ЧАГЫЛГАН. КАНТИП КОРГОНУУ КЕРЕК?

Фактыларга таянсак, жер үстүнө ар бир 50 секунд сайын чагылган түшүп турат жана жыл сайын дүйнө жүзүндө 6000дей адам (айрым маалыматтарда 24 000) чагылган тийгенден көз жумат. Мына ушундай адам өмүрүнө коркунуч келтирген чагылгандан коргонуу тууралуу маалыматты сунуштайбыз.

ЧАГЫЛГАНГА МҮНӨЗДӨМӨ

Орточо узундугу – 2,5 чакырым

Чагылгандын электрдик ток күчү – 2000-300 000 ампер (үйдөгү розетка 10-16 ампер менен иштейт)

Температурасы – +300 000 градуска чейин жетет (күндүн таажысындагы температура +600 000-5 000 000 градус)

Ылдамдыгы – секундуна 100 000 чакырым (күндүн нурунун ылдамдыгы секундуна 300 000 чакырым)

Чагылгандын жаркыроосунун узактыгы – 0,001 секунд

Чагылгандын эльф, спрайт, жет, шар сымал түрлөрү бар. Чагылган эң көп түшкөн өлкө – Конго Демократиялык Республикасы.

ЧАГЫЛГАНДЫН КЕСЕПЕТИ

  • 2019-жылдын 5-майында Шереметьево аэропортунан Москва-Мурманск каттамы боюнча учкан учак абага көтөрүлгөндөн кийин чагылгандан улам кайра жерге конууга аргасыз болгон. Конордо жерге урунуп, өрт чыккан. Учактагы 78 адамдын 41и каза болгон. Учкуч Денис Евдокимовдун маалыматына караганда, чагылган тийгенден улам учактын айрым системдери иштен чыккан.
  • 2018-жылы 18-июлда Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кутургу айылына жакын жердеги Суран жайытындагы короого түндө чагылган түшүп, 44 кой, 12 эчки өлгөн.
  • 2016-жылы 16-июнда Жалал-Абад облусунун Суук-Дөбө жайлоосунда чагылгандын айынан 120 кой кырылган.
  • 2019-жылдын 19-майында Кадамжай районунун Чукур айылынын 39 жаштагы тургуну Ж.Ш. чагылган уруп каза болду. Маалыматтарга караганда, анын башына тийген чагылган жүрөгүн тешип чыгып кеткен. Окуя Шыбыран жайлоосунда болгон.


ЖААН УЧУРУНДА ЧАГЫЛГАНДАН САКТАНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ

Кокус автоунаада болуп калсаңыз

  • Токтоңуз жана күтө туруңуз (чагылган учурундагы өзгөрмө магниттик талаанын айынан автомобилдин жабдыктары иштен чыгып калуусу мүмкүн).


Кокус көчөдө болуп калсаңыз

  • Ачык жерде турбаңыз, дүкөн, подъездге жашыныңыз.
  • Темир тосмого жолобоңуз.
  • Көлчүк, көл, көлмөдөн жок дегенде 100 метр алыс болуңуз. Суу ичинде калууга, суу жээгиндеги дарак түбүнө жашынууга болбойт! Суу электр тогун жакшы өткөрөт. Чагылгандын электрдик ток күчү көлчүк, көл, көлмөнүн айланасында 100 метр радиуста таркайт.


Кокус велосипед, мотоциклде баратсаңыз

  • Велосипед, мотоциклди токтотуп, түшүп, алардан 30 метрдей алыстыкта болуңуз.


Кокус имарат ичинде болсоңуз

  • Эшик, терезе, вентиляция тешиктерин жабыңыз.
  • Терезени жаап, электр шаймандарын, телевизорду өчүрүңүз, нымдуу нерсеге, металл шаймандарга, үй телефонуна, суу түтүктөрүнө жолобоңуз. Аталгандарды чагылган көп урат. Чөнтөктөгү ачкычтар топтому да чагылганды тарта турганын унутпаңыз.


Кокус токойдо болуп калсаңыз

  • Бийик даракка жана ээн жердеги жалгыз даракка чагылган көп түшөт. Андай дарактарга жабышып турууга, түбүнө отурууга болбойт! Алардан 200 метрдей алыс болууга аракет кылыңыз!
  • Жапыз өскөн даракка же бадал түбүнө эки тизеңизди кучактап, башыңызды ичиңизге катып (түйүлдүк позасы) жашыныңыз. Эгер бадал жана жапыз дарак жок болсо, чуңкур жерге отуруңуз. Чуңкур да жок болсо тизеңизди бүгүп отуруңуз.
  • Чагылган көп түшчү дарактар эмен (54%), терек (24%), карагай (6-10%). Ал эми липа (2%), зараң дарагына(1%) аз түшөрүн биле жүрүңүз.
  • Басып жүрбөңүз, тик турбаңыз, бийикке чыкпаңыз. Чагылган тийүүсү мүмкүн.
  • От жакпаңыз (от чагылганды тартат).



АДАМГА ЧАГЫЛГАН ТИЙГЕНДЕГИ БЕЛГИЛЕР

Бишкектеги ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунун күйүк бөлүмүнүн башчысы Кандалаткан Сарбанова маалымдайт.

­– Чагылган адамды катуу же жеңил урушу мүмкүн.

Жалпы белгилери төмөнкүлөр:

  • Баштын кескин түрдө катуу оорушу
  • Көздүн караңгылашы, убактылуу укпай калуу
  • Акыл-эсти жоготуу, кулап түшүү
  • Чагылган тийген жерлердин күйүккө учурашы
  • Дем алуу жана жүрөк токтоп калышы мүмкүн
  • Дененин, кол-бут калтырап-титирөөсү ыктымал
  • Денеде токтун кирген жана чыккан жерлеринин издери байкалат
  • Каза болгон адамдын денесинде ачык күлгүн же кызыл сызыктар билинет (1-2 суткага чейин сакталат), бул чагылган тийгенде капиллярдык кан тамырлардын кеңейип кетиши. Сызыктарды манжа менен басып көргөндө билинбей калат.


БИРИНЧИ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ

  • Адамды кургак жерге чалкасынан жаткызуу
  • Кийиминин эң үстүңкү топчуларын, курун чечүү
  • Муздак сууну көкүрөгүнө чачуу
  • Жүрөгү токтоп калса, жүрөгүнө массаж жасап, ооз менен дем алдырып, эсине келтирүүгө далалат кылуу
  • Эгер колдо болсо нашатырь спиртин жыттатуу
  • Күйгөн жерлерине суу чачып, анан арак, спирт менен тазалап, бинт же таза мата менен таңуу
  • “Тез жардамды” чакыруу же ооруканага машинада жаткырган абалда тезинен алып баруу


ЖЕРГЕ КӨМҮҮГӨ БОЛБОЙТ!

Айрымдар чагылган урган адамдын дем алуусу билинсе да, билинбесе да жерге көмүп койсо аман калат деп туура эмес ойлошот. Өлгөн адам тирилбейт. Эгер дем алганы билинип жатса жана аны көмүп койсо, анын абалы ого бетер оорлойт. Көкүрөгүн топурак басып калгандан адамдын дем алуусу кыйындайт. Денеси муздап, кан айлануу начарлайт. Андыктан жерге көмүп койгондордун чанда бири гана аман калат.

Биздин бөлүмгө 5-6 жылда чагылган тийген 1 гана адам түшөт. Негизи чагылган урган адамдар аз, айрымдары каза болуп калса, аман калгандар жергиликтүү ооруканага кайрылышат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
jalgyzym...
2019-05-27 12:17:38
Жакшы маалымат экен рахмат
0
-Sumitra-
2019-05-28 18:23:16
Кудай сактасын!
0
originalkgz96
2019-06-02 13:09:53
Муну окуган кээ бироо жамгыр жааганда эшикке чыкпай калат ко()))))))))
0
№ 864, 23-29-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан