп чыкса (бул тырмагынын алдында невусу барларга тиешелүү). Невус чоңойгондо тырмак томпоюп шиший баштайт.

Эгерде айтылган белгилер билинсе дароо онкологдорго кайрылуу керек. Кокус териден өйдө чыгып турган невус жаракатка көп учураган жерде болсо, мисалы, далыда, манжа арасында, таманда, жука чурайда (кийимге сүрүлүп же жуунганда оорутат, канап кетүүсү мүмкүн) болсо, анда алдырып койгон оң. Болбосо улам сүрүлүп канап, тытыла бергендиктен акырындап меланомага өтүп кетет. Невусу ачык жерде, мисалы, кол-бутта болсо, анда аларды күн нурунан коргоп, жеңи узун кийимдерди кийүү сунушталат. Бетинде невусу барлар жээги жайык шляпа кийиши керек.



МЕЛАНОМАНЫ ДАРЫЛОО ЫКМАЛАРЫ
Бүгүнкү күндө меланоманы дарылоодо кесип алуу ыкмасынан тышкары химиотерапия (иммунотерапия, таргеттик терапия, вакцинотерапия жана башка), нур терапиясы да колдонулат. Аталган дарт менен онкологиялык ооруканада гана дарылануу керек. Табыптар айыктыра албайт.


Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 864, 23-29-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан