“МАНЧЕСТЕР СИТИ” АНГЛИЯДА БАРДЫК МЕЛДЕШТЕ ЖЕҢҮҮЧҮ БОЛДУ

Пеп Гвардиола машыктырган “Манчестер Сити” Англиядагы бардык атаандаштарын тизе бүктүрдү. Анын командасы Англияда бул сезондо кандай мелдешке катышпасын жеңүүчү аталды.

Алгач үстүбүздөгү жылдын февраль айында Англия футболдук лигасын жеңсе, май айында чемпиондукту камсыздады. Ошондой эле 19-майда Англия Кубогунун финалы орун алып, анда “шаардыктар” “Уотфордду” 6:0 эсебинде жеңип алышты.

Сезондун башында Англия суперкубокту жеңгенин эске алсак, “Манчестер Сити” бул сезондогу бардык кубокко ээ боло алышты. Бирок “шаардыктар” Чемпиондор Лигасында “Тоттенхэмге” утулуп калып, чейрек финалдан ары өтө алган жок.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 864, 23-29-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан