«ГИННЕСC» КИТЕБИ КАНТИП ПАЙДА БОЛГОН?

Көрсө...

1951-жылы Ирландиянын «Гиннесc» сыра кайнатуучу заводунун директору Хью Бивер досу менен ууга чыгат. Жолдон экөө “Европада кайсы канаттуу ылдам учат, алтын сымал сарыбы же шотландия каракурубу?” деп талаша кетишет. Ал кезде мындай суроолорго жооп табуучу сурап алма маалымат булагы жок болчу. Бирок так жообу табыла бербеген суроолор, талаш-тартыштар Англия пабдарында (сыра ичүүчү жай) дайыма болуп турчу. Ушундан улам сэр Хьюнун башына сурап алма түзүү идеясы келет. Ал бул ишти маалымат агенттигинин ээлери – эгиздер Норрис жана Росс Макуиртерлерге тапшырат.
1954-жылы августта алар 1000 нускада сурап алманын алгачкы вариантын чыгарышып, элге бекер таратышат. Кийинки жылы 197 барактан турган варианты жарык көрүп, сатыкка коюлат. 1856-жылы сурап алма
70 000 нускада тарап, атактуулукка ээ болот. Ошентип, сурап алма улам көп нускада жарык көрүп отурат.
1975-жылы Росс террористтин колунан ажал табат. Ушундан улам басылманы 1995-жылга чейин анын түгөйү Норрис башкарып калат.
1954-жылы басылма алгачкы ирет «Гиннесстин рекорддор китебин» жарыкка чыгарат. Китеп сэр Хью иштеген «Гиннесс» сыра кайнатуучу заводдун атынан аталат. Кийин Норрис китепти чыгаруу укугун башкага сатып жиберет. Ошентип, китептин кожоюндары бир нече ирет жаңыланат. 1995-жылдан тарта китеп өзгөрүлүп, сүрөттүү альбом катары чыга баштайт.
Акыры китеп 24 тилде басылып, 100 өлкөгө тарап, жалпы нускасы 100 миллионду түзгөн учуру келет.
Учурда китеп нускасы жагынан дүйнөдө 1-орунда турган коммерциялык басылма.


«КАЙФ» БИЗГЕ КАЙДАН КЕЛГЕН?

Бул сөз арабдардын «кэф» – «бош отургандагы жагымдуу убакыт» дегенинен келип чыгып, дүйнөгө «кайф» деген аталышта тараган. Орусияга бул сөз XIX кылымдын башында келип жетип, пассивдүү эс алуунун түрлөрүнө карата колдонула баштаган. Мисалы, тамеки чегип, чай же шарап ичип отуруп кыялга баткан убактарга карата. Ал эми Кыргызстанга Орусиядан келип жеткендиги айтпасак да белгилүү.
Октябрь революциясынан кийин бул сөздү колдонууга тыюу салынып, бара-бара эскирген сөз катары колдонула баштаган.
«Кэфтин» кайра жаралуусу 1957-жылы Москвада өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттердин фестивалына таандык. Бул кезде чет элдик сөздөрдү кошуп сүйлөө мода эле. Андыктан «кайф» сөзү «жынсы», «рок-н-ролл» менен катар полулярдуу болуп кеткен. Учурда бул сөз жаргон катары кабыл алынат.


ЧИРКЕЙ ЭМНЕ ҮЧҮН КАН СОРОТ?

«Кан диетасынын» арты менен чиркейлердин ургаачысы өмүрүндө бир нече ирет жумуртка таштоого жетишет. Мисалы, калтыратма оорусун пайда кылуучу чиркей жашоосунда 12 ирет жумурткалайт. Чиркейлер аз жашагандыктан, (аз жашаганы 2-3 апта, узак өмүр сүргөнү 1 жыл) 12 жолу жумурткалоо жогорку көрсөткүч. Айта кетчү нерсе, канды чиркейлердин ургаачылары гана сорот. Анткени кан баалуу заттарга, өзгөчө белокко бай. Бул болсо аларга көп энергия тартуулап, гормондорун иштетип, жумуртка таштоого жеткирет. Эркек чиркейлер өсүмдүктөрдүн чаңчаларын соруп, ошондон энергия алышат. Кокус соргонго кан табылбай калса, ургаачы чиркейлер да чаңчалар менен жан багууга өтүшөт. Бирок жумурткалай албай калышат.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 403, 23-29-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан