Кыргыз Премьер-Лигасынын алкагында 19-майда 7-турдук оюндар болуп өттү. Анда Бишкекте учурдагы чемпион “Дордой” Оштун “Алай” командасын кабыл алды. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн оюн күйөрмандардын купулуна толду. 90 мүнөт ичинде командалар 7 гол киргизгенге жетишти.
Оюн жүрүшүндө башкы калыс Тимур Файзулин 3 жолу “Алай” командасынын дарбазасына пенальти койду. Анын экөөсүн “дордойчулар” киргизишсе, бирөөсүн Землянухин жаза басты. “Алай” буга 4 голу менен жооп берип, 4:3 эсебинде жеңишке жетише алды. Муну менен “Алай” 7 оюнда 16 упай топтоп, турнирдик жадыбалда 1-орунга көтөрүлдү.
Калган оюндарда “Абдыш-Ата” конокто “Нефтчини” 2:0 эсебинде жеңсе, “Илбирс” “Алганы” 2:1 эсебинде утуп алды. “Кара-Балта” өз үйүндө “Лидерди” 1:0 эсебинде жеңип, сезондогу алгачкы жеңишине ээ болду.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg