ТУРИЗМ-2019. ӨЛКӨ КАНЧАЛЫК ДАЯР?

Жылдан-жылга Кыргыз өлкөсүнө кызыккан туристтердин саны өсүүдө. Меймандостугу менен таанылган өлкө болгонубуз менен, конокторду тосуудагы тейлөө оңолбой туристтердин коопсуздугу корголбой калган учур көп. Быйылкы жайкы туристтик сезон 18-майда расмий ачылды. Кыргыз өлкөсүндө туристтик сезонго даярдык кандай?

ТУРИСТТЕРДИН САНЫ 15 ПАЙЫЗГА ӨСӨТ

Өлкө туризм тармагын өнүктүрүүгө потенциалы бар мамлекет болуп саналып келгени менен, 2018-жылы бул тармак ИДПнын 4,9 пайызын гана түзгөн. Туристтик ишмердүүлүктөн салык катары бюджетке түшкөн каражат
110 миллион сомдон ашат. Туризм департаменти 2019-жылы өлкөбүзгө келген туристтердин саны бир кыйла өсөт деген жоромол айтууда.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын таасири, ошондой эле эко-туризмдин популярдуулугу артканынан улам өлкөбүзгө кызыккандардын саны өсүүдө”,- дейт “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Данияр Казаков.

2018-жылы өлкөгө 6 миллион 946 миңден ашык адам кирсе, Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, алардын 1,4 миллиону турист болгон.

Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулунун айтымында, быйылкы жылы аталган көрсөткүч 15 пайызга өсүп, өлкөгө кирген чет элдик жарандардын саны 7,6 миллионго чейин жетет. Алардын жарымы (3 миллионго жакын) туристтер болушу күтүлүүдө.

5 МИҢ ДОЛЛАРЛЫК ТУРИСТТИК УРААН

Быйылкы жылга өлкөнүн туристтик урааны тандалып, ачык сынактан 6 миңден ашык сунуштардан “Кыргызстан – чексиз уникалдуу” деген ураан жеңүүчү табылды. Анын автору Ажар Сатыбалдиева аттуу студент кызга сыйлык катары 5 миң доллар тапшырылды. Бул ураанды колдогондор да, сын айткандар да табылды. Буга чейин эгемендүүлүк алгандан тарта “Кыргыз өлкөсү – экинчи Швейцария”, “Кыргызстан Санта-клаустун мекени”, “Уникалдуу Кыргызстан”, “Кыргызстан – асман тиреген тоолор өлкөсү” сыяктуу ураандар айтылганы менен, терең жайылып кеткен жок.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу өлкө боюнча негизги туристтик багыттарга жол көрсөткүчтөрдү орнотууга элден акча чогултууну (краудфандинг) жарыялады. Анын максаты 10 миллион сом чогултуп, 200дөн ашык туристтик көрсөткүчтөрдү өлкө боюнча орнотуу деп билдирди.

“Чогулган акчага көрсөткүчтөр даярдалып, орнотуу иштери жүргүзүлөт. Акча чогултуу май айынан сентябрга чейин жүрөт. Бардыгы ачык-айкын болот”,- дейт ал.

ЭЛ АРАЛЫК БАСЫЛМАЛАРДЫН РЕЙТИНГИНДЕ

Туризм тармагындагы жагымдуу жаңылыктардын бири, эл аралык басылмалар Кыргыз өлкөсүн баса белгилеп жаткандыгы. Алсак, өткөн жылдын соңунда “Forbes” журналы жаратылыш коюнунда эс алуу үчүн мыкты өлкөлөр тизмесинде Кыргыз өлкөсүн алдыңкы үчилтикке киргизген. Бул тизме саякатчылардын өздөрүнүн айтып бергени менен түзүлгөн.

“Lonely Planet” эл аралык басылмасы 2019-жылы саякаттоого сунуштала турган алдыңкы он өлкөнүн тизмесин түзгөн. Бул тизмеде биздин өлкө 5-сапка жазылган.

Дагы бир абройлуу басылма – Англиянын гезити “The Guardian” Кыргыз Республикасын “2019-жылы өргүү учурунда саякаттай турган болсоңуз, ушул өлкөгө барыңыз. Жаратылышында адам буту баса элек жайлары көп Борбор Азиядагы өлкө” деп жазган.

45 ӨЛКӨГӨ ВИЗАСЫЗ РЕЖИМ

2012-жылы Кыргыз өлкөсү туризмди өнүктүрүү үчүн 45 өлкөгө визасыз режим мыйзамы иштеп баштаган. Аталган 45 өлкөнүн жарандары 60 күнгө чейин визасыз Кыргыз өлкөсүндө жүрө алышат. Үстүбүздөгү жылы Жогорку Кеңеш бул мыйзамдын убактысын 2025-жылга чейин узартууну жана тизмеге дагы 7 өлкөнү кошуу боюнча толуктоолорду кабыл алды.

Муну менен катар өлкөдө үстүбүздөгү жылдан тарта туристтик милиция иштеп баштады. Ички иштер министрлиги билдиргендей, туристтик милиция Туризм департаменти менен тыгыз иштешип, туристтердин коопсуздугун камсыздоо үчүн иш алып барат. Туристтик милицияда иштегендер англис, италия, француз жана түрк тилдеринде сүйлөй алышат.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 864, 23-29-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан