Учурда 66 жаштагы Си Цзиньпин – Кытай Элдик Республикасынын төрагасы, “Forbes” журналынын бүтүмү боюнча 2018-жылдын эң таасирдүү инсаны. Кытай жарандары аны “кытай элинин атасы“ дешет. Гезитибиздин бул санында дүйнөлүк лидерлердин бири болгон ушул инсан тууралуу кеп кылмакчыбыз.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1953-жыл, 15-июнь
Туулган жери – Бээжин шаары
Билими – Жогорку. Бээжин шаарындагы Цинхуа университетинин бүтүрүүчүсү. Юридикалык илимдеринин доктору
Жубайы – Белгилүү кытай ырчысы Пэн Лиюань
Кызы – Си Минцзе 2014-жылы Гарвард университетин аяктаган
7 ЖЫЛДЫК КЫЙЫНЧЫЛЫК
Си Цзиньпин 1953-жылы 15-июнда Бээжин шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Си Чжунсун көрүнүктүү саясий ишмер болуп жогорку кызматтарды аркалаган. Бирок 1962-жылы бийлик Си Цзиньпиндин атасын партияга чыккынчылык кылды деген жалаа менен мамлекеттик кызматтан бошотуп, Бээжинден кууп чыгат. 1966-жылы Си Чжунсун камакка алынат. Бул окуя анын баласына да таасирин тийгизип, Си Цзиньпин Кытайдагы эң жакыр провинциялардын бири Шэньсиге “эмгек аркылуу кайра тарбиялоого” жөнөтүлөт. Келечектеги Кытай лидери ал жакта 7 жылдык өмүрүн өткөрөт. Буга чейин катаал жашоону башынан өткөрбөгөн Си электр жарыгы жок үңкүрдө жашап калат. Мындай шарттагы жашоо ага чоң сыноо болгонун кийин өз сөзүндө белгилейт.
Ачкалыктан жабыр тарткан күндөр, сууктан үшүп тоңгон түндөр, азык-түлүк жок кезде жапайы өсүмдүктөрдү жеген учурлар жаш жигитти чыңдап, анын мүнөзүн курчутат. Дал ушул 7 жыл аралыгында келечектин лидери жөнөкөй калктын жашоосун аңдап билет.
САЯСАТТАГЫ ИЙГИЛИК ЖОЛУ
1974-жылы Си Цзиньпин Коммунисттик партиянын катарына кошулат. 1975-жылы ал беделдүү делген Бээжин университетинин химия-технология факультетине тапшырып, 1979-жылы ийгиликтүү аяктайт.
1982-жылы Си Цзиньпин өлкөнүн Коргоо министрлигинин катчысы болуп дайындалат. Кийинки жылдары ал ар түрдүү кызматтарды аркалап, 2000-жылы Фуцзянь провинциясына губернаторлукка шайланат.
2008-жылы Кытай Элдик Республикасынын төрагасынын орун басары кызматына дайындалат. Ал ар бир кызматында жигердүү эмгектенип, коррупция менен күрөшө билген, инвесторлорду тарта алган мамлекеттик ишмер катары эл ичинде таанылат. Үзүрлүү эмгегинин натыйжасында 2012-жылдын 15-ноябрында коммунисттик партиянын XVIII съездинде Си Цзиньпин партиянын төрагасы болуп шайланат. Ал эми 2013-жылдын 14-мартында Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык чогулушунда Си Цзиньпин Кытай Элдик Республикасынын төрагасы болуп шайланат.
“КЫТАЙ КЫЯЛЫ”
“Кытай кыялы” – бул өлкөнүн учурдагы саясий жана социалдык программасы, ошондой эле Кытай Элдик Республикасынын негизги урааны. Алгачкы ирет бул ураанды 2012-жылдын ноябрь айында Си Цзиньпин жарыялаган. Өлкө лидери Кытайдын кыялы – Улуу Кытай өлкөсүнүн кайра жаралуусу деген ойду айткан. Си Цзиньпин алдыга койгон максаттарына ылайык, Кытай 2021-жылга чейин жалпы өнүгүүгө жетип, ал эми 2049-жылы (Эгемендүү Кытай өлкөсүнүн 100 жылдыгы) дүйнөдөгү алдыңкы мамлекетке айланышы керек.
Си Цзиньпиндин бийликке келиши менен Кытайда коррупцияга каршы күрөшүү кампаниясы жогорку деңгээлге чыкты. Коррупция иштерине аралашкан жөнөкөй жарандар гана эмес, жогорку кызматтарда отурган адамдар дагы катуу жазаларды алышууда. 2018-жылы 621 миң адамга “коррупция” беренеси менен кылмыш иши ачылган.
ТЫШКЫ САЯСАТЫ: “БИР АЛКАК – БИР ЖОЛ”
Си Цзиньпиндин келиши менен Кытайдын тышкы саясатында жакшы жылыштар болду. Дүйнөлүк маселелерди чечүүдө Кытай эми негизги ролду ойноого даяр экендигин көрсөттү. Кытай лидери бир кездеги лидер Дэн Сяопиндин “таогуан янхуэй” (мүмкүнчүлүктөрүңдү жашырып, көлөкөдө жашынуу) деген тышкы саясаттагы принцибин четке кагып, жаңы жолду тандады. Анын дүйнөлүк масштабдагы саясий демилгелери буга далил болууда. Кытай глобалдык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун сунуштоо менен өзүнүн көз карашын дүйнө коомчулугуна жеткирүүгө аракет кылууда.
Си Цзиньпин бийликке келгенде Кытайдын дүйнөдөгү ролун жогорулатууну максат кылган. 2013-жылы ал "Бир алкак – бир жол" долбоорун жарыялады. Аталган долбоор аркылуу Кытай Азия, Африка, Европа жана башка аймактарды байланыштырып, соода-экономикалык мамилелерди жакшыртуу, биргеликте, тынчтыкта өнүгүү жолун сунуштап чыкты. Кытай бул долбоору менен эркин сооданы, транспорттук байланыштарды, каржылык интеграцияны, маданий-билим берүү кызматташтыгын өнүктүрүүнү максат кылууда. Максатты ишке ашыруу үчүн Кытай бир триллион доллардан ашуун инвестицияларды жасаары күтүлүүдө.
“Бир алкак – бир жол” форуму алгачкы ирет 2017-жылдын 14-15-май күндөрү Бээжинде өткөн. Ага 29 өлкөнүн башчылары катышкан. Ал эми 2019-жылдын 25-апрелинде бул долбоордун 2-форуму өтүп, 150 мамлекеттин өкүлдөрү, анын ичинде 37 өлкөнүн башчысы катышты.
2019-жылдын апрель айына карата аталган долбоордун алкагында Кытай 126 мамлекет жана 29 эл аралык уюмдар менен кызматташтык келишимдерди түздү.
Айрым серепчилер Кытай мындай аракети менен геосаясий жана стратегиялык таасирин кеңейтип жатканын белгилеп жатышат. Ал эми Кытай бул долбоор "геостратегия" эмес, тескерисинче, дүйнөдөгү мамлекеттерди бириктире турган, бирдикте өнүктүрө турган долбоор экенин айтууда.
КЫРГЫЗ-КЫТАЙ АЛАКАСЫ
Си Цзиньпиндин бийликке келиши менен Кыргыз-Кытай мамилеси жаңы тепкичке көтөрүлдү. Кытайдын жардамы менен Кыргыз өлкөсүндө бир нече ири долбоорлор ишке ашты. Учурда Кытай Кыргызстанга ири долбоорлор үчүн насыя берген негизги өлкө. 2018-жылдын декабрына карата Кытайдан келген кредит 1 миллиард 719,38 миллион долларды түзгөн. Бул өлкөдөн келген кредиттердин эсебинен өлкөдө негизги жолдор салынып, оңдолуп, түндүк менен түштүктү байланыштыруучу альтернативдик жол курулуп жатат. Мындан тышкары Бишкек ЖЭБи жаңыланып, бир катар социалдык жана экономикалык долбоорлор ишке ашты.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2017-жылы Кытай кыргызстандык 574 ишканага инвестиция салган. 2013-жылдан 2017-жылга чейин Кытайдан түз келген инвестиция 1768,6 миллион долларды түздү.
Эки өлкө "Бир алкак – бир жол" долбоорунун алкагында кыргыз-кытай кызматташтыгын соода жана инфраструктуралык жактан дагы күчөтүү максатын көздөйт. Кытай миллиарддаган инвестицияны Борбор Азия аркылуу Иран, Орусия, Кавказ, Түркия, Европа менен байланыштыра турган темир жол жана автожолдорду курууга жумшап жатат. Учурда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул темир жол жүктөрдү Чыгыш Европа жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине жеткире турган кыска жол болмокчу. Темир жол Кытайды Борбор Азия аркылуу Иран, Орусия, Кавказ, Түркия жана Европа менен байланыштырат. Натыйжада Кыргыз өлкөсүнө да деңизге чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Темир жолдун ишке кириши менен жогорку технологиялык логистикалык борборлор курулса, ал иштер дагы өлкөгө өз пайдасын тийгизет.
Эгерде долбоор көздөгөн максатына жетсе, жылына Кыргыз Республикасы аркылуу 15-20 миллион тоннага чейин жүк ташылары айтылып келет. Кытайдан бизге, андан ары Казакстан, Өзбекстан, Иран, Европага чейин жүктөр кетип турат.
Аталган темир жол курулса төмөнкүдөй пайдалар күтүлөт:
Кыргыз темир жолу мамлекеттик ишканасынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аталган темир жолдун Кыргызстандагы бөлүгүнүн техника-экономикалык негиздемеси иштелип чыкты. Кыргыз тараптын кызыкчылыгын эске алган эң оптималдуу маршрут үч тараптуу кыргыз-кытай-өзбек эксперттик тобу аркылуу талкууланып жатат.
СПОРТ МЕНЕН КИТЕПКЕ ЖАКЫН СИ ЦЗИНЬПИН
Си Цзиньпин спортко абдан жакын адам. Ал сууда сүзгөндү, футбол ойногонду жактырат. Ошондой эле китеп окуу анын негизги хоббиси экени айтылып келет. Кези келгенде өзү дагы китеп жазат. 2013-жылы анын “Си Цзиньпин мамлекеттик башкаруу тууралуу” аталышындагы китеби жарык көргөн. Анда автор ар тараптуу реформаларды баяндап, аларды ишке ашыруу үчүн 330га жакын иш-чараларды жүргүзүү керектигин жазат. Алардын ичинде коррупция менен күрөшүү жана сот системин жакшыртуу багыттарына көбүрөөк көңүл бурулган.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg