Австралиянын Квинсленд штатынын тургуну Келли Перрен 5 жаштагы кызынын сүрөтүн карап өмүрүнө коркунуч туудурган оорусу бар экенин байкаган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, аталган сүрөттөн кызынын сол көзүнүн карегинде кызыктай ак жалтыраган так бар экенин байкаган. “Мен такты карап эч нерсе түшүнбөй калдым. Башкаларга кызымды көрсөтсөм, “эч нерсе байкалган жок” деп жооп берип жатышты. Анан дароо дарыгерге алып бардым. Ал толук текшерип көргөндөн кийин ретинобластома (көздүн карегинин залалдуу шишиги) деген диагноз койду. Жыйынтыгында кызымдын сол көзүн алып салышты. Ата-энелер, балдарыңарга көңүл бургула”,- деп кеңешин айткан кыздын апасы.