Коомчулукта Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алманбетованын парламент депутаты Махабат Мавлянованы популисттик демилгеси үчүн сөккөнү талкууга түштү. Окуя депутаттын интернет баракчасына жазган постунан улам тутанды. Мавлянова өз постунда келиндерди үйлөнүү той күнү төшү жана далысы ачык, денеге чыпташып турган көйнөктөрдү кийбөөгө чакырган. Буга жооп кылып Алманбетова “пошла на*уй” деген пост жарыялады. Бул посттор талкууга түшүп, мэрдин кеңешчисин айыптаган, Мавлянованы сындаган билдирүүлөр жазылды. Мындан кийин Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев кеңешчи Алманбетованын жоругу үчүн элден кечирим сурады. Ал эми Мавлянова мэрдин кеңешчисин жоопко тарттыруу ою жок экенин айтып, “ал эмоцияга алдырып койду” деди.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg