ТҮРМӨДӨГҮ БАШ АЛАМАНДЫКТАН 32 АДАМ КАЗА БОЛДУ

Тажикстандын Вахдат шаарындагы колонияда 19-майдын кечинде тополоң чыгып, окуяда каза тапкандардын саны 32ге жетти. Анын 29у абакта кармалгандар, үчөө түрмө кызматкери. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жарыялашты.

Маалыматка таянсак, бычак жана башка учтуу куралдар менен куралданган тополоңчулар алгач түрмөнүн үч кызматкерин барымтага алып, мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Андан соң алар жазалоо изоляторунда отурган, «Ислам мамлекети» террордук уюмуна тиешеси бар сегиз кылмышкерди бошотушкан. Тополоң чыгаргандар абактагы медициналык бөлүмдү өрттөшкөн жана бир канча соттолуучуну барымтага алып, өздөрүн абактан бошотууну талап кылышкан. Тополоңду басуу операциясы учурунда 24 соттолуучу жок кылынып, “баш аламандыкка катышы бар” деген шек менен 35 адам кармалган. Ал эми барымтадагылар бошотулган.

koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 864, 23-29-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан