КЫРГЫЗ КАСКАДЁРЛОРУ КАЗАК ТАСМАСЫНДА

Актёр, каскадёр, вайнер Шумкар Бейшеналиев былтыр казактардын тарыхый киносуна тартылган. Ошол тасма жакында элге тартууланганы турат. Казактардын тарыхын чагылдырган тасма кантип тартылганы тууралуу Шумкар төмөнкүлөргө токтолду.

– Былтыр июнь айында Кыргыз өлкөсүнөн 15ке жакын каскадёр Казакстанга барып, "Томирис" аттуу тарыхый тасмага каскадёр катары тартылып келдик. Тартуу учурунда күндүн ысыгынан талаадагы чөптөр өрттөнүп, аттарды минип качканга аргасыз болгонбуз. Жалпысынан тартуу аянтындагы чыгармачыл топто 500гө жакын адам болду,- дейт Шумкар.

Тасмага казакстандык айтылуу "Рекетир" тасмасынын режиссёру Акан Сатаев режиссёрлук кылып, атактуу казак актёрлору Мурат Бисембин, Асылхан Толепов роль жаратышкан.

Белгилей кетсек, Асылхан Толепов “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “2018-жылдын супер актёру” наамына татыган.


"Асылхан Толепов «Көк бөрү» тасмасы аркылуу кыргыз элине таанылган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 864, 23-29-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан